Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:17

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке кирбей калган саясий партиялар коомдук негиздеги атаандаш парламент жана өкмөт түзүштү.

Талдоочулардын айрымдары мындай жөрөлгө бийлик менен оппозициянын саясий атаандаштыгын маданияттуу жолго бурат дешсе, айрымдары анын мыйзамсыздыгы боюнча маселени көтөрүштү.

Жогорку Кеңешке шайлоодо беш пайыздык босогодон өтпөй калган саясий партиялардын коомдук конгресси атаандаш парламент катары эл өкүлдөр жыйынын жана көлөкөдөгү өкмөттү түздү. Оппозициялык өкмөттү башкарууга “Акыйкат” партиясынын жетекчиси Аликбек Жекшенкулов жана эл өкүлдөр жыйынынын төрагалыгына Муктар Өмүракунов шайланышты.

Жаңы саясий саамалык

Муктар Өмүракунов эл өкүлдөр жыйыны расмий парламент менен атаандаштыкта иш алып бара тургандыгын белгиледи:

- Негизги эле милдетибиз мамлекеттин өнүгүшү боюнча, өкмөттүн иш-аракеттери багытында өзүбүздүн сунуштарды жана сын-пикирлерди берип турабыз. Ошондой эле альтернативалуу мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып парламентке сунуштайбыз. Өкмөттүн программасына атаандаш экономикалык программалар менен чыгабыз. Буга чейинки оппозициялык күчтөр жөн эле куру кыйкырык менен алектенишчү. Биз ошолордон айырмаланып сындап да, конкреттүү сунуштарды берип да турмакчыбыз.

Оппозициялык күчтөрдүн расмий бийликке атаандаш парламент жана өкмөт түзүү тажрыйбасы Батыш Европа мамлекеттерине таандык.

Мында атаандаш шартта мыйзам долбоорлору жана экономикалык программалар иштелип чыгып аны жүзөгө ашыруунун жолдору коомчулукка сунушталып турат. Ошондой эле улуттук кирешени бөлүштүрүүдө көзөмөлдү күчөтүү шарттары көрсөтүлгөн.

Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясынан депутат Анвар Артыков бул саясий саамалык парламенттик оппозициянын өкүлдөрү тарабынан колдоо таба тургандыгына токтолду:

- Биз парламентке өткөн беш партиянын топтогон добушу шайлоочулардын отуз алты пайызын гана түзөт экен. Калган добуштарды ошол беш пайыздык босогодон өтпөй калган партиялар алышкан. Мындай абалда биз аларды "шайлоодон жеңилип калдыңар, эми четте тургула" дебестен саясий турмушка аралаштырышыбыз керек. Себеби алар үчүн добуш берген шайлоочулардын үлүшү дагы үстөмдүк кылып турат. Экинчи жагынан саясий атаандаштык өнүгөт.

Ошол эле учурда мамлекеттик бийликтин коомдук негиздеги альтернативалуу органдарын түзүүгө каршы чыккандар да аз эмес. Анткени 2005-жылы марттагы жана 2010-жылы апрелдеги толкундоолордун алдында элдик кеңештердин түзүлүшү бийликтин алмашышын шарттагандыгы мисалга алынып келет.

Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынан депутат Нурбек Алимбеков атаандаш парламент жана өкмөт түзүү демилгесинин артында бийликке каршы багытталган саясий оюндар жатышы мүмкүн деп кооптонот:

- Мындай аракеттердин чыныгы максатын билүү аябагандай эле татаал. Мына азыр да коомчулукта "жазда мындай болот экен, андай болот экен" дегендей ушактар жүрүп жатат. Мына ошондой шартта саясий турмушту кызытып, өкмөт менен парламенттин ар бир кемчилигин төөдөй көрсөтүп, коомчулуктун көңүлүн бурууга аракеттер болушу мүмкүн. Муну саясий туруксуздукка түртүүгө негиз издей турган, бийликке каршы багытталган иш-аракет катары баалоого болот. Ушул мамлекеттин өнүгүүсүнө четте турбай, реалдуу үлүшүн кошойун деген күчтөр болсо, анда алар расмий түрдө каттоодон өтүп, жоболорун ачык жарыялаш керек. Антпесе бизде саясатчылардын көбү ар кандай кыймыл уюштура коюшуп, бийликти кандай гана жол менен барып басып алсам болот дегенди максат кылып калышпабыды.

Бийликке келүүнүн жолдору

Анткен менен аталган демилгени ишке ашыруучулар муну жаңы саясий маданиятты калыптандырууга карата багытталган кадам катары эсептешет. Ошол эле учурда көлөкөдөгү министрлер кабинетинин башчысы Аликбек Жекшенкулов расмий бийликке келүүгө жасалган аракет экендигин жокко чыгарбайт:

- Ар бир тармак боюнча сунушталган биздин адистер жоопкерчилик алган багыты боюнча альтернативалуу министрлер болуп саналышат. Алар өздөрүнүн тармактары боюнча расмий бийликтин кантип иштеп жаткандыгын иликтеп, кемчиликтерин көзгө сайып көргөзүп турушат. Бул Англиядагы саясий өнүгүү модели боюнча. Эми бардык нерсе өлкөдөгү абалга жараша болот. Бийликтегилер бизди укпай, коррупцияга кирип кетишсе, кылмышка аралашса же башка бир туура эмес кемчиликтерди кетиришсе, шайлоолорду бурмалашса анда биз экинчи варианттагы жолдорду колдонууга аргасыз болобуз.

Коомдук конгресске парламенттик шайлоодо беш пайыздык босогодон өтпөй калган жыйырмага чукул партиядан сырткары коомдук уюмдар жана бирикмелер киришкен. Шайлоодо жеңилүү ызасын тартышкан “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ак-Шумкар” партиялары аталган демилгеге кошулган эмес.

Мындай саясий салт КМШ өлкөлөрүнүн ичинде биринчи жолу Кыргызстанда ишке киришкени турат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG