Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:08

Бийлик менен оппозиция, митингдер тууралуу "Азаттыкка" Аймактык институттун жетекчиси, серепчи Нуржигит Кадырбеков кеп салды.

“Азаттык”: Өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун оппозиция лидерлери Камчыбек Ташиев жана Адахан Мадумаров менен жолугушуусун диалогдун башталышы деп атоого болобу?

Нуржигит Кадырбеков: Диалогдун болгону жакшы. Бирок 31-мартта Баткенде митинг өткөрүү ниетинен кайтпаганы ал диалог өз максатына жетпегенин айтып турат.

“Азаттык”: Кыргызстанда "жаз дегенди митинг деген сөзгө алмаштырып коёлу" деп тамашалагандар бар. Бирок өз талаптарын бийликке угузуп, өкмөттүн кемчиликтерин айтып турган тынч митингдердин болгону деле жакшы. Азыр оппозиция айтып жаткан талаптары канчалык жүйөлүү деп ойлойсуз?

Нуржигит Кадырбеков: Азыр Кыргызстанда саясий шарт ушундай, бийлик оппозиция тарабынан микроскоп менен каралгандай каралып атат. Ошондуктан оппозициянын иш-чара уюштурушуна негиз бербегенге аракет кылыш керек. Тилекке каршы, айрым факттар болду, ошол эле ууланган көмүрдүн сатылышы.

Кыргызда “мал-жаның аманбы” деп сурайт. Көчкү, кыштын узак болуп, тоют жетишпестиги, адамдын жаны чыгым болду. Ошондой эле мурдагы "Азия Универсал банкка" тиешелүү болгон, ошол тейлеген чоң ишканалар бүгүн эмнегедир АКБ банк аркылуу тейленип жатканын парламент козгоп чыкты. Ал эми АКБга өкмөттөгү чоң инсандардын тиешеси бар деген сөз айтылып жүрөт.

Андан сырткары чет өлкөдөн билим алып келген, билимдүү жаштарды министрлердин орун басарлыгына алабыз деп айтып чыкты эле. Экөөнү PR (пиар) үчүн көрсөттү, бирок алар кандай тандалды, сынак аркылуубу же тааныш-тамыр аркылуубу - белгисиз. Депутаттар жакындарын бийликке коюп жатат. Ушулардын бардыгы нааразылыкка себеп болууда. Буларды оппозиция сөзсүз пайдаланат деп ойлойм.

“Азаттык”: Быйыл кыш оор жана узак болду. Өзүңүз жогоруда белгилеген себептер да элдин чоң нааразылыгына алып келиши мүмкүнбү?

Нуржигит Кадырбеков: Дүйнөлүк массалык маалымат каражаттарында, таблоиддерде “кыргыз синдрому” деп аталып калды. Нааразылыктар күчөшү да мүмкүн. Бирок чоң толкундоолордун болуп кетишине жол бербеш керек, аракет кылыш керек. 2005-жылы Жалал-Абадда, 2010-жылы Нарында жана Таласта башталган митингдер кандай бүттү? Кыргызстан эми мындай нерсеге барбаш керек.

Ошол эле кезде оппозиция да жалаң эле митинг жолу эмес, цивилизациялуу жолду да тандаса жакшы болот. Жөн эле нааразылыкты билдирип, "кетсин" дебестен бул өкмөт кетсе, ордуна ким келет, көмүскө өкмөтү барбы, экинчиден, азыркы өкмөттөн артыкчылыгы кандай болот, кайсы программа менен келет - ошолорду сунуштап чыкса деле жакшы болмок.

“Азаттык”: Оппозициянын эки митинги тең өлкөнүн түштүк аймагында уюштурулуп атат. Бул өлкөдө ажырымды пайда кылбайбы?

Нуржигит Кадырбеков: Андай болушу толук мүмкүн. Анткени бул жерде аймактык фактор деген маселе кайырмакка илинет. Деги эли Кыргызстандын бардык аймагында митинг болбой, биздин саясий элита цивилизациялуу мүнөзгө өтсө болот эле. Мисалы, ууланган көмүр боюнча чоң-чоң адамдар кызматтан кетиши керек болчу. Бир жагынан алганда өкмөттүн отставкасын деле өтө радикалдуу талап кылуунун кереги жок. Бирок өкмөт да өзүнүн айрым саясатына өзгөртүү киргизиш керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG