Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:18

"Ата-Журт" кандай оппозиция болот?


"Ата-Журттун" лидери Камчыбек Ташиевдин президенттик шайлоо алдындагы үгүт жарнагы.

"Ата-Журттун" лидери Камчыбек Ташиевдин президенттик шайлоо алдындагы үгүт жарнагы.

Оппозицияда калган Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясы президент Алмазбек Атамбаевди бийликти узурпациялап алды деп айыптап чыкты.

Аталган фракция блок түзүп, бийликке күчтүү атаандаш болоорун билдирүүдө. Ар арада талдоочулар оппозициялык күчтөрдүн чарк-чамасын ар түрдүүчө болжоп жатат.
Олигархиялык капиталдын негизинде курулуп, бүгүн кызматка жетпей калган кезде булар парламенттик оппозиция катары гана иштей алат.
Турат Акимов


“Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев оппозицияда калганын расмий жарыялап жатып, президент Алмазбек Атамбаевди жана анын партиясын мурунку бийликтин жолоюна түштү деп сындады. Ал коалиция куралып жатканда берилген сунуштар эске алынбай, баары “президенттин айткан-дегени менен жүрдү”, - деп билдирди:

- Коалиция түзүү боюнча келишимди алгандан кийин биз бир нече талаптарды койгонбуз. Бийликти бир колго топтобоо, “чөнтөк” парламентин түзбөө жана өкмөттү жеке адамдарын көз карашына карап курабоо боюнча өзүбүздүн сунуштарыбызды бергенбиз. Мисалы биз, президенттин партиясы - КСДПдан бийлик башына, айрыкча парламенттин төрагалыгына эч ким барбашы керек деген оюбузду айтканбыз. Ага карабастан коалицияны түзө турган фракциялар, айрыкча КСДП партиясы өзүнүн ар бир жасаган жумушун президент менен макулдашып атты. Түзүлүп жаткан коалицияга президенттин эч кандай тиешеси болбошу керек. Бул түздөн түз мыйзам, Конституцияны бузуу болуп эсептелет.

Ташиев “Ата-Журт” башында турган бийликти такымдаган күчтүү оппозициялык күч кураларын эскертти.

Бирок мындан күмөн санагандар да бар. “Акча жана бийлик” гезитинин редактору Турат Акимов “Ата-Журттун” оппозициялык ишмердүүлүгү Жогорку Кеңештен ары чыкпайт деген ойдо:

- “Ата-Журт” фракциясы парламенттин ичинде гана жүргөн оппозиция. Эгерде алардын структурасын карасаңар булар ”олигархиялык капиталдын" оппозициясы. Баары бай, мурда чиновник болгон, бардыгы майлуу-сүттүү жерде отурган. Булар көчөдө нааразы болуп жүргөн оппозицияга кошулушу кыйын, бирок мүмкүн. Бул жаатта иштеши керек. Булар парламенттин ичинде гана оппозиция болгону менен элден өтө эле алыс болуп калган. Ошондуктан аларды элдин мүдөөсүн аткарат деп айтыш кыйын болуп калат. Олигархиялык капиталдын негизинде курулуп, бүгүн кызматка жетпей, кресло тийбей, бийликтин бутагын кармай албай калган кезде булар парламенттик оппозиция катары гана иштей алат.

Антсе да талдоочу Марат Казакбаевдин баамында, “Ата-Журттун” саясий күч катары тажрыйбасы аз болгон менен оппозицияга баш-көз болчу даремети бар:

- Кыргызстанда күчтүү оппоизциялык күч болушу керек. Менимче, “Ата-Журт” парламенттин ичинде жана сыртында да күчтүү оппозиция боло алат. Ал жакта мыкты депутаттар бар. “Ата-Журттун” электораты деле чоң. Түштүк тарап эле эмес, Кыргызстан боюнча деле колдоочулары көп. Алар конструктивдүү иштей алышат. Мына “Ата-Журт” сөзсүз эл чогултат, парламент таркайт” деген сөздөр чыгып жатпайбы. Бирок “Ата-Журт” иштеп кете алат.
Ата-Журт” парламенттин ичинде жана сыртында да күчтүү оппозиция боло алат. Алар конструктивдүү иштей алат.
Марат Казакпаев


Саясат талдоочу Эмил Жураев бийлик менен оппозициянын мамилеси тууралуу ой бөлүшүп жатып, опурталдуу жагдайлар козголушу ыктымал экенин белгиледи:

- Төрт партядан турган чоңураак коалиция түзүлдү. Бир жагынан бул бийликке, бийликтеги күчтөргө жакшырак шарт түзүп атат. Анткени көбүрөөк колдоо болот дегендей. Бирок ошол эле кезде келечектеги оппозиция кичине башкачараак болот. Бул жерде коркунучтуу жери түндүк-түштүк маселеси дагы күчөшү мүмкүн. Спикерди кетирүү сценарийи, буга чейин аты көп деле белгисиз, саясий салмагы азыраак болгон түштүктүк жаңы спикердин шайланышы жалгыз гана “Ата-Журт” эмес, түштүктөгү көпчүлүк эл үчүн да белгилей кетчү нерсе болуп жатат. Бул жагдай оппозициялык күчтөр үчүн оңой эле манипулияциялык факторго айланып калышы мүмкүн.

Кыргызстан эгемен тарыхында түрдүү оппозиция көргөн. Бийликке атаандаш күчтөр эл топтоп эки президентти кетирген. Талдоочулар эки бийликтин тең катасы катары оппозиция менен эсептешпей калганын белгилешкен.

Бирок азыр саясаттын табияты өзгөрдү - өлкө парламенттик башкарууга ыктап, биринчи жолу президенттик бийлик тынч жол менен алмашты. Коалициялык көпчүлүк деле түрдүү саясий көз караштагы күчтөрдөн куралды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG