Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:16

Кыргыз президенти Европада


Роза Отунбаева Европа Комиссиясынын жетекчиси Жозе Мануел Баррозо менен жолугушууда. Брюссель, 1-март.
Роза Отунбаева Европа Комиссиясынын жетекчиси Жозе Мануел Баррозо менен жолугушууда. Брюссель, 1-март.

Президент Отунбаеванын Европадагы иш сапары учурунда июнь коогалаңын иликтеген комиссиялардын корутундулары да талкууга алынууда.

НАТО жардамын берүүгө даяр

Курамына 27 мамлекетти бириктирген Европа Биримдиги 15 трлн. долларга жакын ички дүң продукциясы менен экономикалык жактан дүйнөдө алдыңкы орунда турат.

Бул Биримдик менен Кыргызстандын кызматташтыгы 1991-жылы башталган. Азыркы мезгилде Бишкек Европа Биримдиги менен да, Биримдикке кирген мамлекеттер менен өз-өзүнчө да кызматташып келатат. Биримдик Кыргызстандын ири донорлорунун жана насыя берүүчүлөрдүн бири.

Европа Биримдиги менен Кыргызстан коопсуздук, ИИМди реформалоо, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, адам укуктары жана демократия өркүндөтүү багытында кызматташып келатат.

Мына ушул багыттагы кызматташууларды андан ары өнүктүрүү президент Роза Отунбаеванын 28-февралда Брюсселге башталган сапарында талкууланууда. Бул маалыматты президенттин маалымат катчысы Султан Каназаров 1-мартта тастыктады:

- Негизги карала турган маселелер Европа структуралары менен чогулуп калган маселелер. Бул - чек ара коопсуздугун күчөтүү, билим берүү жаатындагы программалар.

Роза Отунбаева менен Эл аралык кризистик борбордун европалык бөлүмүнүн жетекчиси Луиза Арбурдун жолугушуусунда улут аралык ынтымакты камсыздоо, июнь коогалаңын акыйкат иликтөө маселелери да козголгон.

Президент Отунбаева НАТО баш катчысы Андерс Расмуссен менен. Брюссель, 28-февраль.
Президент Роза Отунбаева 28-февралда НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен менен жолугушууда Кыргызстан коопсуздук багытында жардамга муктаж экенин билдирген:

- Биринчиден, мен коңшу Ооганстан маселесин көтөргүм келет. Ошондой эле бизди өтө кабатырланткан Тажикстан, андан ары Ооганстан менен чек ара аймактар. Биз чек ара күчтөрүн бекемдөөбүз керек, мен баш катчы менен бул тууралуу сүйлөштүм. Биз өткөн жыл соңунда террордук чабуулга кабылдык. Бул биздеги жаңы коркунуч, адамдар арасында атайын иштерди жүргүзүүнү жана тийиштүү министрликтерди чыңдоо жаатында НАТОдон көп нерсе үйрөнгүбүз келет.

Өз кезегинде Расмуссен террордук коркунучка бет келген Кыргызстандын коопсуздук системасын реформалоого жардам берүүчү кеңешчилерди жиберүүгө НАТОнун даярдыгын билдирген.

Евробиримдик Кыргызстанга кандай жардам бере алат?

1-мартта Роза Отунбаева Европа Комиссиясынын жетекчиси Жозе Мануел Баррозо, Европа Кеңешинин президенти Херман ван Ромпей жана башка расмий адамдар менен жолугушту.

2-мартта Роза Отунбаева Европа Биримдигинде сапарын улантат. Анын Францияда ЮНЕСКО сыяктуу бир катар уюмдарда жолугушууларды өткөрүүсү белгиленген.

“Атуулдук коом коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюмунун лидери Төлөйкан Исмаилова Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташууларга карата мындай пикирин билдирди:

- Брюсселде дүйнөлүк, белгилүү саясатчылар менен жолугушуулар болуп жатат. Анда Кыргызстандын коопсуздугу, экономикалык карым-катнаш кандай болот деген маселелер талкууланууда. ЕККУнун форматында үчүнчү корзина деп аталган адам укуктары жана демократия иштей алабы же иштей албайбы деген маселе да турат. Анткени мурунку төрага Казакстан жакшы иштей алган жок. Азыркы төрага Литва Европа Биримдигинин мүчөсү. Бул уюм Кыргызстанга кандайча жардам бере алат? Анткени бизде шайлоолор келатат.

Төлөкан Исмаилова Борбор Азияда биринчи парламенттик бийлик системасын түзгөн Кыргызстанга Европада жардам берүүнү көздөгөндөр көп экенин да кошумчалады.

Европалык уюмдардын бири болгон Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун учурдагы төрагасы, Литванын тышкы иштер министри Аудронюс Ажубалис 2-мартта Ош облусунда болот. Андан кийин 3-мартта Бишкекте өкмөт башчы баш болгон расмий адамдар менен жолугушат.

Түштүк окуяларын иликтеген ЕККУнун комиссиясы да жакынкы мезгилдерде өз иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялоо алдында турат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG