Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

Алмамбет Шыкмаматов УКМКдан сурак берип чыкты


“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов төрт саат мурун суракка кирген. Анын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, тергөө жүрүүдө:

- Суракта айтылгандарды ачыкка чыгара албайм, тергөөнүн кызыкчылыгы. Мыйзамга ылайык өз укугумду коргойм. Мен өзүмдүн күнөөсүз экенимди далилдей алам деп ойлойм.

Алмамбет Шыкмаматов 24-февраль күнү УКМК тергөөчүлөрү тарабынан жети сааттан ашык убакыт суралган. Ага карата 17-февралда Башкы прокуратура 2011-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда кызматтык автоунаа сатып алуу үчүн "жасалма тендер өткөрүүгө аралашкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген негиз менен кылмыш ишин козгогон. Ишти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тергеп жатат. Шыкмаматов бардык айыптарды четке кагып келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG