Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:14

Раул Кастро агасынын ишин улантаарын билдирди


Рауль Кастро
Рауль Кастро

Кубанын президенти Раул Кастро маркум агасы Фиделдин “Мекенди жана социализмди коргоо” ишин улантаарын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-декабрда Фидел Кастрону акыркы сапарга узатуу зыйнатында сүйлөп жатып айтты.

Анткен менен Раул Кастро агасынын ысымы мекеме, көчө, коомдук жайга коюлбасын ишендирип өттү. Муну ал кайсы бир жерлерди сыйынуучу жай катары коомчулук кабыл албашы үчүн жасап жатканын билдирди.

Фидел Кастро 25-ноябрда 90 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. 26-ноябрдан бери өлкөдө тогуз күндүк аза күтүү жарыяланган. (SDz)

XS
SM
MD
LG