Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:21

Батукаевдин ишин оппозиция да иликтейт


Азиз Батукаев бошотулган Нарындагы абак.
Азиз Батукаев бошотулган Нарындагы абак.

Кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгарылышын оппозициялык “Эл үнү” кыймылы да иликтөөгө киришти.

Оппозициялык кыймыл бул ишти иликтөө үчүн көз карандысыз коомдук-саясий комиссия түздү. Ага парламенттик комиссияга оппозициялык фракциялардын өкүлдөрү кирбей калышы себеп болгону айтылууда.

Алдын ала жыйынтык даяр

“Эл үнү” кыймылы түзгөн комиссияны укук коргоочу Рамазан Дырылдаев жетектейт. Курамы үч кишиден турат жана алардын баары бул системаны билген адистер. Комиссия өткөн жумада түзүлүп, азыркы кезге карай айрым жолугушууларды өткөрүүгө үлгүрдү дейт Рамазан Дырылдаев:

- Азыр көп эле нерсе айкын болуп жатат. Бир эле нерсени айтып коёюн. Батукаев ошол №27 колонияда отурганда 35 киши, анын буйругу менен жабыркаган. Алардын баары кыргыз жарандары. Бандиттер бирөөнүн бутун сындырган, бирөөнүн башын жарган. Анан ошол иштер боюнча бир да кылмыш иши козголгон эмес, Батукаев жоопко тартылган эмес.

Рамазан Дырылдаевдин айтымында, алардын иликтөөсүнө бийлик тарабынан колдоо болооруна ишенбейт. Анткени азыркы бийлик да Батукаевди бошотуу менен кылмыштуу дүйнө менен байланышы бардыгын көрсөтүп койду.

“Эл үнү” кыймылынын лидери Азимбек Бекназаров комиссия түзүүнүн максаты тууралуу буларды билдирди:

- Эмне үчүн биз муну түздүк. Анткени башында Болот Шер турган комиссия негизинен бийликтин фракциялары түзгөн комиссия болуп калды. Биз бийликтин кийлигишүүсү менен Батукаев өлкөдөн чыгарылды деп эсептейбиз. Ошого байланыштуу парламенттик комиссияга жардам иретинде өзүбүздүн иликтөөнү жүргүзүп, коомчулукка жарыялайлы деп чечтик.

Азимбек Бекназаровдун айтымында, бул комиссия өзүнүн иликтөөсүнүн алдын-ала жыйынтыгын 24-апрелде митинг учурунда жарыялайт.

Азиз Батукаевдин Кыргызстандын чыгарылышын иликтөө максатында түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамына оппозициялык “Ата-Журт” жана “Республика” фракциялары өздөрүнүн мүчөлөрүн кошуудан баш тарткан. Ошондуктан анын курамына башкаруучу коалициянын мүчөлөрү “Ата Мекен”, “Ар-намыс” жана КСДП фракцияларынын экиден мүчөлөрү жана көз карандысыз депутаттар тобунун эки өкүлү кирген.


Күмөн санаткан диагноз


Комиссияга “Ата Мекен” фракциясынан кирген Жоомарт Сапарбаевдин билдирүүсүнө караганда, Азиз Батукаевге коюлган диагнозду текшерүү максатында дарыгерлер тобу түзүлдү:

- Бизге Гематология борборунун башкы адистери баш болуп, 12 дарыгер кол койгон документ келген. Алар Азиз Батукаевге коюлган диагнозго күмөн санап жатышат. Ошондуктан биз дарыгерлерден турган эксперттик топ түзүүгө мажбур болдук. Ал эксперттик топко Гематология борборунан, Онкология борборунан адистер кирди. Биздин коллегабыз Ташболот Балтабаев кирди. Алар коюлган диагноздун тууралыгын иликтейт жана мыйзамдуулук сактылышын да тактап беришет.

Сапарбаевдин айтымында, комиссия 22-апрелде Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытовдун көрсөтмөсүн укту.

Кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы Азиз Батукаев 9-апрелде абактан сот аркылуу бошотулуп, ошол эле күнү "Манас" аба майданынан менчик учак менен учуп кеткен. Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов Батукаев "Манастагы" VIP зал аркылуу аба майданына чыгып, учакка отурганын тастыктап жатат.

Оппозиция Батукаевдин бошотулушуна мамлекет башчысынын тиешеси бардыгын билдирүүдө. Ал эми өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Батукаевдин бошотулушуна кимдин күнөөсү болсо жазасын алаарын жергиликтүү маалымат каражаттарындагы интервьюсунда билдирген.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG