Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

Масалиев: Митинг - акыркы кадам


1-мартта Ош шаарында өткөн оппозиция митинги
1-мартта Ош шаарында өткөн оппозиция митинги

Бүгүн оппозиция өкүлдөрү Жалал-Абадда тынчтык митингин өткөргөнү жатат. Митингдин чоо-жайы, бийликке коюлуп жаткан талаптар тууралуу Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев кеп салат.

- Бүгүн оппозиция Жалал-Абадда тынчтык митингин өткөрүүнү белгилеген эле. Кандай иш-чараларды, талаптарды белгилеп жатасыздар. Канча киши чыгат деп болжолдонууда?

- Эми ал жерде бүгүн канча киши болорун айта албайм. Уюштуруучулар башка болуп, уюштуруу ишине кийлигишкен жокмун. Мен саясий партиянын жетекчиси катары ошол митингге барып, сүйлөй турган оюм бар. Ал эми канча адам келери мен үчүн өтө деле маанилүү эмес. Он миң адам болобу, же миң адам болобу.

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев
Негизги талаптар буга чейин Оштогу жана Баткендеги митингдерде айтылган болчу. Бул болгону эле беш-алты талап болуп турат. Биринчиси, өкмөттү мөөнөтүнөн мурда таратып, жаңы, эл ишенген өкмөт түзүү. Конституциялык реформаны улантууга шарт түзүп берүү – экинчи талап болуп турат. Мындан тышкары банк уячаларын тоноду делген кишилерди жоопко тартууну, апрель-июнь окуяларынын күнөөкөрлөрүн жазалоону талап кылып жатабыз.

- Ушуну менен оппозициянын үчүнчү митинги өткөнү жатат. Бул митингдерге коомчулук арасында ар кыл сын пикирлер айтылууда. Жазында жумуш кычап, жут болуп жатканда саясий кырдаалды туруксуздаштырып жатышат деген ойлор бар. Буга сиздин жообуңуз кандай?

- Мен он эки жылдан бери саясаттамын. Мындай сөздөрдү далай жолу укканмын. Мындай сөздөрү негизи туура эле. Жазгы талаа жумуштары башталган кезде митинг өткөрүү ашыктык кылат. Андай жок деп айта албайм. Эгерде бийлик топтолгон миңдеген адамдардын талабын так укпаса, көңүл бурбаса айла жок болуп жатат.

Жок дегенде каталарын эске алып туруп, күйүүчү майдын баасы көтөрүлүп, кредиттер жетишпей жатканын, экономикалык жактан нарктар өскөнүн мойнуна алышса, анда түшүнөт элек. Ошондуктан митинг жалпы эл үчүн бир топ оорчулук туудурат. Бирок президентибиз жакында айткандай, бул бүгүнкү кыргыз коомундагы күнүгө болуп жаткан окуя.

- Оппозициянын өкүлдөрү парламентте тургандыктан, ал жерде деле бардык маселени чечсе болмок деген пикирлер бар. Чындап эле парламент ичинде маселени чечсе болбойбу? Сөзсүз элди көчөгө алып чыгуу керекпи?

- Болот эле... “Ата-Журт” партиясынын парламентте өкүлдөрү, фракциясы бар. Бүгүнкү митингдерге бир гана “Ата-Журт” партиясы катышкан жок да. Өнүккөн мамлекеттерде оппозициянын кандайдыр бир укугу болсо, маселе митингсиз чечилиши мүмкүн. Азыр эми Жогорку Кеңеш бир туруп позиция, бир туруп оппозиция болуп калат.

Баткенде 31-мартта өткөн митингге миңдей адам катышканы кабарланган
Баткенде 31-мартта өткөн митингге миңдей адам катышканы кабарланган
Биздин партия азыркы өкмөттү түпкү тамыры менен туура эмес өкмөт деп эсептеп жатат. Эч качан бизнес менен өкмөт жөнөкөй адамга жыргалчылык алып келбейт. Себеби, бай бизнесмен биринчи кезекте өзүнүн байлыгын коргойт.

Анан бизге багытталган сын пикирлерге жооп айтып кетет элем. Көп учурда массалык маалымат каражаттары туура эмес маалымат берип жатпайбы. Бардык жерде түштүктүн саясатчылары топтолуп алып эле, сүйлөп жатат деп айтып жатышат. Андай эмес да. Эмне үчүн чындыкты айтпайт?

Митингде сүйлөгөн саясатчылардын жарымы түндүктөн барган саясатчылар. Алар жөнүндө бир да сөз жок. Бул элди атайын бөлүү.

- Андай болсо сиздер эмне үчүн Кыргызстандын түштүк облустарында митинг өткөрүп жатасыздар?

- Бул эми башталышы болуп жатат. Муну менен бүтпөйт да. 1-марттагы митинг Оштогу шайлоого түздөн түз тиешелүү болчу. Мен ал жерде Ош мэри Мелис Мырзакматовдун командасын колдоо керек деп ачык эле айткам. Чынын айтканда ошол себептен болгон.

Андагы талаптарга өкмөт тарабынан көңүл бурулбагандыктан ушул күчтөр кайрадан митинг өткөрүп жатат. Учуру келгенде Бишкекте деле топтолот. Бирок ага чейин бийликтеги кээ бир акылдуулар табылаар. Сүйлөшүү жолу менен биримдикке келбесек болбойт.

- Сиздер азыркы бийликке койгон талаптардын аткаруу мөөнөтүн улам артка жылдырып келе жатасыздар. Башында 15-мартка чейин убакыт берсеңиздер, андан кийин апрелге чейин деп айтылды. Бул эмнеден кабар берет? Же бул соодалашуу жолубу?

- Жок, соодалашуу эмес. Бүгүнкү күнгө чейин өкмөт башчы Бабанов эки жетекчи менен жолугуп сүйлөшүп, пикир алмашкан. Ортодо келишим болгон жок. Соодалашуу деп айтпайм го. Бул жерде бийликке баары бир убакыт берилсин деген сөз. Себеби митинг уюштуруу оңой иш эмес. Кыргызстандын батышы, чыгышы, түндүгү, түштүгүндө митинг өткөрүү – бул акыркы кадам.

P.S. Буга чейин өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов оппозиция лидерлери менен жолугуп, алар менен ачык диалог курууга даярдыгын, бирок оппозиция талаптарын так аныкташы керектигин билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG