Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:42

Оппозициянын жаңы урааны жана дымагы


​​Парламенттик шайлоонун жакындыгы чачкын оппозицияны биригүүгө жана шайлоого бирдиктүү ураан менен барууга түрткү берүүдө.
​​Парламенттик шайлоонун жакындыгы чачкын оппозицияны биригүүгө жана шайлоого бирдиктүү ураан менен барууга түрткү берүүдө.

Кыргызстандагы оппозициялык саясатчылар парламенттик шайлоого даярдык көрө баштады. Алар алдыдагы шайлоо өнөктүгүндө көтөрө турган ураанын аныктап, кайсы партиянын туусу менен баруу боюнча кеңешүүлөрдү жүргүзүүдө.

Кыргызстанда парламенттеги расмий оппозициянын катарына кирбеген оппозиция 2014-жылдын башында Улуттук оппозициялык кыймылды түзүп, анын катарына бир катар партиялар, саясатчылар кирген. Бирок УОК чачкындыгы жана айрым саясатчылардын андан чыгып кетүүсүнө байланыштуу алгылыктуу иш жүргүзө албай келген.

Парламенттик шайлоонун жакындыгы чачкын оппозицияны биригүүгө жана шайлоого бирдиктүү ураан менен барууга түрткү берүүдө. Өткөн жумада оппозициялык саясатчылар Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдырахманов, Өмүрбек Суваналиев, Бектур Асанов, Уран Ботобеков, Кубанычбек Кадыров, Мамбетжунус Абылов жана башкалар чогулуп, өлкөдөгү кризис, алдыдагы шайлоо жана жер-жерлерде нааразылык акцияларына кандай мамиле жасоону талкуулашкан.

Оппозиция лидерлеринин бири Равшан Жээнбековдун билдирүүсүнө караганда, оппозициялык саясатчылар азыркы кезде мамлекет саясий, экономикалык жана социалдык кризиске батты деп, андан чыгуунун жолун талкуулашты. Андан сырткары парламенттик шайлоого даярдык көрүү жана жер-жерлерде чыгып жаткан элдин нааразылык акцияларына оппозициянын катышуусу күн тартибине коюлду.

Оппозиция өз жыйынында негизги ураан катары “Атамбаев кетсин!” деген чакырыкты тандап алды. "Негизи эле оппозициянын катарына президент Атамбаевдин саясатына каршы саясатчылар чогулууда", - дейт Равшан Жээнбеков:

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

​- Жалпысынан бүгүнкү күндөгү президент Атамбаевдин саясатын колдобогон оппозициялык маанайдагы саясатчылардын баары менен сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Анын ичинде Акматбек Келдибеков менен да. Ал башында эле Улуттук оппозициялык кыймылга кирген. Ал андан чыга элек. Ошондуктан ал оппозицияны колдойт деп ойлойбуз.

Айрым маалыматтарга караганда, оппозициялык саясатчылар Мелис Мырзакматов башында турган “Улуттар биримдиги” партиясынын туусу менен парламенттик шайлоого барууну олуттуу түрдө караштырып жатышат. Бул үчүн чет жакта жүргөн Мырзакматов менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Кыргызстандагы башкаруучу коалициянын мүчөсү КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков оппозициянын чакырыгына карата мындай пикирин билдирди:

- Эми башкаруучу коалиция кетсин деген чакырык коюлса, жарашмак деп ойлоймун. Анткени бүгүнкү күндө Конституцияга ылайык, өкмөттү, аткаруу бийлигин түзгөн коалициялык көпчүлүк. Бардык милдет коалициялык көпчүлүктүн мойнунда. Ошондуктан чакырыктын дарегинен жаңылып жатышат. Муну оппозициянын эмнени кармарын билбей жатканы катары түшүнсөк болот.

Чыныбай Турсунбеков коалициялык көпчүлүк министрлерди дайындоодо негизги ролду ойноп жатканын кошумчалады.

Журналист Улукбек Бабакулов оппозициянын катарындагы саясатчылар да мурда бийликте болуп, бирок ийгилик жарата алган эмес дейт. Ошол эле учурда бийликтеги партиялар да өздөрүн дискредитациялап, ошондуктан жандоочу партияларды таптап жатат деген оюн кошумчалады.

Кыргызстандагы саясий күчтөрдүн биригүү жараянына келе турган болсок, ал өткөн жылы башталган. Адегенде “Республика” жана “Ата Журт” партиялары бириккен. Андан кийин “Бүтүн Кыргызстан” жана “Бир бол” партиялары биригүү жараянын башташканын кабарлашкан. Булар менен катар “Өнүгүү” жана “Эмгек” партиялары да биригүү боюнча сүйлөшүү баштаганы маалым болду. Жогорку Кеңештин депутаты, “Өнүгүү” партиясынын мүчөсү Мирлан Бакиров эки партиянын ортосунда биригүү мүмкүнчүлүгү жогору экенин билдирди:

- “Эмгек” жана “Өнүгүү” партиясынын биригүү деңгээли башка партияларга караганда бийигирээк. Башка партиялар менен биз биригүү максатында мынчалык деңгээлде сүйлөшүү жүргүзгөн жокпуз.

Белгилеп кете турган нерсе “Өнүгүү” менен “Улуттар биримдиги” партиясы биригүүнү былтыр чечишкен. Бирок ал жараян өнүкпөй калган. Учурда эки партия дээрлик эки жээкте жүрүп калды.

Мыйзамга ылайык, Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо быйыл күз айларында болот.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG