Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:55

Бекназаров: Бийлик диалогду түшүнбөйт


Азимбек Бекназаров Кумтөрдү улутташтыруу талабы боюнча митингде. Бишкек, 24-апрель, 2013.

Азимбек Бекназаров Кумтөрдү улутташтыруу талабы боюнча митингде. Бишкек, 24-апрель, 2013.

“Эл үнү” кыймылынын лидери Азимбек Бекназаров өлкөдөгү саясий кырдаал, Кумтөр маселеси жана өкмөттүн иши боюнча ой бөлүштү.

“Азаттык”: Өлкөдө саясий кырдаал бир топ курч болуп турат. Ошол эле мезгилде Кумтөр боюнча маселе логикалык аягына келип жатат. 23-декабрда өкмөт бир чечимди парламентке алып чыгыш керек. Бирок кечээ күнү эле өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Кумтөр боюнча үлүштөрдү 50 пайыздан ашыкча бөлүү мүмкүн эмес, андан ашык сурагандардын аракетин популизм деп атады. Сиз 50 пайыздан ашыруунун кандай жолун көрүп турасыз, Кыргызстанды соттошууларга кириптер кылбай?

Бекназаров: Жол толтура. Ага биздин жетекчилердин саясий эрки керек. Биздин жетекчилер бирдемке десең эле бул популизм, бул Кумтөрдү саясат кылып жатат деп жатпайбы. Мен ушул жерде жетекчилерге жана жалпы эле кыргыз калкына айтат элем, Кумтөр 20 жылдан бери саясат болуп келатат. Кыргызстандын бийлигин алмаштырганга, кетиргенге дагы Кумтөрдүн абдан көп салымы бар. Мына “легендарлуу парламент” 1994-жылы Акаев тарабынан Кумтөр үчүн таратылган. Март ыңкылабынын негизги талаптарынын бири Кумтөр маселеси, аны Кыргызстандын кызыкчылыгына иштетүү болгон. 2010-жылдагы апрель ыңкылабынын негизги талаптарынын бири да Кумтөр болгон.
Кумтөр 20 жылдан бери саясат болуп келатат. Кыргызстандын бийлигин алмаштырганга, кетиргенге дагы Кумтөрдүн абдан көп салымы бар. Мына “легендарлуу парламент” 1994-жылы Акаев тарабынан Кумтөр үчүн таратылган. Андан кийинки эки ыңкылаптын негизги талаптарынын бири да Кумтөр болгон...

Эми андан кийинки мезгилди карап көрөлүчү, саясат кылып атат дейт. Бабановдун өкмөттөн кетишинин негизги себеби да Кумтөргө байланыштуу. Эмне үчүн дегенде Данияр Үсөновдун өкмөтү берген 16 миң гектар жерди кайра кайтарсын деп депутаттык комиссия сунуштады эле, Бабанов 2011-жылы июнь айында Үсөновдун токтомун жокко чыгарып, жерди кайтарып койду. Бул жакпай калды. Эгерде Бабанов турса, Кумтөр маселесин Жантөрө Сатыбалдиев менен Атамбаев каалагандай чечпей турганын билишип, Текебаевдин колу менен кетирип койду. Андан кийин депутаттык комиссиянын төрагасы Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев тосмону эмне үчүн ашты? Кумтөр үчүн ашты. Эл Кумтөр үчүн митингге чыккан.

Келдибековдун камалышы да Кумтөргө барып такалат. Саруу айылында жигиттер камалып жатат. Баарынын түбү Кумтөргө барып такалат. Ошондуктан ушуну саясий оюн кылып жатат деген чоңдор, саясат эмне экенин түшүнбөйт. Эгерде Кумтөрдү 50-50 кылып алып келсе, маселе чечилбейт. Дагы артка жылат. Кумтөр качан чечилет? 2009-жылкы келишимди жокко чыгарганда гана.

“Азаттык”: Азимбек мырза, бул мыйзамды жокко чыгарууну өзүбүз чиелештирип салган экенбиз деген жүйөө бар...

Бекназаров: Мунун баары калп. Карапайым элди алдоо. Жогорку Кеңештин мыйзамын Жогорку Кеңеш жокко чыгара алат.

“Азаттык”: Конституциялык сот корутундусу менен бекемдеп, мындан кийинки маселе эл аралык сотто чечилет деп жазылган да...

Бекназаров: Конституциялык сот корутундусун гана берген. Эч ким бекемдеген эмес. Бул калп. Элди алдап жатат. Мыйзамды ким жокко чыгарат? Жогорку Кеңеш жокко чыгарат. Эгерде референдумда кабыл алынган мыйзам болсо, референдумга алып чыгыш керек. Анда да татаал десек болмок. Конституциялык сот болгону корутунду берген. Ошол ратификация мыйзамына Конституциялык соттун корутундусун алган үчүн, андан башка бир дагы бийлик, мындан кийинки бийликтер муну карай албайт деген биздин эгемендүүлүккө кол салган жоболор үчүн дагы бул мыйзамды жокко чыгаруу керек.

Эл аралык соттон азыркы өкмөт, бийлик корко турган болсо, мына бизди алып келип койсун, биз өзүбүз эл аралык сотко беребиз. Үч эле негиз менен берсе болот. Ошол келишимдин ичинде айлана-чөйрөнү бузбайм деген убадасы бар. Бүгүнкү күнү айлана-чөйрө боюнча зыян 450 млрд. сомду түзүп жатат. Бийлик өзү деле бир топ млрд. сом доо менен сотко берип жатпайбы.

“Азаттык”: 300 млн. долларга берди...
Коррупция менен албетте күрөшүш керек. Мен колдоймун. Бирок коррупцияга каршы күрөштүн мизин саясий оппоненттерге каршы эмес, түпкүлүктүү коррупциялык схемаларга каршы күрөштөн баштаса эл ишенет эле...

Бекназаров: Бул деген биздин айлана-чөйрө боюнча мыйзамдарды бузуу болуп эсептелеби!? Бул бир негиз. Экинчиси, коррупциялык схемалар. Эми коррупция деп иш козгошуп атат. Бир топ депутаттар, Осмоновго окшгондор качып жүрөт. Эми дагы эмне керек?

“Азаттык”: Саясат жөнүндө сөз кылдыңыз. Мына бийлик башчылары менен диалог жөнүндө сөз боло баштады. Бирок оппозиция тарапта бириккен, бир позицияны кармап, мына ушул боюнча сүйлөшөбүз деген топ байкалбайт. Сиздерде биригип, бир позицияны айтып чыгуу болобу?

Бекназаров: Жакында көрөсүңөр. Азыр күнүн так айта албаймын. Жакында оппозициямын, ушул бийлик туура эмес жолдо кетип атат деген саясий күчтөр биригип чоң жыйын өткөрөт. Мына ошондо Кудай кааласа биригет.

“Азаттык”: Мына ошондон кийин диалог болобу?

Бекназаров: Бул бийлик менен диалогдун деле кереги жок. Анткени бул бийлик диалогду түшүнбөйт. Булар күчкө таянып, бирдемке десе эле кылмыш ишин козгой коюуну өнөкөткө айлантып алды. Бул бийлик качан сүйлөшөт? Абалы болбой калганда сүйлөшөт.

“Азаттык”: Бул бийлик деп атабыз, бирок коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында коррупционерлер коррупцияга баруудан жалтайлап калды дегенге эл да муюган жери бар. Бирок саясий максатта пайдаланууда деген да сөз бар. Сиз кайсы жагы көбүрөөк болуп атат дейсиз?

Бекназаров: Коррупция менен албетте күрөшүү керек. Мен колдоймун. Бирок коррупцияга каршы күрөштүн мизин саясий оппоненттерге каршы эмес, түпкүлүктүү коррупциялык схемаларга каршы күрөштөн баштаса эл ишенет эле. Коррупция деген эмне? Коррупция биринчи мамлекеттик чиновниктердин жасап жаткан иштериндеги кылмыштар. Мисалы үчүн, Батукаевдин чыгышында коррупция уюп жатат. Башкы прокуратура баш болуп, бардык мамлекеттик органдар Батукаевдин адвокаты болуп чыгышты.
Бул өкмөт 2010-жылы техникалык өкмөт түзбөдүк беле, ошондой эле техникалык өкмөт. Премьер-министр президент Атамбаевдин эле кагаз ташуучусу. Өзүнчө өз алдынча саясат жүргүзгөн жок. Программасы жок...

“Азаттык”: “Кыргызгаз” боюнча келишим да калк ичинде түрдүү пикирлерди жаратып жатат. Кыргыз өкмөтү, бийлик башчылары айтып жатат, Өзбекстанга көз каранды болгондон көрө, газга бай “Газпромго” берүү оң деп жатат. Бул туура кадам эмеспи?

Бекназаров: Өзбекстанга караганда “Газпромго” бергенди мен дагы колдоймун. Бирок кандай шартта берип жатат? Маселе ушунда. Ошол газ түтүктөрү өткөн жерлер кимге таандык болот? Ал жерге ижара төлөнөбү? Мисалы үчүн Беларус, Украинадан өткөн газ түтүктөрү үчүн канчалаган акчаларды алат. Биз канча акча алабыз? Анткени бизге деле Кытайга бараткан чоң магистралдан келип жатат... Биздикилер берип салды.

“Азаттык”: Кытайга бара турган магистрал берилген жок да...

Бекназаров: Жок. Биздин жер берилип калды да. Ошону депутаттар кайра-кайра айтса, жооп бербей коюшту го. Келишимде ал нерсе жок болуп атпайбы. Анан келишим боюнча 1 долларга баалап берип жатышат. Бул абсурд эмеспи.

“Азаттык”: Кошумча инвестиция боло турган болуп жатпайбы 600 млрд. рублден ашык...

Бекназаров:
Эмне кылсаң ошол кыл, эптеп эле газ берсең болду деген саясат туура эмес. Көз карандылык саясат болбош керек. Кичинекей нерсе болсо да теңаталык саясат болуш керек. Биз эгемендүү болгондон кийин ошол жерге түпкүлүктүү ээлик биздин колдо туруш керек.

“Азаттык”: Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев эконимиканы 10 пайызга көтөрдүк, биз өзүбүздүн ишибиз менен элге алына алабыз деди. Бул өкмөткө кандай баа бересиз?

Бекназаров: Мен бул өкмөткө мындай баа берем, бул өкмөт 2010-жылы техникалык өкмөт түзбөдүк беле, ошондой эле техникалык өкмөт. Премьер-министр президент Атамбаевдин эле кагаз ташуучусу. Өзүнчө өз алдынча саясат жүргүзгөн жок. Программасы жок. Бир фактыны айтайын, Атамбаев Кумтөрдү керек болсо улутташтырып салабыз десе, бул дагы ошентип сүйлөп атат. Атамбаев биз улутташтыргандан коркушубуз керек, мына “Ак кеме” улутташтырылып кетип, эмне болуп жатат десе, бул билип-билбей ошонун сөзүн кайталап жатат. Мына “Азаттыкка” берген маегинде ошентип жатат. "Ак кеме” деген улутташтырылган эмес. 2010-жылы улутташтырылган деп калпты айтып жатат. “Ак кеме” деген 2005-жылы өкмөттүн мурунку токтомун жокко чыгарып, жаңы токтом менен Сарымсаковго берилген.

Өткөндө түштүктөн аксакалдар келип, мыйзамдуулук сакталбай жатат, кош стандарттуулук болуп жатат десе, “мен мыйзамдуулук менен ишим жок” дептир. Мен ошон үчүн Конституция ала келдим. Жантөрө Сатыбалдиевге “Азаттык” аркылуу айтып коёюн, 88-беренени окуп алсын. Мына бул жерде жазылып турат “Өкмөт Конституциянын жана мыйзамдарын аткарылышын камсыз кылат. Өкмөт мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ишке ашырат. Өкмөт мыйзамдуулукту, жарандардын эркиндиктери менен укуктарын камсыз кылуу, коомдук тартипти жана кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча чараларды жүзөгө ашырат”.

Чыныгы өкмөт болбой калды. Техникалык өкмөт. Жогорку Кеңешке отчет бергендин ордуна, көбүрөөк президенттин аппаратына отчет берип калды.

Кыска-нуска видеомаек

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG