Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Казакстанда сот мунайчылардын ачкачылык акциясына тыюу салды


Нааразылык акциясынын катышуучулары.
Нааразылык акциясынын катышуучулары.

Сот Oil Construction Company (OCC) мунайсервис компаниясынын жумушчуларынын ачкачылык акциясын мыйзамсыз деп таап, аны токтотуу, кесиптик кошуун кеңсесин дароо бошотуу чечимин чыгарды. Компаниянын ички тартиптерин аткаруу талабы боюнча талаштуу маселени ич ара чечишип алууну өкүм кылды. Мындан тышкары жумушчулар сот чыгымына кеткен 2269 теңгени өндүрүп берүүгө милдеттендирилди.

Жумушчулар Көз карандысыз кесиптик кошуундар конфедерациясын жоюуга каршы чыгып, аны каттоону талап кылууда.

Компания акцияны мыйзамсыз деп таануу, ачкачылык жарыялагандар отурган имаратты бошотууну талап кылып сотко арыз менен кайрылган.

Көз карандысыз кесиптик кошуун конфедерациясын каттоону талап кылган жумушчулар 5-январдан тарта ачкачылык акциясын башташкан. Жума башында нааразы болгондордун саны 400гө чейин жеткен. Соттун чечимине канааттанбаган тарап, бир ай аралыгында доо арыз менен жогорку инстанцияга кайрыла алат.

XS
SM
MD
LG