Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Жер-сууну булгаган айдоочуларга айып салынды


Быйыл жыл башынан бери Бишкек-Ош жолунда аварияга кабылып, күйүүчү майы төгүлгөн бензовоз айдоочуларына 1000 сомдон 7000 сомго чейин айыппул салынды.

Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция билдиргендей, 2016-жылдын январынан бери аталган жолдо күйүүчү май ташыган жүк унааларынын катышуусунда жети жол кырсыгы катталып, бензин-соляркалар талаага жана дарыяларга төгүлгөн. Айдоочуларга экологияга зыян келтиргени үчүн айыппул салынды.

Күйүүчү май жеткирүү менен алектенген “БС Петрол” ишканасына эрежелерди сактабай, суу ресурстарына келтирген зыяны үчүн 525 миң сом доо коюлду. Ишти Чүй облусунун Жайыл райондук соту карап жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG