Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:32

Кыргызстанда оппозициялык күчтөр ишмердигин жанданта баштады. Ошол эле кезде оппозициялык күчтөрдүн арасы бир кылка эмес.

“Ата Журт” партиясынын лидерлеринин бири Ахматбек Келдибеков саясий, социалдык жана экономикалык маселелер боюнча бийликке койо турган дооматтар топтолуп калганын айтып, жер-жерлерде нааразылык акциялары өтөөрүн жарыялады.

Эксперттер оппозициядамын дегендердин айрымдары бийликке каршы радикалдуу талаптарды коюшса, кээ бирөөлөрү ортодо тымызын оюндар менен алек деп сыпатташууда.

Оппозициялык лагерь эмнеден турат жана андагы саясий күчтөрдүн орду жана биримдиги канчалык?

“Ата Журт” ачык күрөшкө чыгабы?

“Ата Журт” партиясы башында турган айрым саясий күчтөр жаз алды менен күрдөлдү саясий акциялар баштала турганын жарыялады. Ага себеп катары бийликтин ички-тышкы саясатындагы кетирген кемчиликтери жана аны сынга алган саясатчыларга карата куугунтуктун күч алышын мисал келтиришет.

Бийликтин чек ара коопсуздугуна карата мамилеси жана социалдык-экономикалык абалдын жөнгө салынбай жатышы сынга алынууда. Буга байланыштуу айрым саясий күчтөр ортосунда оппозициялык ишмердикти күчөтүү максатында сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы белгилүү болду.

11-октябрь, 2012-жыл

11-октябрь, 2012-жыл

“Ата Журт” партиясынын лидерлеринин бири Ахматбек Келдибеков мындай шартта оппозиция бир күчкө биригүүгө муктаж экенин белгиледи:

- Оппозицияны чачыратканга, бирине-бирин шыбатканга, каралаганга аракеттер жүрүп жатат. Бирок оппозиция түпкүлүгүнөн бирдиктүү. Кырдаал курчуп калганда бардыгы бир муштумдай болуп, бир күчтүн айланасына биригет. Оппозициянын күчтөнүшүнө негиз берчү саясий жана социалдык-экономикалык себептер толтура. Себеби элдин бийликке карата нааразылыгы Кыргызстандын бардык аймагында күн сайын күчөп жатат. Митингдер кечээтен Жалал-Абадда башталды. Андан ары башка аймактарга тарайт. Жакында Ош облусунда чоң митинг өтөт. Бардыгы биригип отуруп, жазында Бишкекте чоң митинг болот.

Ошол эле кезде парламенттеги башкаруучу коалициянын өкүлдөрү оппозиция бийликке кескин талаптарды коюуга негиз жок деп эсептешет. Бирок ошого карабастан “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев оппозициянын жүйөсүн угууга бийлик дайыма даяр экенин белгиледи:

3-октябрь, 2012-жыл

3-октябрь, 2012-жыл

- Оппозициянын айткандарына көңүл буруп, жыйынтык чыгарышыбыз керек. Оппозиция өзүнүн сөзүн айтып чыкканга толук укугу бар. Биз оппозиция менен кандайдыр бир маселени ортого койуп, талкууга алууга дайыма эле даярбыз. Мурдагыдан айырмаланып, парламенттик оппозиция менен бийликтин ортосунда байланыш бар. Экинчиден, жер-жерлерде оппозициянын өкүлдөрү бийликке келип жатат. Исфанада “Бүтүн Кыргызстандын” өкүлү мэр болду. Чолпон-Атада, Таласта “Республика” партиясынын талапкерлери мэр болушту. Мына ошол жараяндарды көрүп туруп, саясий абал мурдагыдан жаман болуп кетти деген туура эмес. Мындай көрүнүш мурун болгон эмес.

Кыргызстанда башкаруучу коалицияга кирбей калган парламенттик оппозиция “Республика” жана “Ата Журт” фракцияларынан турат. Ошондой эле
2010-жылкы шайлоодон утпай калган бир катар саясий партиялардан турган парламенттен сырткаркы оппозициялык күчтөр бар. Бирок алардын алган багыты жана туруму боюнча парламенттеги жана андан сырткаркы оппозициялык күчтөрдүн арасы бир кылка эмес.

Кызыкчылыктар кесилишпей калганда

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров өлкөдөгү парламенттик оппозицияны сынга алып, тар кызыкчылыктагы саясий күчтөр менен бириге албастыгын кыйытты:

- Парламентте ким оппозиция? “Республика” же “Ата Журтпу”? Алардын кандай оппозиция экени өкмөт башчысын бекитип жатканда көрүндү го. Парламентте жыйынга 113 депутат катышып, анын жүз он бири ага добуш бербедиби. Анын арасынан мен оппозицияны көргөн жокмун. Бүгүн бардыгы соодалашуу аркылуу чечилип калды. Болгондо да муну саясий соодагерчилик деп койот. Айрым бир оппозициядабыз деген жигиттер бийликке сын айтып, зомбулуктун астында калды. Ошол учурда гана ошол оппозиция дегендер бир тилек, бир билек болуп тилектештигин билдирип, өзүнүн сөзүн ачык айтып чыктыбы? Жок. Биздин партиянын өзүнүн көз карашы жана өзүнүн багыты бар.

2010-2011-жылдардагы парламенттик жана президенттик шайлоолор учурунда ыңкылапчыл күчтөр бир лагерде болсо, кийинки мезгилде алардын арасында ажырым байкалды. Азыркы президент Атамбаевдин бир кездеги саясий өнөктөшү Азимбек Бекназаров оппозициялык “Эл үнү” саясий кыймылын түздү. Ошону менен бирге эле ал “Ата Журт” партиясынын камакка алынган лидерлери Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун сотунда коомдук коргоочу катары чыгууда.

Айрым басылмаларда кээ бир саясий күчтөр Бекназаровдун айланасына биригип жатканын жазып чыгышты. Бирок Азимбек Бекназаров өзү андай маалыматты четке какты:

- Андай аракеттер деле жок. Азыр мындай-тигиндей болуп атат деп айтыш кыйын. Азыркы шартта оппозиция биригип кетип, кандайдыр бир радикалдык кадамдарга баргандан көрө көзөмөлдү күчөтө турган парламентти алып келиш керек. Ошондо президентти, өкмөттү жана сот, прокурорлорду да өзүнүн ордуна коюп, жоопкерчилигин сураганга негиз болот.

Өзүн парламенттик оппозиция деп жарыялаган менен “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов ачык саясий күрөшкө чыга элек.

Жаңы жылдан кийин аталган партиянын борбордук штабы жоюлган. Партиянын аткаруу комитети болсо анын себептерин коомчулукка ачык жарыялаган жок. Бирок талдоочулар Бабанов ачык саясий күрөшкө чыкпаганы менен көшөгө артында аракеттениши мүмкүн деп божомолдошот. Буга серепчилер анын каржылык мүмкүнчүлүгүн жана чет элдеги байланыштарын негиз катары карашууда.

“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Партиянын аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиев партиянын оппозициялык кыймылдагы алган багыты боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Канткен менен жаз алды оппозициянын кайсы бир бөлүгү саясий акциялар аркылуу өзүнүн күчүн көрсөтүүгө даярданып жаткандай.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG