Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:28

Мамлекеттик кадр кызматынын жаңы башчысы, апрель ыңкылабынан бери Ош облусун беш жылдай башкарган, Жогорку Кеңештин бир нече жолку депутаты Сооронбай Жээнбеков президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамы катары белгилүү.

Быйыл 57 жашка чыккан Сооронбай Жээнбеков Оштун Кара-Кулжа районунда туулган. Кесиби боюнча зооинженер, 1983-жылы Айыл чарба институтун, 2003-жылы Кыргыз агрардык университетинин экономика факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 1976-жылы Өзгөн районунда орус тили жана адабияты мугалими болуп баштаган. 1983-1993-жылдары өзү туулуп өскөн райондо зоотехник, Коммунисттик партиянын райондук комитетинде нускоочу, катчы, совхоз-колхоздордун башкармасы өңдүү кызматтарда иштеген.

Жогорку Кеңешке 1994-жылдан 2005-жылга чейин үч ирет шайланган. Эл өкүлдөр палатасында агрардык маселелер боюнча комитеттин төрага орун басары, төрагасы, парламентте спикердин орун басары болуп турган. 2007-жылы айыл чарба министри болуп бир жылга жетпеген убакыт иштеген.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, академик Жамин Акималиев Сооронбай Жээнбековду студент кезинен бери билет. Кийинчерээк Жогорку Кеңеште чогуу депутат болушкан:

Жамин Акималиев

Жамин Акималиев

- Жогорку Кеңеште биз улуу кишилер катары, алар жаш, жаңы муундун өкүлдөрү болуп чогуу иштешип жүрдүк. Кээде пикир келишпестик болчу, бирок жалпы жонунан өзүн жакшы, коңур алып жүрдү. Өтө деле активдүү эмес болчу, бирок эки жакты байкап, этияттап сүйлөп, өзүн жакшы көрсөткөн. Айыл чарба министри болуп көп деле иштеген жок. Министрлердин ичинен жакшыраак иштеп жаткан. Эл менен иштешкени жакшы болчу. Эч кимдин көңүлүн калтырчу эмес. Илимпоздор, адистер, өзүнүн аппараты менен кеңеше билген жакшы сапаты бар болчу. Билбеген нерсесин уялбай эле сурачу. Менин байкашымча губернатор болуп турганда ал тууралуу элдин ою жаман эмес болчу. Бир гана өзүнүн пикирин ачык айтып, өзүн активдүү көрсөтсө болот эле дешчү.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынан депутат Иса Өмүркулов Сооронбай Жээнбековдун Жогорку Кеңешке үч жолу шайланышын анын жеке ийгилиги катары сыпаттады. Партиялашынын пикиринде, Жээнбеков апрель ыңкылабы, июнь коогасынан кийин өлкөдө туруктуулукту камсыздоодо чоң роль ойноду:

Иса Өмүркулов

Иса Өмүркулов

- Өз мезгилинде бир мандаттуу округдан үч жолу өтүп келген. Бул да ар бир депутатка баа бере турган көрсөткүч. Ошол кезде эле өзүнүн принципиалдуулугу менен, ишке жасаган мамилеси менен айырмаланчу. Оппозицияга өткөн жылдары КСДП партиясынын башына түшкөн мүшкүл Сооронбай Жээнбековдун да башына түшкөн. Ошол мезгилде туруштук берген. Айрым саясатчыларга окшоп, өзүнүн керт башын ойлоп качкан эмес. Бөлөктөргө сөз же залакасын тийгизген эмес. Бирөөнү жамандаган эмес. Апрель ыңкылабына активдүү катышкан. 2010-жылы Ошто баарына туруштук берип, өлкөнүн стабилдүүлүгүнө зор салым кошту.

Ар кыл бааланган губернатордук иши

Саясатчы Азимбек Бекназаров Сооронбаев Жээнбеков президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамы экенине токтолду:

- Сооронбай Жээнбеков президенттин эң ишеничтүү адамы. Сатпаган, айтканынан чыкпаган адамдарынын бири. Тажрыйбасы, билими жагынан кынтык табыш кыйыныраак. 2010-жылдын 8-апрелинен баштап Ошто революциялык кыймылдын башында турду. Ошондон кийин губернатор болуп дайындалды. Июнь коогасын башынан өткөрдү. Эми губернатор катары андай иштеди, мындай иштеди деп баа бере албайм, бирок иниси Асылбекке караганда Атамбаевди саткан, таштаган жок. 2009-жылы Атамбаев оппозициядан бир талапкер болуп чыкканда Бакиевдердин бийлигинен коркпой, тикесинен тик туруп Атамбаевди колдоп жүрдү.

Анткен менен Ошто Сооронбай Жээнбековду унчукпаган, эл көзүнө ашыкча көрүнө берүүнү каалабаган губернатор болгонун айтып жүрүшөт. Ош шаардык кеңештин “Улуттар биримдиги” фракциясынан депутат Сонунбек Жунусбаев реформатор жетекчи катары өзүн көрсөтө алган жок деген көз карашта:

- Элдин эсинде кала турган, ушул ишти кылды деп көрсөтө турган деле эч нерсе кылган жок. Катардагы эле мамлекеттик кызматкер, губернатор катары эле элдин эсинде калды. Реформатор болуп кайсы бир демилге көтөргөнүн көрө алган жокмун. Жогорудан келген гана тапшырмаларды аткара билген киши катары эле эсте калды. Балким жоопкерчиликтен корккондуктан демилге менен чыкпагандыр. Мыкты иштеп, балким эл колдоосуна ээ болуп кетсе, бийликтин атаандашына айланып каламбы деп корккондур. Өзүн көрсөткүсү келбеген себеби аны каалабаганында болсо керек. Бир иш кылса анын жоопкерчилиги болот, жакшы-жаман сөз угат, ошондуктан ушундай жоопкерчиликти алгысы келген жок окшойт.

“Кыргыз ата” партиясынын лидери, оштук активисттердин бири Төлөгөн Келдибаев болсо Сооронбай Жээнбековду кландык башкарууну орнотууга салым кошту деп сынга алды:

Төлөгөн Келдибаев

Төлөгөн Келдибаев

- Ал башчы болуп турганда экономикалык көрсөткүчтөр, статистикалык маалыматтар салыштырмалуу төмөндөп кеткен. Бул деген облустун жетекчилиги жакшы иштеген эмес дегенди түшүндүрөт. Келгенде эле интрига менен отурду. Ошко кландык башкарууну алып келди. Азыр кайсы кызмат болсо да ушулардын бөлөсү, жээни, тууганы. Ошол кызматка өзүнүн дарамети, күчү менен келген эмес. Кыргызда “туугандуу бийде ыйман жок” деген жакшы сөз бар. Ушуга окшогон адамдар көп жыл бийликте тургандыктан бизде эки ирет революция болду. Кыргызстан ушундай кадрлардан тазаланышы керек.

Бир тууган Жээнбековдор

Талдоочу Эркин Абдразаков Сооронбай Жээнбековдун коомчулукта үн катпас губернатор атка конгон себебин өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн чектелген абалы менен байланыштырат.

- Ошто эки-үч жолу жарманке болду, Кытайдан, Ирандан өкүлдөр келишти. Андан сырткары булар үч жолу инвестициялык форум өткөрүштү. Бирок майнап деле чыккан жок. Чоң-чоң инвестициялык долбоорлор келген жок. Анын бир себеби – азыркы губернатордун укук-ченеми өтө эле чектелүү. Мурункудай өзүнүн бюджети жок, өзүнүн аппараты менен гана алек болуп калды. Айыл өкмөттөргө, чоң-чоң ишканаларга таасир эте алган жок. Колунда мүмкүнчүлүк болбогондон кийин Сооронбай Жээнбеков эле эмес, башка региондордун башчылары деле ушундай абалда.

Ошол эле маалда Абдразаков Сооронбай Жээнбековдун Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы болуп дайындалганын эп көрбөй турганын кошумчалады:

- Бул кызматка өтө интеллектуалдуу, инновациялык технологияларды колдоно билген, жаңыча ойлонгон жашыраак кадрды алып барса туура болмок. Кадр саясатын азыр бул тигил жакка, тигил бул жакка барсын деп жүргүзгөнгө болбойт. Азыр жаңы технологиялар, инновация жөнүндө ойлонуп, кадрлардын жаңы резервдерин түзө билүүгө жетишүү керек. 60ка жакындап калган киши ушундай демилгени колго алып, жаштар менен теңата сүйлөшүп, көйгөйүн чечип бере алат дегенден алысмын.

Ошто Жээнбековдорду өтө белгилүү жана таасирлүү адамдар катары билишет. Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы иниси Асылбек Жээнбеков 2011-жылдан бери Жогорку Кеңештин төрагасы. Дагы бир иниси Жусупбек Шарипов Кыргызстандын Кувейттеги элчиси. Кантөрө Шарипов Жалал-Абаддагы Финансы институтунун ректору.

Коомчулукка ага-ини Жээнбековдордун Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурунку жетекчиси Абдылда Капаров менен араздашуусу белгилүү. Капаров Жээнбековдорду 2010-жылы июнь коогасында элге курал тараткан, коопсуздукка делген каражат кымырылып кеткен деп айыптап жүрөт. Жээнбековдор болсо аны сотко берип, Капаровду айыпка жыгышкан.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG