Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:28

"Жаңы Кыргызстан" партиясынын лидери, белгилүү мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыков мамлекеттин барк-баасы, улут саясаты, бийлик менен оппозициянын атаандаштыгы жана саясий маданият өңдүү маселелердин айланасында "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

«Азаттык»: Көптөн бери коомчулуктун алдына чыкпай калдыңыз. Иштериңиз кандай, эмне иш кылып жатасыз? Партиянын иши менен алексизби же башка жумуштасызбы?





Үсөн Сыдыков: Эс алып атабыз. Партияда балдар иштейт, кабар алам анча-мынча, негизгиси эс алуудамын.

«Азаттык»: 2010-жылы апрелден кийинки телефон аркылуу сүйлөшүүлөргө байланышкан аудиотасмалар боюнча козголгон кылмыш иштин аягы эмне болду?
Өзбек менен кыргыздын ортосунда мындай окуя 1956-жылы, андан кийин 63-жылы, андан кийин 90-жылы болду. Анда Союз бар болчу. Бардык иштер союздун иликтөөсүнө тапшырылган...


Үсөн Сыдыков: Алар тараптан берилген жазалардын баары бүттү. Мезгил келет, жаза туурабы, туура эмеспи көрөбүз. Булар бийликте турганда ал нерселерди ачыкка чыгарбайт. Мына Ош окуясына кимдер жооп бериш керек? Бул да чоң маселе. Эки улут ыдырап, өзбеги да, кыргызы да качып жүрөт.

«Азаттык»: Ош окуясын өзүңүз козгоп калдыңыз, улуттар аралык каршылашуу Кыргызстанда үч ирет болду деп айтып келатабыз. 90-жылкы Ош окуясында сиздин атыңыз да көп аталды. Эмне үчүн бир канча жылдан кийин эле кайра кайталанып жатат? Канткенде эки улут чындап коюн-колтук алышып ынтымак жашай алышат?

Үсөн Сыдыков: Бул маселеге 90-жылы бир жолу чекит койгонбуз. Ага чейин бул маселеге көңүл бурган эмеспиз. Өзбек менен кыргыздын ортосунда мындай окуя 1956-жылы, андан кийин 63-жылы, андан кийин 90-жылы болду. Анда Союз бар болчу. Бардык иштер союздун иликтөөсүнө тапшырылган. Кыргызстандан прокуратура, милиция, сот системасынан эч ким аралашкан эмес.

Кольниченко деген башкы прокуратуранын иликтөө башкармалыгынын башчысы бар эле, мен анда союздун депутаты болчумун. Мен жөнүндө маселе баары бир козголот деп ага арыз менен кайрылгам. Менин бала-чакама кара так калбасын, күнөөм болсо менин үстүмөн иш жүргүзүүңүзгө каршы эмесмин деп. Иликтөө бир гана бүтүмгө келген: мамлекеттик органдардын бул маселеге эч кандай тиешеси жок деген.

Кээ бирөөлөр, Өмүрбек Текебаев жана башкалар Ош окуясынан жыйынтык чыккан жок деп айтып жүрүшөт. Билишпейт. Мени БКнын пленумунда, бюросунда карашты, сөгүш берилди, пленумда бекитти. Андан кийин ишеним көрсөтүү маселесин атайын пленумда 101 обкомдун катчысынын катышуусунда талкуулап, жашыруун добушка салышты. Төртөө каршы, экөө калыс болду, калганы иштесин деген добуш беришти. КПСС БКнын Купцов деген катчысы келген. Ошондон кийин мен жөнүндө маселе жабылды. Барганыма (Ош обкомуна - ред) болгону 20 күн болгон.

Окуя болгондон эртеси күнү Апсамат Масалиевдин колуна арыз бердим, көчүрмөсүн премьер-министр, комиссиянын төрагасы катары Апас Жумагуловго да бердим. Экөө мени отургузуп алып, бул кандай, келгениңе 20 күн болбой, окуя болсо таштап кетем дейсиз, иштейсиз, Өзгөндү, Ошту ким калыбына келтирет, бардыгын калыбына келтириңиз, андан кийин арызды карайбыз дешти.

«Азаттык»: Эмне үчүн эки улут ортосунда араздашуу басылбай келатат? 90-жылы сиз күбө болгон Ош окуясы эмнеден чыкты эле?

Үсөн Сыдыков: Бул жерде кыргыздар тарабында талаш жок. Өзбектердин 63-жылдан баштап койгон бир маселеси – автономия алуу. Буга кыргыздар каршы. Оштуктар 90-жылы «Адалат» уюмун түзгөн. Мен барганда обкомдун менден мурдагы биринчи катчысы Кулматов эки папка берди. Бир папкада «Адалат» уюмунун тизмеси, экинчи папкада кыргыздар жаңы уюм түзгөн экен, атын унутуп турам, ошонун тизмеси. Митинг болуп жатканда кеткен обком Кулматовду сүйлөтүп, мага сөз беришкен жок.

«Азаттык»: Эмне үчүн?

Үсөн Сыдыков: Кыргыздарды жактайт деген ой менен. Баарыбыз арабанын үстүнө чыгып турабыз. Анан митингчилерге айттым: мен обкомдун биринчи катчысымын, мага сөз бербесеңер, команда берем, митингиңерди айдап чыгат, мен сүйлөшүүм керек деп. Сөз беришти. Мен анда мыйзам боюнча мамлекети бар эл башка мамлекетте автономия түзгөнгө акысы жок. Эгерде биздин кыргыздын шарты, турмушу кимдир бирөөгө жакпаса, арыктын аркы бетинде жашасын дедим. Ошондо өзбектер мени "улутчул, кет" деп чыгышты.
Союз убагында өнүккөн агрардык өлкө болчубуз. Кичинекей болгону менен продукциябызды 11 мамлекетке сатчубуз. Акаев балта чапты. Мен Бакиевге да айткам, келген техниканы тигиге-буга деп тарката бербей МТСтин формасын алгылачы деп. Болуптур деди. Ал да кетти ошо бойдон...


«Азаттык»: Ал советтик мезгил болчу, көп маалыматтар ачыкталчу эмес. Бирок эл оозунда көп айтылат, ошол кезде да чоң кыргын болгон, көп адамдар бейажал өлүп кеткен деп. Ошонун чындыгы барбы?

Үсөн Сыдыков: Жок, 90-жылы кыргыз өзбек болуп беттешкен да, андан киши набыт болгон да жок. Жалгыз бараткан кыргызды кармап өлтүргөн өзбектер, жалгыз бараткан өзбекти өлтүргөн топ кыргыз балдар болушкан. Жумагулов экөөбүз Союздан, ички иштер министри Лукьяновдон сурап, коменданттык саат киргиздик.

«Азаттык»: 2010-жылдагы июнь окуясын ошол кездин уландысы катары кабыл алса болобу? Ошол эле сепаратисттик күчтөр көтөрдүбү, же ошол кездеги бийлик алмашуудан башка күчтөр да пайдаландыбы?

Үсөн Сыдыков: Тарыхый кырдаалды бири-бирине байлаган болбойт. Ооба, ошондогу кишилерден арасында бар. Бир окшоштугу – автономия алуу. Ошондой сөз чыкпасын деп жанына он беш, ан алты маселени кошуп жүрүшөт.

«Азаттык»: Өзбекпи же кыргызбы, илгертен Кыргызстандын жарандары, бирок быгыша албай келатышат. Акыркы окуя айрыкча кайгылуу болду. Мерт болгон 400дөн ашык кишинин көпчүлүгү өзбектер. Бул – факт. Быгышып жашап кетиши үчүн эмне кылуу керек?

Үсөн Сыдыков: Булар биригиши үчүн ар бири өзүн Кыргызстандын патриотумун деп сезиш керек. Өзбек туугандарга кыргызстандыкмын дегидей идеологияны советтен бери эле сиңире алган жокпуз да. Ошондой патриотизм болсо ыр-чыр болбойт эле.

«Азаттык»: Июнь окуясынан кийин ашкере улутчулдук күчөп кеткендей болду. Бул улуттар аралык мамилени катаалдаштырбайбы?
Жакында президент Атамбаев бир тобубузду кабыл алды. Мен эки маселени айттым, биринчиси кызматка партиялык принцип менен эмес, иштей турганды коюу керек, бүгүн чет өлкөдөн окуп келген мыкты адистер көчөдө жүрүшөт, мындай болбойт дедим


Үсөн Сыдыков: Биз мындан кетишибиз керек. Ар бир улуттун жакшы жагын алышыбыз керек. Ага мамлекет көңүл бурушу керек.

«Азаттык»: Буга чейинки Акаев, Бакиев тажрыйбаларын эске алганда Кыргызстанда жерге-жээгине, жерине карабай, өңчөй кесипкөйлүгүнө карап кызмат берүү мүмкүнбү?

Үсөн Сыдыков: Жакында президент Атамбаев бир тобубузду кабыл алды. Мен эки маселени айттым, биринчиси кызматка партиялык принцип менен эмес, иштей турганды коюу керек, бүгүн чет өлкөдөн окуп келген мыкты адистер көчөдө жүрүшөт, мындай болбойт дедим.

«Азаттык»: Сырттан караган талдоочулар арасында Кыргызстан бөлүнүп-жарылууга ыктаган өлкө, биримдиги жок, саясий элитасы да бириге албайт, келечеги жок деген сыяктуу пикирлер да айтыла калып жүрөт. Сиз буга кандай дейсиз?

Үсөн Сыдыков: Кыргызстандын келечеги өнүкпөйт деген анын экономикасынын эсебин билбеген адамдын сөзү. Биз жыйырма жылдан бери алданып келатабыз. Мына Акаев Кумтөрдү жайлады. Бакиеви аягына чыкпады. Бүгүнкүлөрү да экономиканы көрө албай жатышат.

Союз убагында өнүккөн агрардык өлкө болчубуз. Кичинекей болгону менен продукциябызды 11 мамлекетке сатчубуз. Акаев азамат дешет кээ бири. Ал балта чапты. Талгарбекову колхоз-совхозду талкалады. Техниканы менчиктештирип, базаны жок кылышты. Андан кийинки келгендер чарпылат, жасай алышпайт. Мен Бакиевге да айткам, келген техниканы тигиге-буга деп тарката бербей МТСтин формасын алгылачы деп. Болуптур деди. Кетти ошо бойдон.

«Азаттык»: Ал киши башкара албай калдыбы?

Үсөн Сыдыков: Эми аны өзүнөн сураш керек.

«Азаттык»: Сиз чогуу иштешип калган үчүн кызыгып атам.

Үсөн Сыдыков: Эми мен деле бир жыл алты айдан кийин кеттим. Кеткен себебим деле ошол. Айтылган сөзүм аткарылбагандан кийин менин отурганымдан эмне?

«Азаттык»: Сиз Атамбаев менен жолуктум деп атасыз. Анан маалымат каражаттарынан да окуп калдым оппозиция лидерлери менен да жолугушту деп...

Үсөн Сыдыков: Атамбаев менен парламентте, өкмөттө жыйырма жыл үзөңгүлөш иштедик. Мен оппозицияга кетсем ачык эле кетем. Мени телефон байланыш деп, болор-болбос менен камашты, бир жыл шарттуу беришти. Мунун баары ошолордун абийиринде. Бүгүн ошол сүйлөнгөн сөздөрдү, журналисттер, көтөргүлөчү. Бир жеринен элди чогулт, тиги-бу дегенди таппайсыңар. Кийин Бекназаров өз абийирин ачып, биз Сыдыковду камабасак, бизди Сыдыков камайт деп инетрвью бербедиби. Коркконунан ошону жасашты. Мейли. Мен ачык сүйлөгөн кишимин.

«Азаттык»: Бүгүнкү оппозиция менен бийликтин алакасы кандай? Жаратмандык ишти жасап атышабы?

Үсөн Сыдыков: Шайлоодо курчуп калган. Азыр дурустай эле. Атамбаев өзү деле айтты Камчыбек Ташиев менен, башкалар менен жолугуштум деп. Тил табышса болот. Азыр мамлекетти ыдыратпай сакташ - баарыбыздын милдетибиз: кыйкырган парламенттики, отурган президенттики, иштеп аткан өкмөттүкү. Ошон үчүн калыс болуп, парламентте да аша чаппай конструктивдүү сын болушу керек. Парламент ал деңгээлге жете элек. Мына биз иштеп жүргөндө (легендарлуу парламент – ред.) Акаевди сындаганда башын чайкап отуруп, бирок айтканды жасачу.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG