Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:30

Роза Отунбаева: Сарсанаа болууга негиз жок


Президент Отунбаева Европа жана Борбор Азия боюнча дүйнөлүк экономикалык форумда. Вена, 8-июнь.
Президент Отунбаева Европа жана Борбор Азия боюнча дүйнөлүк экономикалык форумда. Вена, 8-июнь.

Бул күндөрү Австрияда сапарда жүргөн Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева Венада "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.


Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева 8-июнда Вена шаарында дүйнөлүк экономикалык форумда сөз сүйлөдү. Ошондой эле Австриянын президенти Хайнц Фишер жана өлкөнүн канцлери Вернер Файман менен жолугушту. Кыргызстандын Австриядагы элчилигинде бул өлкөдө жашап, иштеп, окуп жаткан кыргызстандыктар менен учурашты. Ошол жолугушуу маалында кыргыз президенти «Азаттыктын» кабарчылары Венера Сагындык кызы жана Бурулкан Турдубек кызынын суроолоруна жооп берген эле.

Президент адегенде бул сапары соңку жылдары мамилелер солгундап кеткен Кыргызстан менен Европа ортосунда көпүрө куруу аракети экенин ырастады:

Роза Отунбаева: Ошондой десек болот, анткени Европа деле Орто Азияны азыр көңүл борборуна коёт. Анткени дүйнөгө белгилүү Давос форуму Вена шаарында Орто Азия жана Борбордук Европа маселелерине багытталып, биз Орто Азия жөнүндө кеңири маалымат берип атабыз. Австрия дайыма Батыш менен Чыгыштын ортосундагы көпүрө болчу. Мен Австрияда булардын бизге буруп аткан көңүлүнө таң калып атам. Биз мурун тышкы иштер министрине жетсе жетип калчу элек, азыр болсо президент болобу, канцлер болобу, канцлердин орун басары – тышкы иштер министри болобу, эртең спикер менен жолугушуп атабыз бул жерде. Ошондой эле кечээ өзүңүздөр көргөндөй, Бруно Крайский борборунда Австриянын мурунку канцлери Враницкий баш болуп чоң жолугушуу болду. Бул эл аралык мамилелер боюнча жалпы Австриянын профессор, студенттерине кеңири маалымат бере турган борбор. Ушул борбордо баары Кыргызстанда болуп аткан абалга кызыгып атышат. Булар Орто Азияга, өзгөчө Кыргызстанга чындап эле көңүл буруп атканына күбө болуп атабыз.

“Азаттык”: Ош окуяларынын бир жылдыгы алдында турабыз. Элдин баары эле коопсуз болобу деп кичине сарсанаа болуп турушат. Өкмөт кандайдыр бир коркунучтарды алдын алып, же токтотууга күчү жетет деп айта аласызбы?

Роза Отунбаева: Силер сарсанаа болбой эле койгула. Менин оюмча, жакшы эле өткөрөбүз. Мисалы мен кечээ бул жерде президент Рахмон менен жолугуп калдым, мен силерге айтайын, алардын муфтийи келатат Ошко. Орусиянын муфтийи келмек эле, бирок 12-июнь - Орусиянын улуттук күнү, ошондуктан анын орун басары келатат, биздин муфтий келет, Москвадан Салижан Шарипов келет. Ошентип баарыбыз Ошто чогулуп, жума күнү намаз окулат ал жерде, куран окутабыз, ошондой эле түшкө чейин «Эки эненин көз жашы» аттуу айкелди ачабыз. Ушундай баарылап даярдаган иш чараларды өткөрөбүз. Коопсуздук жагынан деле биз көп иш чараларды, камкордук көргөнбүз. Эч ким сарсанаа болуп аткан жок.

“Азаттык”: Эртең Европада ЕККУда жолугушуу өткөрөсүз да, жакында кыргыз парламенти Киммо Килюненди “персона нон грата” деп жарыялады. Ошол боюнча жеке пикириңизди айтасыз?

Роза Отунбаева: Ушуну мен айтпай эле коёт элем, Ош окуяларынын бир жылдыгын өткөрүп алалычы, андан кийин айтат элем. Бирок эртең мен Вена шаарында жайгашкан ЕККУнун туруктуу кеңешинде сөз сүйлөйм, бизде болуп аткан абал боюнча азыркы эл аралык комиссиянын жыйынтыктары, ошондой эле башка комиссиялар да иштеп чыкты, ошолор боюнча да сөзсүз сөз болот. 50 мамлекеттин мүчөлөрү, алардын элчилери бизге тиешелүү суроолорду берет. Мен ойлойм, биринчи жолу Орто Азияда ушундай докладды жасаттырып, чындыкты табалы деп аракет жасап атабыз. Эки жолу кайталанган окуя болуп калды. Эми ушуну такыр кайтарылгыс кылып иштеп чыгалы деген чоң аракеттерди көрүп атабыз.

“Азаттык”: Кыргызстанда экономикалык маселе өтө олуттуу маселелердин бири азыр. Бүгүнкү форумдан Кыргызстан эмне ала алды?

Роза Отунбаева: Бул биринчи форум болуп атат Венада. Азыр бири-бирибиз менен таанышып, кандай жылыштар болуп атат деген мааниде сөздөр болуп атат. Мисалы, ишкерлер келет бул форумга. Быйыл мен өзүмдүн сунуштарымды айтып кеттим, туризм тармагында болобу, өзгөчө Австрия - кышкы лыжа спорту боюнча дүйнө жүзүндө эң эле белгилүү борборлордун бири. Ушул жагынан дагы булар бизге жардам беребиз, инвестиция алып келебиз деген ойлор менен калып атышат. Мейли ушул жагынан, мейли экология жагынан, мейли жаңы технологиялар жагынан биз бир топ мыйзамдарды азыр парламенттен өткөрүп атабыз. Бул жеке менчик жана мамлекеттик ортосунда кызматташтык боюнча, ошонун негизинде бизнес, ошондой эле технопарктар боюнча долбоорлорду карап жатабыз. Ушул мыйзамдар көп инвестицияларга жол ачат. Биз ушулар жөнүндө айтып кеттик азыр.

“Азаттык”: Чоң рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG