Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

ОшТВ жамааты авиакырсыкта жабыркагандарга жардам берет


Кырсыктан кийинки көрүнүш
Кырсыктан кийинки көрүнүш

ОшТВ телеканалынын кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын Чүйдө авиакырсыкта набыт болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга берет. Бул тууралуу каналдын жетекчиси Керим Калыгулов билдирди. Мекемеде 40тан ашуун адам иштейт.

ОшТВдан тышкары өлкөдөгү дагы бир канча мекеме айлыктын бир күндүк эсебин жабыркагандарга которууда.

Боинг-747 үлгүсүндөгү Түркиянын жүк ташуучу учагы 16-январда эртең менен саат жети жарымда Чүй облусунун аймагында эл жашаган конушка кулап, отуздан көп адам набыт кетти. Көз жумгандардын төртөө экипаж мүчөлөрү, калганы Дача СУ айылынын тургундары. Арасында балдар да бар. Ондон ашуун киши ооруканада. Жыйырмадан ашуун турак жай кыйраган.

Учак Гонконгдон Стамбулга учуп баратып, май куюу үчүн “Манас” аэропортуна конуп жатканда кырсыкка кабылганы кабарланды.

17-январь – Кыргызстанда Аза күтүү күнү деп жарыяланды. (YI)

XS
SM
MD
LG