Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

Украинада Ислам Каримовдун тууганы камалды


Акбарали Абдуллаев.
Акбарали Абдуллаев.

Украинада Өзбекстандын мурунку президенти, маркум Ислам Каримовдун тууганы кармалды. Ал Ташкентте миллиондогон долларды уурдап алган деген айып менен издөөдө жүргөн.

Киевдин Соломянка райондук сотунун расмий өкүлү “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна берген билдирүүсүнө ылайык, аталган сот өзбек тектүү 33 жаштагы Акбарали Абдуллаевди камакка алуу чечимин чыгарган.

Кабарларга караганда, бир апта мурда Абдуллаев Киевдин Жульяна эл аралык аэропортунда кармалып, жанынан Өзбекстандын жана Доминикан республикасынын паспорттору табылган.

Учурда аны Өзбекстанга экстрадициялоо маселеси каралууда.

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун жесири Татьяна Каримованын жээни Акбарали Абдуллаевге каржы шылуундугу менен алектенген деген айып 2014-жылы тагылган.

XS
SM
MD
LG