Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:38

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын үч депутатын, жансакчыларды толук актады. Башкы прокуратура Жогорку Сотко кайрыларын билдирди.

Былтыр 3-октябрдан бери уланып келаткан бул чуулгандуу кылмыш ишине карата акыркы чечим коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратууда.

“Азаттык” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусунда ушул темага кайрылып, шаардык соттун чечими сот калыстыгынын көрсөткүчүбү же депутаттардын тарапкерлеринин басымынын тыянагыбы, тергөө учурунда олуттуу катачылыктар кеткен деген соттун тыянагы канчалык негиздүү, эрежесиз саясий күрөштөр мамлекеттин өнүгүүсүнө доо кетирбеш үчүн эмне кылуу керек деген сыяктуу суроолорго жооп издеп көрдү.

Талкууга Башкы прокуратуранын ага прокурору Илияс Арзымбаев, адвокат Шарабидин Токтосунов жана коомдук ишмер Жыпар Жекшеев катышты.

Илияс Арзымбаев: Биз Жогорку Сотко сунуш келтиргени жатабыз. Себеби, Бишкек шаардык соту тарабынан негизсиз, туура эмес өкүм чыгарылды деп эсептейбиз. Анткени 2012-жылы 3-октябрда Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов тынчтык делинген митингге чогулган элдин арасында турушуп, бийликти алыш керек деген ураан чакырып, эл менен кошо Ташиев өзү баштап тосмодон ашып өткөн. Муну кыргыз эли эмес, бүт дүйнө жүзү көрдү го. Ошого карабастан, Бишкек шаардык соту булардын аракетинде кылмыш курамы жок деп, туура эмес өкүм чыгарып отурат.

Тергөө иштери толугу менен туура жүргүзүлгөн. Эч кандай процессуалдык ката кетирүүлөр болгон эмес. Күнөөлөрү ар тараптан, толугу менен далилденген, суралган күбөлөрдүн, иштин ичинде өткөн жабырлануучулардын көрсөтмөлөрү менен, соттук-медициналык экспертизалардын корутундулары менен. Андан тышкары стенограммалар болгон. Стенограммаларды биз эле эмес, бүт эл көрдү го. Ал объект кароодо турган объект болуп эсептелет. Аякка кирүүгө болбойт. Анан ошол кашаадан аттап өтүп, Чыңгызхан он жети жигит менен бийликти алып койду эле, мына жыйырма жигит менен бийликти алабыз деп кирип барып атса, сот бул жерде кылмыштын курамы жок деп чыгарып атат.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:



Шарабидин Токтосунов: Сот бул жолу эң акыйкаттуу, мыйзамдуу чечим чыгарды. Эгер юрист адам болсо туура түшүнөт. Бийликти басып алуу үчүн атайын даярданыш керек. Куралдар болушу керек. Биз тасманын бардыгын көрдүк. Митингчилер тарабынан бир да таш ыргытылган жок. Милиция тарабынан митингчилерге карата таш, “баклажка” ыргытылганы көрүнүп турат.

Сотко эч кандай басым жасалган жок. Соттон эл сиз ушул жерден акыйкаттуу чечип бериңиз, эгер 24-июнга которсоңуздар (сот коллегиясы 17-июндагы отурумунда сот отурумду которорун билдирип, бирок кайра ишин ушул эле күнү уланткан – ред.) сиздерге басым жасап, бөлөкчө чечим чыгартат деп талап кылды.

Эгер бардыгы мыйзам чегинде чечилсе, эл эч нерсе кылбайт. Мен санкцияга барганда канча жолу далилдеп бердим. Далил барбы деп тергөөчүдөн сурасам далилибиз жок дейт. Бир түшүндүрмөбүз бар дейт. Камаганда эле мыйзамсыз камады. Үч сааттын ичинде кармаш керек же камаш керек. Алар сегиз жарым саат кармады. Ал кылмыш болуп эсептелет. Мыйзамсыз иш козгоо деген кылмыш болуп эсептелет.

Экинчи, бийликти басып алуу деген бөлөк, бийликке чакырык жасоо деген бөлөк. Бийликке чакырык жасоо өтө жеңил кылмыштарга кирет. Анча оор эмес кылмыш. Депутаттардын макулдугун алыш керек эле. Прокуратура аны кылган жок да. Ошондуктан сот 297-беренени кыскартып салып атат. Ал боюнча актаган жок. 295-берене боюнча актады. Эч кимдин колунда гезиттен башка эч нерсе болгон эмес. Ошол эле учурда жыйырма адамды кармап, ошо ашып өткөндөрдүн жети адамына кылмыш, он экисине административдик иш козгоп атат. Прокурордон эмне үчүн жетөө айыпталуучу болуп атат деп сурасак алар депутат, беркилер жөнөкөй адамдар дейт. Ушундай мыйзамдар барбы бизде?

Жыпар Жекшеев: Бүгүн мыйзамдын астында бардыгы бирдей жооп бере турган салтты орнотушубуз керек. Угармандар туура айтып атышат, мен өзүм депутат болуп турганда эки тоок уурдаганды беш жылга кесип ийгенди көргөм. Эки мүшөк картөшкө үчүн алты-жети жыл отуруп келгендер бар. Көзү тирүү. Чындыгында эле салыштырууга болбойт. Депутат эмес министр болсун, мыйзамды буздубу, жооп бериши керек. Бул жерден биз соттун милдетин мойнубузга илбейли алар күнөөлүүбү же күнөөлүү эмеспи деп. Бирок биз алардын кылганын бардыгыбыз көрдүк. Аны сот такташ керек. Бул жерде адвокат, прокурор отурат.

Мен айтайын дегеним, Кыргызстанда бир түшүнүктү орното албай койдук. Мына азыр бирөөнү отургузуп койсо эле митинг, жолду тосуу деген балекеттин бардыгы башталат. Биз качан үйрөнөбүз? Менин балама, өзүмө да эки президенттин учурунда беш жолу иш козгошкон. Мен эч качан чуу көтөргөн эмесмин. Бирок мени далилдеп, отургуза алышкан эмес.

Демек мыйзамдын негизинде эч кимди аёо болбош керек. Бирок мыйзамды бузуу менен отургузууга да болбойт. Саясий куугунтук болбошу керек, бардыгы мыйзамдын чегинде жооп берүүгө тийиш.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG