Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:51

Кыргызстан Орусия таасиринен чыга албай турганын Батыш түшүнүп калды. Мындай пикирин "Азаттыкка" журналист, дипломат Замира Сыдыкова билдирди.

“Азаттык”: Көз карандысыз журналист, оппозициячыл саясатчы жана дипломат Замира Сыдыкова бүгүн кайда? Эмне иш менен алек?

Замира Сыдыкова: Мен Вашингтондомун азыр. Борбор Азия боюнча аймактык иликтөө топтору бар. Ошолор менен кызматташып, аймакты, анын ичинде Кыргызстанды иликтөө иштерине аралашып, салымымды кошуп жүрөм.

“Азаттык”: Америкада туруктуу жашап калдыңызбы?

Замира Сыдыкова: Кичүү балам ошол жерде университетти бүтүп, ишке киришти. Бир жагынан ага каралашып, жанында жүрөбүз. Экинчи жагынан Кыргызстанга тез-тез келип турабыз. Неберелер чоңоюп жатат. Эми чынын айтканда бул жакта жумуш жок да. Билесиңер гезитим ("Республика") жабылган. Көп саясатчылар, менин коллегаларым айтып калышат кайра ачпайсыңбы деп.

“Азаттык”: Андай план жокпу?

Замира Сыдыкова: Азыр эми гезит көп. Айтылбагандын баары айтылып атат. “Республика” гезити эле жетпей турат деп айткым жок.

Кыргызстан Орусия таасиринен чыга албайт

“Азаттык”: Сиз Борбор Азия боюнча талдоочулар тобу талкуу өткөрүп турат деп жатпайсызбы. Сыртта Кыргызстан кандай бааланат?

Замира Сыдыкова: Мен кээде таарынып да калам. Аналитикалык топтордун Кыргызстанды изилдөөгө кызыкчылыгы калбай калды. Менин оюмча Кыргызстанда иш бүттү, өзгөрүүлөр болушунча болуп бүттү, эми өзгөрүлбөйт деген маанай бар.

“Азаттык”: Сиз өзүңүз кандай ойдосуз? Эмне үчүн ушундай көз караш пайда болуп атат?

Замира Сыдыкова: Бир жагынан жаңы элита, жаңы топтор, жаңы саясатчылар пайда боло элек. Ошон үчүн алдыда эмне турганын болжолдоо оңой болуп атат. Экинчи жагынан батышка белгилүү болуп калды. Орусиянын катуу таасири тийип атат. Бул таасирден көп жылдар бою чыга албайбыз.

“Азаттык”: Бийлик, албетте, аны экономикалык кызыкчылык, стратегиялык өнөктөштүк деген сыяктуу себептер менен түшүндүрүп келатат. Ошентсе да талдоочулар бир тараптуу мындай ыктоо бир өлкөнүн көзүн каратып коет деп да кооптонуп жүрүшөт...

Замира Сыдыкова: Талдоочулар тыштан башкаруу кирип атат деп атышпайбы. Айланып-айланып эле өзүбүздүн саясатыбызды, экономикабызды жүргүзө албай калып атпайбызбы.

“Азаттык”: А сиз кандай ойлойсуз, Кыргызстан экономикасын Орусиясыз эле алга жылдырып кете алабы? Кандай жолдору бар?

Замира Сыдыкова: Аябай көп мүмкүнчүлүктөр бар болчу. 2005-жылдан, мурдатан деле, эми калп айткан менен болобу, Акаевдин убагында өзгөрүүлөр көп эле жүрүп атты. Бирок, Акаевдин да, Бакиевдин да убагы бир тарапка, үй-бүлөлүк кызыкчылыкка кетип калды. Ал эми онунчу жылдардан баштап жолдорду ачып алсак болмок.

Мисалы Америкада энергосекторго аябай кызыккан инвесторлор бар болчу. АКШ өкмөтү Датка-Кемин электр өткөргүч чубалгысын куруу үчүн техникалык экономикалык негиздерин түзүп беришкен. Кыргыз-америкалык фонд түзүшкөн. Барак Обама бийликке келгенден кийин экономикалык реформаларды жасоо үчүн 20 млн. доллар бөлүп беришкен.

Түркияда кандай кызыкчылыктар бар экенин көрүп атасыңар. Режеп Тайып Эрдоган канча сапар келди. Алар да киришсе болмок. Киришпеген себеби, өкмөтүбүз жол таба албай, кандай иштээрин да билбей атат, анан коррупция бар. Америкада, мисалы, Кыргызстанда аябай чоң коррупция бар, ошон үчүн инвестиция салабыз деген компаниялар коркушат деп айтып атышат.


Адам укуктарына көңүл бурулбай калды

“Азаттык”: Тескерисинче бийлик коррупцияга каршы күрөш натыйжалуу жүрүп жатат деп, бир топ кармоолор, камоолор менен негиздеп атпайбы. Ал сезилген жокпу?

Замира Сыдыкова: Жок. Ошол кармоолор, камоолор да саясаттын айланасында жүрүп жатканы көрүнүп турат.

"Азаттык": Транзиттик борбор маселеси. АКШ транзиттик борбору турган үчүн эл аралык коомчулук Кыргызстанга көңүл буруп жатат деген кептер айтылып жүрөт. Борбордун чыгып кетиши Кыргызстанга кандай таасир этиши мүмкүн?

Замира Сыдыкова: Транзиттик борбордон көп эле пайда болду. Бирок, ал өзүнчө маселе. Ага карабай эле ЮСАИД же башка уюмдар, агенттиктер аркылуу жардамдар келип атпадыбы. Кошмо Штаттардын элчиси Памела Спратлен биз баары бир жардамдарды токтотпойбуз, Кыргызстан менен иштейбиз деп айтып атпайбы. Анысы чын. Иштешет. Эми ошо жардамдар кайрадан демократияга, укук коргоо, пресса маселелерине бурулса жакшы болот эле. Батыштын аналитиктери база ачылганы АКШ демократияга көңүл бурбай, өкмөт менен иштеп атат деп.

"Азаттык": Кыргызстандын бүгүнкү коомдук-саясий өнүгүүсүнө кандай баа берип жатасыз?

Замира Сыдыкова: Саясий турмуш начар. Мурунку оппозиция жок. Саясатчылар баркын жоготушкан. Ишеним түгөнгөндөй көрүнүп атат. Мисалы. Алардын артында күч, колдогон саясатчылар жок. Жаңылар чыга элек. Бул бир себеп.

Экинчиси - бүгүнкү бийлик түрмөгө камап, иш козгоп, кайра эле репрессивдүү жолго түштү. Мисалы, көрүнүп эле турбайбы, Ташиевди, Жапаровду, Мамытовду камаганы, ушул убакытка чейин кармап атканы, кечээки эле жаңы маалымат: Жалал-Абаддагы митингдер боюнча беш-алты кишиге иш козголду. Түрмөдө отурган башка саясатчылар жөнүндө айтпай эле коеюн. Эртең эмне болорун ким билет? Гезиттер жабылбайбы? Журналисттер сабалбайбы? Ошондуктан, балким, көбүнүн эсине мурдагылар түшүп, коркуп атышат. Мен таң калып атам. Эмне үчүн кечээги демократтар Алмазбек Шаршенович (Атамбаев), Роза Исаковна (Отунбаева) коомдук-саясий кырдаалды көрүп туруп, бардыгын бир үстөлгө чогултуп сүйлөшүү керек дегенди ойлонушпайт? Көбү нааразы болуп атышат: жарандык активисттер, саясатчылар. Мына партиялар деп атабыз, беш фракциянын ичинде бөлүнүп-жарылып, тарап атышат. Ал эмес Акаев, Бакиев бийлигинде чогулуп турушчу. Эл оппозиция-бийлик сүйлөшүп атат, бир пикирге келишет деп эл күтүнүп, сүйүнүп калышчу. Бүгүнкү бийлик эмнеге ошондой кадамдарга барбайт?

Коммерциялашкан медиа, чогула албаган элита тууралуу

"Азаттык": Сиз биринчи кезекте журналистсиз. Көз карашыңыз кандай, Кыргызстанда бүгүн медиа кандай жашап жатыптыр?

Замира Сыдыкова: Медиа рынокко өтүп, коммерциялашып кетти. Топ-топко бөлүнүп, кайсы макаланын артында кайсы күчтөр турат, кайсыны төлөп бастырып атат – көрүнүп турат. Бул бир аз кооптондурат. Себеби, чындыкты таба албай калдың. Кырк гезитти ачсаң кырк башка пикир жүрөт. Эл кантип чындыкты табат? Пресса чындыкты тапкан каражат деп эсептелет да. Экинчи жагынан журналистикада деле эл ишенген, ачык сүйлөгөн, эч нерседен коркпогон, коммерциялашпаган, накта миссиясын аткарган лидерлер болчу. Азыр ошондой балдар-кыздар көрүнбөйт. Мурдагы эле силерге окшогон, биз билген журналисттерден ой-пикир, маалымат алып калам.

"Азаттык": Сиз эми Акаевдин убагында көз карандысыз маалымат үчүн күрөшкөн, керек болсо түрмөгө түшкөн журналистсиз. Бакиевдин убагында деле сөз эркиндигине кысым жасалды, күчөдү андан бетер. Чет өлкөгө чыгып кетишти, сабалышты, өлүмгө кабылгандары болду. Бирок, ошол кезде сөз эркиндигин жана журналисттерди коргоо жаатында сиздин үнүңүз угулган жок. Эмне үчүн?

Замира Сыдыкова: Билесиңерби, эми андайды ачык айтпайсың да, мен Вашингтондо журналисттерди коргогон канчалаган комитеттер менен жолугушчумун. Бишкекте Бакиев мененби, министрлерби, активисттер мененби, жолугушууларды уюштуруп бергилечи деп мага көп кайрылышчу. Бардык маселелер боюнча мен Бишкекке жазып, чалып, уюштуруп берчүмүн. Керек болсо Бакиевдин кабылдамасына чалып “Курманбек Салиевич, кабыл алып койгулачы” деп чоң-чоң уюмдарга жардам берчүмүн.

Экинчи жагынан, мени аракет жасабай койдуң, үнүң угулбай койду деп, күнөөлөп атасыңар. Мен дипломат болуп беш эле жыл иштедим. Силер чоң демократ деп, президентке чейин көтөргөн Роза Отунбаева 13 жыл элчи, Тышкы иштер министри болуп, Акаевдин режимин колдоп иштеп, бизди сабап, кыйнап, түрмөгө салганда үнүн чыгарды беле?

Мен болгону беш жыл дипломатияда иштедим. Жакшы суроо бердиң, көбү ушуну айтып, мени күнөөлөгүсү келишет...

"Азаттык": Сиз биринчи кезекте майданда жүргөн көз карандысыз алгачкы журналисттерден болчусуз да. Ошон үчүн сизге суроонун берилиши мыйзам ченемдүү эле болуш керек.

Замира Сыдыкова: Калп айткан менен болобу, убагында жакшы эле аракет жасадым. Анан бир жагынан силер эми бул жерде көпсүңөр, чогуусуңар, өзүңөрдү өзүңөр коргойсуңар деп, тиякта аракеттерди көрдүм. Кыргыздарды чогултуп, биринчи диаспораларды чогулткам. Азыр активдүү иштеп атышат. Анан Борбор Азиядагы демократияны тутунган жалгыз өлкөнүн имиджин коргоо, алдыга жылдыруу менен көбүрөөк алектендим.

"Азаттык": Кыргызстан азыр дале сыноонун алдында турган сыяктанат. Мына эки ыңкылапты башынан кечирди. Улут аралык касташуу бир эмес, эки ирет болду. Кыргызстан үчүн демократиялык мамлекетти түзүү чын эле оор болуп атат. Мына бүгүн деле саясий элита ортосундагы ички мамиле абдан мыкты эмес. Элде болсо бийликке дагы эле ишеним калыптанган жери жок. Ушундай жагдайда мамлекет өнүгүп кетиши үчүн эмне жетпей атат? Эмне кылыш керек?

Замира Сыдыкова: Биринчиден, чогулуу керек. Азыр эл эч кимге ишенбей, өзүн таба албай жүрөт. Биз исламдык-экстремисттик кыймылдар күчөп атат деп атпайбызбы. Биздин жаштар ошол жолго түшсөкпү деп катуу ойлонуп калышты. Ошонун бардыгы эртең Кыргызстанга чын эле чоң таасир алып келет. Кыргызстан бөлүнүп-жарылып турабыз. Ошон үчүн билбейм, балким, Атамбаевге коомчулуктун катышуусунда бир чоң талкуу өткөрүү керектир. Ал өткөрбөйм десе, аттуу-баштуу аксакалдар баштаар. Болбосо жаштар уюштураар. Эмне үчүн эле аксакалдардан күтүшүбүз керек.

Жалаң саясатчы, оппозиция, жумуштан таарынып кеткендер эле эмес, кеңири чөйрөдө жолугуп, бир күнбү, эки күнбү маселелерди талкуулап, орустаргабы же башкасынабы, тышкы башкарууга өлкөбүздү өткөрбөй, өзүбүздүн оюбузду айтышыбыз керек. Элге жеткиришибиз керек. Тээтиги Аксы окуясы болгондо тарых музейинин залына ак үйдөн чоңдордон чакырып алып, эки күн талкуулаганбыз. Ошондуктан, же Атамбаев же коомчулук жыйын куруп, саясий акыбалды талкуулап алышыбыз керек. Мен деле калыс адам катары уюштурууга жардам берет элем.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG