Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:06

10-июнда Жогорку Кеңеш акыйкатчынын жылдык баяндамасын жактырбай койгон. Ага чейин парламенттин комитети ушундай эле мазмундагы чечим кабыл алган эле. Акыйкатчынын айланасында түзүлгөн кырдаал кандай өнүгөт?

Жогорку Кеңеште акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин 2014-жылдагы адам укуктарынын абалы боюнча жылдык баяндамасын жактырбай коюу атмосферасы баяндама башталганга чейин эле байкалган. Ага Адам укуктары, мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук комитетинин баяндаманы жактырбоо чечими шарт түзгөн.

Ошондуктан акыйкатчы парламент комитеттин чечимин колдоп, жылдык баяндамага жүйөсүз баа берүүгө даяр турган болсо, анда өз ыктыяры менен кызматтан кетүүгө даярдыгын билдирди. Бирок төрага Асылбек Жээнбеков акыйкатчынын баяндамасына комитеттеги беш-алты депутат эмес, жалпы парламент баа берерин эскертип, баяндамага киришүүнү сунуштады:

- Адегенде баяндама жасабайсызбы. Сизди комитет уккан. Комитет чечим чыгарган. Бул жерде Жогорку Кеңеш отурат. Баяндама Жогорку Кеңешке болуш керек. Кечээ алты-жети киши уккан. Бүгүн 86 депутат каттоодон өтүп турат, ошолор угушу керек.

Акыйкатчы баяндамасында Кыргызстанда системалык түрдө адам укуктары бузулган көрүнүштөргө токтолгонун жана аларды четтетүү боюнча сунуштар камтылганын билдирди.

Мурас-Ордо жаңы конушу

Мурас-Ордо жаңы конушу

Бакыт Аманбаев Бишкектин жаңы конуштарында билим алууга, ден соолукка, таза сууга болгон укуктар массалык түрдө бузулуп жатканын айтып, мисал катары Ак-Жар жаңы конушундагы абалга токтолду:

- Бишкектеги Ак-Жар жаңы конушунда бүгүнкү күндө 14 миң адам жашайт. Ал жерде бир да мектеп жок. Алардын ден соолукка болгон укуктары да одоно түрдө бузулуп келатат. 14 миң адам жашаган жерде бир поликлиника жок. Алтын-Казык, Калыс-Ордо конуштары 50 гектар аянтта чачылып жаткан шаардык таштандынын жанында жайгашкан.

Акыйкатчы медициналык жардам алууда жана убактылуу тергөө абактарында ондогон адамдардын укуктары бузулуп жатканына токтолду. Кырдаалды өзгөртүү үчүн тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

Бирок акыйкатчынын баяндамасы бийликтеги фракциялардын депутаттарына жага бербеди. Алар баяндамада укук бузган конкреттүү чиновниктердин ысмы аталган эмес деп сындашты. Маселен, депутат Элмира Жумалиева:

- Үстүртөдөн гана каралып, бир-эки мисалды келтирген иштерди көрө алдым. Сиз жакшы билесиз, сизди Жогорку Кеңеш шайлаган. Жалал-Абадда болгон окуяда “Жогорку Кеңеш кетсин” деп кыйкырып жатышты. Сиз ошол жерде биздин укукту коргоп койгонго жараган жоксуз.

Мына ушундай мааниде депутаттар Галина Скрипкина, Мамытбай Салымбеков жана башкалар сүйлөштү.

Равшан Жээнбеков

Равшан Жээнбеков

Акыйкатчынын баяндамасына жогору баа берген депутаттар да болду. Алардын арасында Бөдөш Мамырова, Курманбек Дыйканбаев, Улукбек Кочкоров жана башка депутаттар болду. Оппозициялык саясатчы, депутат Равшан Жээнбеков акыйкатчыны кызматтан кетирүү боюнча уюшулган иш жүрүп жатканын билдирди:

- Сиз бийлик болобу, оппозиция болобу, эч кимисине карабастан өзүңөрдүн институт катары адам укугун, демократия коргоодо аябай чоң эмгек жасадыңар. Бирок, тилеке каршы, биздин мамлекетте түз иштеген адам эч качан бааланбайт. Азыр парламентте сизди кетирүү боюнча ар бир жерде топ-топ болуп, бийликчил депутаттар операцияларын жүргүзүп жатат. Экинчиден, комитеттин чыгарган чечими субъективдүү, саясий буйрутманы аткарган чечим болуп эсептелет.

Мына ушундай талкуу жана талаш-тартыштардан кийин добуш берүү болуп, анда акыйкатчынын баяндамасы жактырылбасын деген депутаттар 69 болуп, жактырылсын дегендер 25 болуп калды.

Жалал-Абадда болгон окуяда “Жогорку Кеңеш кетсин” деп кыйкырып жатышты. Сиз ошол жерде биздин укукту коргоп койгонго жараган жоксуз.

Эми акыйкатчынын баяндамасы боюнча Жогорку Кеңештин атайын комиссиясы түзүлүп, ал баяндаманы иликтеп чыгууга тийиш. Бул иштердин жол-жобосу жана мөөнөттөрү тууралуу Жогорку Кеңештин Адам укуктары, мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук комитетинин төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов буларды билдирди:

- Комиссия баяндаманын оң-терс жактарын изилдеп чыгып, бир ай ичинде парламентке өз корутундусун алып чыгышы керек. Корутундуга комиссия мүчөлөрүнүн үчтөн экиси кол койсо гана чыгарылат.

Корутунду парламенттин кароосуна чыгарылса, анда депутаттар көпчүлүк добуш менен маселени чечет. Азырынча депутаттык комиссия түзүлө элек. Ал иш бул жумада болбосо, келерки жумада аткарылары күтүлүүдө.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG