Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:27

Кыргызстан президенти Роза Отунбаева өлкө эгемендигинин 20 жылдыгы алдында “Азаттыкка” атайын маек курду.

«Азаттык»: Урматтуу президент айым, мындан 20 жыл мурда ошол кездеги муун мына эркиндик алдык, эми өзүбүздүн асабаны көтөрөбүз деп шыктанып, дуулдап жүрдүк элек. Ошондон бери Кыргызстан орошон окуяларга бай болду. Артка кылчайып: “Ким элек - ким болдук?” деген суроого сереп салып бербейсизби.
Эгемендикти туура пайдаландыкпы, же бул текке кеткен жылдарбы деп бүгүн баа бере турган кез. 20 жыл тарыхый жактан өтө аз, бирок бул жылдары Кыргызстан казанда кайнап, абдан көп окуялар өттү. Мамлекетти кой, 20 жылдын ичинде ар бир адамдын башынан кандай гана нерселер өтпөйт! Биз өлкөбүздө ушунча энергияны ачтык.


Роза Отунбаева: Кыргызстандын эгемендик өмүр баянына сереп салып жатканда дүйнөдөгү 200 өлкө менен салыштырыш керек. Улуу Британиянын 800 жылдык демократиясы башкаларга үлгү болду, АКШ демократиясы 200 жылдан ашты, эски континентте болсо миң жылга чейин жашаган мамлекеттик түзүлүштөр бар. КМШ өлкөлөрү быйыл 20 жылыбызды гана белгилейбиз. Бул жылдарды туура өттүкпү, эгемендикти туура пайдаландыкпы, же бул текке кеткен жылдарбы деп бүгүн баа бере турган кез. 20 жыл тарыхый жактан өтө аз, бирок бул жылдары Кыргызстан казанда кайнап, абдан көп окуялар өттү. Мамлекетти кой, 20 жылдын ичинде ар бир адамдын башынан кандай гана нерселер өтпөйт! Биз өлкөбүздө ушунча энергияны ачтык. Акселерация деген сөз бар - тез бышат, тез өсөт дегенди туюнтат, биз ушундай тез саясый процесстер менен келе жатабыз.

Ооба, жаңы эгемендикти алганда кичинекей баланын чоң кыялдары болот ко, мындай өлкө болсок, тиги жер жыргал экен, бул жер сонун экен дедик. Жомоктор, аткарылбас ойлор, калптар бар экен - ошонун баары башыбыздан өттү. Кичинекей баладай болуп, бирөөнүн айткан сөзүнө ишенип, көп акчаны короттук. Дүйнөлүк банк бизге канча долбоорлорду берди, менин эсимде бар, мал чарбасынан бизди жыргатабыз деп, Африкаданбы, башка жактанбы эксперттер келишкен. Чынында дүйнө жүзүндө малдын тилин эң мыкты билген биз – кыргыздар экенбиз да. Мына ошентип отуруп башка өлкөлөр 100 жылда өткөн процесстерди биз 20 жылдын ичине сыйдырып келатабыз. Мисалы, Батыш өлкөлөрдө Карл Маркстан баштап Адам Смит, башкалардын теорияларынын негизинде приватизация процесстери 20-кылымга чейин созулган. Маргарет Тэтчер өкмөттүн колундагы мүлктүн баарын саттырып жиберген күчкө салып. Мисалы, Францияда азыр деле жарык индустриясы, газ, транспорт болсун өкмөттүн, коомдун мүлкү болуп эсептелет. Биз болсо мүлк министрлигин жоюш керек, мүлктүн баарын сатыш керек деген кысымдардын алдында келатабыз.

Биз жакында Венгрияга барган элек, алар да тегеректеги өнүккөн өлкөлөргө, Германияга баарын ары-бери сатып жибергенбиз, эми суу, газ, жарыктын баарын азыр өкмөт кайра сатып алайын деген аракетте болуп жатканын айтышты. Мен тээ 90-жылдары кантип чоң имараттар, коомдук мүлктүн баары бир эле адамдыкы болуп калат деп ишенчү эмес элем. Бирок биздин кызыл директорлор чоң имараттарды арендага берип коюп гана жымыйып жүрүшөт ко. Приватизация - адамдардын жанын ооруткан, кызыкчылыктарына устарадай тие турган процесс. Мунун негизинде биздин коом бай жана кедей болуп, бөлүнүп кетти. 20 жылдын ичинде канча адам өндүрүшүн коём деп ары барып, бери келди, же такыр о дүйнөгө изи жок кетип калганына баарыбыз күбө болдук.
20 жыл ичинде кыргыз эли чоң сыноолордон, чоң казаттан өтүп келатат. Биз бирөөнүн бөлүгү эмес, жаңы өлкө болуп, өзүбүздүн желегибиз, гимнибиз, гербибиз, түндүгүбүз, өзүбүздүн мыйзамдарыбыз менен жашап жатабыз. Дүйнөлүк уюмдардын мүчөсүбүз. Биз цивилизация жолунан тетири кетсек, андай болбойт деп бизди тизгиндеп атышат.


Дагы бир нерсе - бул урбанизация процесси. Советтер Союзу тушунда Кыргызстандын 75 пайыз эли айылда жашачу, шаарда болсо башка калктар, анан орусча сүйлөгөн кыргыздар турган. Чет мамлекетке бармай деген чоң проблема. Айылдарда жумуш, социалдык камкордук бар болчу, бирок айылдан шаарга келе албайт элең. Советтер Союзу жок болгондон кийин чоң толкун менен элдер шаарга толду.

20 жыл - кылымга тете процесс. Жасабаган ишти жасадык, ойлобогон ойлор келди, барбаган жерлерге бардык. Бүгүн кыргыз Орусиянын түпкүрүндө да жашап атат. Баягүнү бирөө Курил аралында иштеп жүрөм дейт. Туугандары Курилден ары да жер бар бекен деп сурайт экен. Азыр кыргыз барбаган жер жок калды. Кыскасы, 20 жыл ичинде кыргыз эли чоң сыноолордон, чоң казаттан өтүп келатат. Биз бирөөнүн бөлүгү эмес, жаңы өлкө болуп, өзүбүздүн желегибиз, гимнибиз, гербибиз, түндүгүбүз, өзүбүздүн мыйзамдарыбыз менен жашап жатабыз. Дүйнөлүк уюмдардын мүчөсүбүз. Биз цивилизация жолунан тетири кетсек, андай болбойт деп бизди тизгиндеп атышат.

Биз бул дүйнөгө жарылып келген, бутубузга туруп жаткан, ачык өлкөбүз. Биз жөнүндө кандай гана чет өлкөлүк серепчилер талыкпай күнүгө жазышат. Жалаң эле Кыргызстан жөнүндө Интернет сайттар бар, биз бар үчүн керек болсо айлык алышат. Биздин проблемалуу райондорго барып, ошол жерден дүйнө жүзүнө маалымат жиберип атышат. Кыргызстанда кандай процесстер өтүп жатат деп дүйнө жүзү талыкпай турнабай менен карап отурушат. Ушул 20 жыл ичинде жетишкендиктер да болду, утулганыбыз да болду, көп кыйынчылык тарттык, бирок элибиз баарына чыдады, үйдө тынч отурбай, мындай болушу мүмкүн эмес деп жаны күйүп жатат. Демек, элибиздин мүнөзүндө адилеттик, жакшылыкка умтулуу бар экен. Болуптур, мен азыр ушундай жашап атам, бирок менин балдарым мындай жашабасын деп 2005, 2010-жылы өзү көтөрүлүп чыкты.


Дүйнө алыш-бериш менен жашайт


«Азаттык»: 20 жылда Кыргызстан толук көз карандысыз өлкө боло алдыбы? Анткени, ошол эле мунайзатты, газды алалы, экономикалык жактан Кыргызстан дээрлик сыртка көз каранды. Классикалык аныктама бар экен, экономикалык жактан көз каранды болгон мамлекет саясий жактан да көз каранды болот деген. Кандай шартта, кайсы мезгилде Кыргызстан өзүн толук көз карандысызмын деп айта алышы мүмкүн экенин философ-окумуштуу катары айта аласызбы?

Роза Отунбаева: Азыр дүйнөдө ким бар толук көз карандысыз? Американын, Франциянын, дегеле өнүккөн өлкөлөрдүн сырткы карызынын көлөмүн карасаңар, триллиондоп кеткен. Европанын баары Орусиянын газына көз каранды. Көп ресурстары бар мейли Орусия, мейли Казакстан, мейли Өзбекстан, мейли Түркмөнстан болсун - баарыбыз азыркы заманда бири-биризге көз карандыбыз. Мисалы, Исландия эң өнүккөн 5-10 өлкөлөрдүн ичинде турат. Булар балык жана 2-3 продукция эле сатышат экен. Ширеңкеге чейин сырттан сатып алышат. Бирок абдан сарамжалдуу болуп, экономикасын жакшы алып кеткен өлкөлөрдү бактылуу деп эсептесек туура болот.

Биз азыр гана рынок экономикасын үйрөнүп баштадык. Экөөбүз СССР учурунда жашадык, 20 жыл мурдагыны эле эстеп көрсөң. Мисалы, Горбачев аракка каршы чоң согуш жарыялап, ичкендерди тыйып, жүзүмдөрдүн баарын кыркып жок кылган. Кыргызстанда да аракечтерге айлык акысын бербеш керек деп чыгышкан, анда аларың ооруканага жаттым деп, бюллетень ачтырып алып эле жашап жүрө берчү. Бүгүн андай жок да, акылга сыйбаган жорук болмок. Ошентип, 20 жылда маркет экономиканы, көп эле нерсени үйрөңдүк, туризмди үйрөнүп атабыз. Кол өнөрчүлүк өсүп, ар бир аял үйүндө шырдак-кийиз жасап, сатып жатышат. Ар бир адамды жалпы экономикалык процесстерге киргизсек, экономикабызды көтөрөт. Батышта экономиканын 70-80 пайызы чакан бизнес - чакан дүкөн, чакан бутик, ошол жерге жердин түбүнөн болсо да сатып келишет. Ар бир үй-бүлө өзүнчө бизнес болуш керек экен. Мына, биз да ар бир адам кыймылдаш керек деген жолго түштүк.

Ак үй алдындагы нааразылык акция, 2011-жылдын 27-апрели.
«Азаттык»: Кыргызстан мамлекет болбой калды, жакында ыдырайт деп бир канча жылдан бери эле кулакка куюп келатышат, орусиялык басылмаларда бул ой көбүрөк айтылат. Кыргызстан митингстан болуп калды, элинин тынчы жок экен, эмне болсо эле көчөгө чыгат, жол бууйт деп келекелешет. Бул терең социологиялык, экономикалык изилдөөлөрдөн чыккан жыйынтыкпы же кандайдыр бир саясый максатты көздөгөн ойбу?
Тоноочулук, жапайчылык деп бизди кандай гана шылдыңдап мазакташты! Бул нерсе жалаң эле биздин өлкөдө эмес, эң өнүккөн өлкөлөрдө болгонуна баарыбыз күбөбүз.


Роза Отунбаева: Чындан эле 2005-жылдан баштап Кыргызстанда жол буумай, көчөгө чыкмай көп болду. Бизде митингдердин эркиндиги бар мыйзам боюнча. Ошонун негизинде өкмөттүн же Жогорку Кеңештин имаратынын тегереги дайыма митингге толо. Бирок коомдо нааразылыкты айтып турган маанилүү. Кичинекей адамды чоң мамлекеттик машина укпай, тоготпой калат экен, нааразылыктарды сезбей калат экен. Бул негизи туура, анткени такыр эле бууп, эч кимди чыгарбай, биз жасап аткандын баары туура десек, өкмөттүн армиясы, коопсуздук күчтөрү, милициясы бар, ошентип басым кылып отурса, ыза, нааразылык чогула берет, кайнай берет, анан бир күнү жарылат. Биздин денебиз болсо нормалдуу өнүгүп жатат, нааразысыңбы - чыгып айткың, спикер, премьер-министр чыгып, ошол замат чараларды көрүп жатпайбызбы. Тоноочулук, жапайчылык деп бизди кандай гана шылдыңдап мазакташты! Бул нерсе жалаң эле биздин өлкөдө эмес, эң өнүккөн өлкөлөрдө болгонуна баарыбыз күбөбүз.

Бишкек, 2010-жылдын 7-апрели.
2005-, 2010-жылдагы окуялардын, былтыркы июнь окуяларынын негизинде Кыргызстан бөлүнүп кетет дешти. Кыргызстандын суверенитетине, биримдигине абдан чоң сыноо болду. Бул эми атайын жазып жаткан серепчилер. Бир жагынан, балким, бизге мындай сындар керектир. Анткени, биз да намыстанып турушубуз керек. Биз ачык өлкө болгондуктан, биз жөнүндө кенен жазып атышат. Ошол эркин прессабыз дегендер эмне себептен Орто Азиядагы башка өлкөлөр жөнүндө бир сөз жазышпайт? Анткени, алар көзөмөлдөгү пресса, кожоюндары алар жөнүндө жаздырбайт, анткени маанилүү экономикалык келишимдери бар, анын баарын сезип, көрүп жатабыз. Бирок биздеги процесстер дүйнө жүзүндөгү нукта келатат, биз элди камап, бууп, басып жаткан жокпуз. Эл эркин түрдө өзүнүн көз карашын айтып келатканына дүйнө жүзү күбө болуп жатат.

Демократиялык процесс деп бүгүнкү 21-кылымды айтып жатабыз. Бирок бул нерсе кыргыз элинде дайыма бар болчу, чорт сүйлөп, бетке айтып дегендей, демократия бизге абдан мүнөздүү. Ошондуктан, биздин көчмөн демократиябызда мындай көрүнүштөр кадыресе нерсе, биздин каныбызда, биз ушундай процесстерден тез өтүп жаткандыктан мамлекетүүлүгүбүз да тезирээк жетилип келатат. Эми сырттан бизди ошентип келекелеп, сындап жатышса, Манастай болуп чыдамкайлык кылып, керектүүнү алып, керексизин ары түртүп салыш керек деп ойлойм.


Базалар чордону болуу тобокелдиги


«Азаттык»: Глобалдык заманда чоң оюнчулар деген түшүнүк бар эмеспи. Энергетиканын чоң булагы катары Борбор Азияга карата алардын ар кандай кызыкчылыктар бар, ошол чоң державалардын оюндары Кыргызстандын келечегине, тагдырына кандай таасир этиши мүмкүн?

"Манас" транзиттик борбору.
Роза Отунбаева: Кыргызстан көп тобокелдиктердин чордонунда. Жаныбызда 30 жылдан бери согуштан башы чыкпаган Ооганстан турат. Ошондой эле миллиард калкы бар Индия борбору Делиден Бишкекке чейин учак менен эки сааттык жол. Индия менен Пакистандын ортосунда көп жыл басылбаган конфликт бар. Биздин алдыбызда чоң коркунучтар турат. Бул маңзат трафиги, курал-жарактар да биз аркылуу өтүүдө. Маңзаттар бизден Европага чейин жетип, ошолордун кызыкчылыгына терс таасир этет. Алар болсо бизге көп көңүл бура баштайт.
Биздин өлкө бирөөнүн базасына, туруктуу зонасына айланбаш керек. Бул биздин максат эмес, кереги да жок, өзүбүз менен өзүбүз эле эгемендикте жашаганыбыз жыргал болот эле. Биздеги Орусиянын, Американын базаларынын өз максаттары бар.


Биз КМШ өлкөлөрүнүн тарыхый бир бөлүгү болуп, ошол эле учурда супердержава Американын базасы бизде жайгашкан. Быйыл Америкада 2001-жылы болгон трагедиянын он жылдыгы. Бизде ошол окуядан кийин «Манас» деген транзиттик борбор пайда болуп, аскерий күчтөрдүн баары ушул транзиттик борбор аркылуу Ооганстанга кетүүдө. Мурда Ооганстандагы аскерий операцияларга керек заттардын баары океандан Пакистан аркылуу Ооганстанга жеткирилчү. Азыр ал жол такыр иштебей калды. Курал-жарак, тамак-аш - баары “Түндүк жол” деп коёт, Казакстан, Орусия, Өзбекстан аркылуу келип жатат. Мен айтат элем, ошол жолдор аркылуу ташылып жаткан көлөм биздеги транзиттик борборго салыштырганда кыйла көп. Бирок эмнегедир эле транзиттик борбор оркоюп көздөрүнө көрүнүп эле, 10 жылдан бери тепкилеп топ кылып алышты.

Бул геосаясий оюндар. Кытайларга да ушул база жакпайт деп аларга көп шылташат. А кытайлар турса турсун дегендей бейкапар кабыл алышат. Анткени, бул өлкөдө да проблемалар бар. Ооганстандан тараган коркунучтар ал жакка таасир этпесин деген түрдө биздеги базанын турганы аларды кабатыр кылбайт. Орусияда көп борборлор бар, Тышкы иштер министрлиги, Коргоо министрлиги, дагы бир тобу бири-бирине кайчы келген көз караштарды айта беришет. Биз кичинекейбиз, ошонун баары келип бизге тиет. Эми, менимче, өз ишибизди жасай беришибиз керек. Ошолордун баары Орусия аркылуу темир жол менен келип, Орусия канча пайда көрүп атат? Биз да пайда көрүп атабыз. Качан ал жакта токтойт, биз да ошондо токтойбуз деген мааниде иштей беришибиз керек.

«Азаттык»: Кыргызстанда азыр эки база туруп атат, ал ортодо өлкө түштүгүндө эки машыктыруу борбору деп айтылып калат, бир жагынан америкалык болот экен дейт, бир жагынан орусиялык дейт. Чакан Кыргызстандын аймагы жалаң куралдарга толуп кетпейби? Ооганстандан америкалыктар, НАТО кеткенден кийин бул базанын тагдыры кандай болот?

Орусиянын Канттагы авиабазасындагы учактар

Роза Отунбаева: Биздин өлкө бирөөнүн базасына, туруктуу зонасына айланбаш керек. Бул биздин максат эмес, кереги да жок, өзүбүз менен өзүбүз эле эгемендикте жашаганыбыз жыргал болот эле. Биздеги Орусиянын, Американын базаларынын өз максаттары бар. Түштүктө али эч нерсе жок, бирок коркунучтун баары ошол жерде экен, Баткен согушу, былтыркы коогалаң болду. Фергана өрөөнү коркунучтарга абдан жыш деп, аскерий күчтөр машыгышы үчүн шарттары болуш керек деген Орусиянын да, Американын да ойлору бар. Куруп беришсин. Мисалы, Түркия деле балдарды окутканга аскерий институттун имаратын куруп беребиз деген. Бизде ушундай капиталдык курулуштар аз. Мисалы, америкалыктар бир топ жакшы базаларды куруп берди аскерлер үчүн Токмокто, Кой-Ташта, ал жерде бир дагы америкалык адам жок. Америкалыктар бүгүн Тажикстанда чек ара бекеттерин капиталдуу куруп берип жатышат. Демек, эч кандай проблема жок.

«Азаттык»: Жакын арада Американын жана НАТОнун акскерлери Ооганстандан чыгарылат деп саясий чечим кабыл алынды. 2014-жылга чейин мөөнөткө база боюнча кол коюлуп калган, ошондон кийинки тагдырын ким чечет?

Роза Отунбаева: Ар нерсенин өзүнүн чеги бар. Американын президенти Обама Ооганстандан аскерлери 2014-жылдан баштап чоң массада чыгарылат деп элине жарыялады, быйылдан баштап эле чыгарыла баштады. Эми оогандар да өз элибизге, өлкөбүзгө өзүбүз ээ бололу, НАТО бир күнү чыгып кетет, анан өзүбүз иштешибиз керек деген планы болуш керек. Биз да өзүбүздүн пландарыбызды ошого карата түзүшүбүз керек. 2014-жылы массалык түрдө чыгарабыз дегенге карата бизде да аракеттер болот.

«Азаттык»: Президент болгонуңузга бир жылдан ашты, Евробиримдикке бардыңыз, Америкага барганда сизди биринчи адамдар өзгөчө ишаарат менен кабыл алды. Ошол эле кезде Отунбаева президент катары эмне себептен Кыргызстандын стратегиялык шериги деп жүргөн Москвага барбайт деген суроо пайда болууда, же чакырбай жатышабы?

АКШ президенти Барак Обама менен жолугушуу, Вашингтон, 2011-жылдын 7-марты.

Роза Отунбаева: Визиттердин мамлекеттик, расмий жана жумушчу иш сапары деген түрлөрү болот. Иш сапары менен мен Орусияда бир жарым жылдын ичинде кеминде төрт жолу болдум. Кремлден чыккан жокмун, Путин менен бир нече жолу жолуктум, Медведев менен он чакты жолу жолуктум. Биз чындан эле шериктеш өлкөлөрбүз. Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишиминин, КМШнын, ЕврАзЭШтин, ШКУнун мүчөсү болгондуктан, биз тез-тез жолугуп, сүйлөшүп турабыз. Бирок Кыргыз мамлекетинин президентин расмий чакырганга жетпей калдым, бир жарым жыл кыска мөөнөт экен.


Кызмат эч кимге атасынан калган эмес


«Азаттык»: Ушул жылдын аягында президенттик кызматымды өткөрүп берем деп өзүңүз бир нече жолу тастыктадыңыз. Буга чейинки Кыргызстандын эки президенти мөөнөтү бүтүп баратканда эле каап чоң программам бар эле, аягына чыкпай калдым, эми 5 жыл болсо ошол максатымдын өтөсүнө чыгат элем деген шылтоо менен кийинки шайлоого барып келишпеди беле. Сиз дагы чоң максаттарым бар эле, мөөнөт аздык кылып, аягына чыгалбай калдым деп өкүнгөн жоксузбу?
Бийликти мыйзам ченемдүү, тынчтык түрдө утуп келген адамга бериш керек. Муну көзү менен көрүп, сезип, ошону түшүнүп, бийлик сага атаңдан калган нерсе эмес, эл сага бийликтин баарын колуңа чогултуп берет экен, туура, адилеттүү башкар дейт экен, маалы келгенде ошол бийликти башка бирөөгө бересиң дейт экен.


Роза Отунбаева: Мен башынан эле мөөнөтүм чектелгенин билип туруп келгем, алдымдагы биримдигибизди кармап, курч абалда ыдыратпай эки жакты кармап туруу керек деген милдет турган. Былтыр техникалык өкмөттүн башчысы, ага чейин Убактылуу өкмөттүн башчысы катары, ноябрдан кийин функциям өзгөрүп, парламенттик республикадагы президент катары көп нерсе чектелди менин ишмердүүлүгүмдө. Балким, мага чейинки президенттердин чоң экономикалык пландары болгон чыгаар. Биздин алдыбызда кыска мөөнөттөгү максаттар турду. Былтыр июнь коогалаңынан кийин үйлөрү күйүп кеткен адамдарга тамдарды куруш керек болчу, ал жерлерге стабилдүүлүк алып келиш керек болчу, ошол эле убакта экономиканы кыйратпаш керек болчу. Анын баарын кармап турдук, өз маалында кышка нан камдадык, энергетиканы үзгүлтүккө учураткан жокпуз.

Орусия президенти Дмитрий Медведев менен ШКУ саммити алкагындагы жолугушуу. Астана, 2011-жылдын 15-июну.

Ошондой эле коррупцияны жоюш керек эле. Революция ошон үчүн болду эле да. Эми коррупция деген чоң ажыдаар экен, 3 млрд. долларга жакын бюджетибиз бар, ошол туура сарпталып жатабы же жокпу, министрликтер жеп алып атабы-жокпу деген мааниде коомдук көзөмөл кеңеш түздүк эле. Мен кеткенден кийин алардын баарын Отунбаева алып келген деп моюндарын кайрып коюшпаса болду. Азыр ошол тармактын ардагерлери, уяттуу, билимдүү адамдар, жаштар ар бир министрликке келип иштеп, бекер убактысын берип жатышат. Тышкы саясатта да бир топ идеялар бар, биз быйыл БУУнун адам укугу боюнча уюмуна орун басар болуп калдык. Ал жерде да стабилдүүлүк иштерине жардам бере алат элек, өзбек-кыргыздын ортосундагы жарашуу процессинде көп долбоорлорду жасайт элек. Бийликти мыйзам ченемдүү, тынчтык түрдө утуп келген адамга бериш керек. Муну көзү менен көрүп, сезип, ошону түшүнүп, бийлик сага атаңдан калган нерсе эмес, эл сага бийликтин баарын колуңа чогултуп берет экен, туура, адилеттүү башкар дейт экен, маалы келгенде ошол бийликти башка бирөөгө бересиң дейт экен. Мисалы, Орусияда Ельцин бийликти тапшырып кетпеди беле. Кыргызстанда ушундай болуп калсын деген мааниде берип атам.

«Азаттык»: Белгилүү дарыгер Жеңишбек Назаралиев жакында билдирүүсүндө Отунбаеванын ордун баса турган, көп тил билген, дүйнөлүк жүрүм-турум эрежелерин кан-жаны менен өздөштүргөн, башка өлкөлөрдүн лидерлери менен тең ата сүйлөшө алган, президентикке ылайыктуу инсан жок деп жазды. Чын эле кыргызда сиздин ордуңузду татыктуу баса турган, президенттикке жарай турган жигиттер же кыздар жокпу?
Биз парламенттик системага чочуп эле келген жокпуз. Эки президентибиз өлкөдөн сүрүлүп чыгып, бийликти бир колго топтогон туура эместигин баштан өткөрүп, ошонун негизинде азыркы президенттин ролуна келдик.


Роза Отунбаева: Жеңишбек иниме рахмат мени ушунча жогору баалаганына, ал дүйнө жүзүндө көп жүрөт. Экинчиден, азыркы саясатчылардын арасында президенттикке жарагандар сөзсүз бар. Тышкы иштер жагынан тажрыйба, билим деген өзгөчө билимдер сөзсүз керек. Бирок Кыргызстандын ичинде аброю жогору, иштери жемиштүү болуп турса, мындай иштерди деле алып кете алат. Негизи бийлик деген командалык иш, бул жалгыз бир адамдын иши эмес. Мен канчалык жаркыраган жылдыз болсом да, өзүм иштин баарын бүтүрө албайм, мага көп нерсени даярдашат, эксперттер, билимдүү адамдар ар бир тараптан кеңештерин айтышат, мен ошолордун баарын угуп, аягында өзүм чечим кабыл алам. Биринчи катарда келаткан саясатчылардын кимиси келсе да, такшалып калган тышкы иштер тармагында адистер бар. Туура кеңеш берип, туура багытты көрсөтүп, Кыргызстандын башчысын эч уят кылбай жардам берет деп ишенем.

«Азаттык»: Кыргызстан Борбор Азияда феномен болуп калды, парламенттик демократияны тандады, бирок ошол эле кезде парламенттин иштегенине деле көп боло электе эле аябай көп сындар айтылып атат. Ошол жагдай парламенттик демократия деген идеяга доо кетирбейт болду бекен? Сиз парламенттик системанын келечегин көрүп атасызбы?

Роза Отунбаева: Биз парламенттик системага чочуп эле келген жокпуз. Эки президентибиз өлкөдөн сүрүлүп чыгып, бийликти бир колго топтогон туура эместигин баштан өткөрүп, ошонун негизинде азыркы президенттин ролуна келдик. Азыр бул система оппозицияга да жагып атат. Оппозиция министрлерди дайындап атат, айта турган сөзүн айтып атат. Эми бул жаңы көрүнүш, башкаруунун жаңы формасы. Жасаган ишиңдин баарын макулдашып турушуң керек экен. Гезиттерде жүрөт, президенттин аппараты, парламент, өкмөт канча каражатты сарптады жарым жыл ичинде, же кайсы учак менен кетти деп, качан эле ушундай ачык болчу эле? Мисалы, президенттин иш башкармасы абдан туюк, жабык болчу. Азыр болсо ийне-жибине чейин жазып жатышат. Парламенттик башкаруунун эмнеси жакшы? Чын эле тең салмактуулук болот экен, өкмөт бир нерсе жасаса, аны эч ким билбей калды деген болбойт, парламент аларды тескеп турат экен. Президент парламентке сын бере алат, алар болсо мени сындап жатышат, тең салмактуулукта тезирээк өнүгөбүз. Мен буга терең ишенем. Биз ошого көнө албай атабыз. Бизде биринчи парламент, дагы ушундай парламент болсо, үчүнчүсү келсе, бул нерсени кепке да албай калабыз. Европа эң өнүккөн континент деп атабыз. Ошол жердеги 50 мамлекеттин баары негизи парламенттик демократиялар. Жаныбыздагы миллиарддуу Индияда жүздөн ашык улут, каста, дин, тил бар. Бир кылымдан бери бул жерде тынымсыз парламенттик демократия иштеп эле келатпайбы.


Байлардын жанында кедей болууга акыбыз жок


«Азаттык»: Кыргызстан чоң сыноонун астында турат: президенттик шайлоо деп баары уу-дуу түшүп, 80 киши президент болом деп, ушунун тегерегинде экиге бөлүнүп кетпесек экен, жарышка чыккан лидерлер тар эмес, бийик максатты көздөсө экен, элди жерге, урууларга бөлбөсө экен деп, алтурсун Башкы прокуратура да эскертүү бергенге аргасыз болду. Сырттагы маалымат каражаттары болсо бул шайлоо Кыргызстандын түбүнө жетип коюшу мүмкүн деп жазууда. Чын эле президенттик шайлоонун аягы Кыргызстанды ыдыратууга алып келеби?
Бир шайлоодон өтө албай, чалынып, жамандыкка малынган Манастын урпактарына жарашпайт, бул биздин элибиздин деңгээлин түшүрө турган нерсе. Ошондуктан бул шайлоо кыргыз элине, биздин 20 жылдыгыбызга, кыргыз демократиясына чоң сыноо.


Роза Отунбаева: 80 талапкер бул, албетте, көп. Анткени өнүккөн партиялар, же өнүккөн саясий күчтөр чыгарат өздөрүнүн талапкерлерин. Чоң өлкөлөрдө ашып кетсе он чакты кандидат чыгат. Бирок жаш демократияларда ушундай мисалдар бар. 1995-жылы Польшада жүздөн ашык кандидат чыккан болчу. Биз да ошондой тажрыйбаны башыбыздан өткөрүп жатабыз. Кабатыр идеяларга, ойлорго макул болот элем. Анткени, ар бир эл өз денесин сезет, элибизди жакшы билебиз. Ошол эле маалда бизди чачырап жок болуп кетет, өлкө эмес дегендерге айтат элем: Кыргызстан эски континентте байыркы эл, тегерегибизде өлкөлөр - дүркүрөп келаткан Кытай, заманга жемиштүү ыңгайлашып жаткан Казакстан, ошондой эле Орусия экономика жагынан жакшы келатат. Биз ушулардын арасында жаман жашабашыбыз керек эч качан. Биз эч качан бөлүнбөйбүз, чачырабайбыз.

Мына Африка континентинде 60-жылдары деколонизация процесси башталганда кандай гана согуштар болгон жок, онго бөлүндү - кайра кошулду, чопо идиштей болуп эле талкаланып, кайра биригип эле келатат. Бир да өлкө такыр жок болуп кеткен жок. Анан эмнеге биз бөлүнүшүбүз керек? Биз бир элбиз, тилибиз, динибиз, жүрүш-турушубуз бир. Ошондуктан президенттик шайлоодо өзүбүздү тыйып, балдарыбыздын келечегин ойлойлу. Тигилердин бара турган жери жок деп толгон мисалдарды айтып эле келатабыз, ошонун баарын эстеп, туюп, акыл менен иштешибиз керек. Бир шайлоодон өтө албай, чалынып, жамандыкка малынган Манастын урпактарына жарашпайт, бул биздин элибиздин деңгээлин түшүрө турган нерсе. Ошондуктан бул шайлоо кыргыз элине, биздин 20 жылдыгыбызга, кыргыз демократиясына чоң сыноо. Шайлоодон аман-эсен өтүп кеткенге биздин бүгүнкү деңгээлибиз, саясый маданиятыбыз, дүйнө түшүнүгүбүз жетет.


Кыргызстанды 3-революция – китеп революциясы күтүүдө

«Азаттык»: “Көрүнгөн тоонун ыраагы жок” деп кыргыздар айтмакчы, кызматыңызды, кийинки президентке тынчтык жолу менен өткөрүп, оң салтка жол салайын деп турасыз, тилегиңиз ишке ашсын. Андан аркы Отунбаеванын саясий карьерасы кандай болот болду экен? Активдүү саясатта кала бересизби же өзүңүз айткандай, Европанын тынч жерине барып алып, мемуар жазасызбы?
Мен убактым бүттү деп чыгып кетип жатам. Бирок азыркы саясий процесстерде биз багыт тандадык, ушул ишибиз аягына жетсин десек, баарыбыз ошого көмөк көрсөтөбүз, жанында турабыз дегендей мааниде айтат элем, такыр үйгө отуруп алып, эми билгениңерди жасагыла дегендей оюм жок.


Роза Отунбаева: Чынында Кыргызстан жөнүндө жакшы китеп жок чет өлкөлөрдө. Кандай заманда жашап калдык, китептин баркы болбой калды. Ошол эле учурда Орусияда жакшы китептер миллиондогон нускада чыгып атат. Ошондой эле чет мамлекеттерде рухий борборлор – китепкана, же китеп саткан дүкөндөр толтура. Мейли Лондон, мейли Нью-Йорк, кайсы жерде болбо, Кыргызстанга бир жолу келип, бир ай отуруп кеткен адамдар биз жөнүндө китеп жазат англис же француз тилинде. Бирок Кыргызстанды ичинен эч ким билбейт, кыргыз эмне деген калк, азыркы саясый тарыхы, турмушу жөнүндө. Демек, азыр Кыргызстан жөнүндө китеп жазгандын өзү өзүнчө революция. Мен жаза аламбы-жокпу, кудай илхам береби, убактым болобу, бирок бул чоң тилек. Көп окуйм, дайыма дүкөндөргө барам, кандай китептер чыгып жатканын карап турам, өзгөчө Орто Азия боюнча. Кыргыз болобу, өзбек болобу, же казак болобу - ушундай китеп жазды дегенди билбейт экемин. Чет элдик дипломаттар же изилдөөчүлөр жазат.

Роза Отунбаева Соң-Көлдө.
Экинчиден, биз - саясатчылар монстр, такыр эле бийликтен кеткиси келбеген, жагымсыз жүзү менен элди сынап турат деген адамдар эмеспиз. Күнүгө биз жөнүндө жаман сөз жазылса, биз да абдан көп санаага батабыз. Баягүнү Отунбаева атка минет деп келекелеп жазышты. Кыргыздын миңдеген аялдары жайлоолордо жүрөт, балдарын багып атат, бул эмне жапайылык же айбанчылык жасап атканыбызбы? Кыргыздар аттын тилин, дилин билет деген адамдар катары таанымалбыз дүйнө жүзүндө. Улуу Британиянын канышасы 85 жашта, ат минип татынакай эле дүйнө жүзүнө туура жүрүш-туруштун үлгүсүн көрсөтүп жүрөт. Мен болсо кыргыздын кызымын, мен ат мине албасам, ошондо уят болмок. Саясатчылардын ар биринин өзүнүн мөөнөтү, убагы бар. Мен убактым бүттү деп чыгып кетип жатам. Бирок азыркы саясий процесстерде биз багыт тандадык, ушул ишибиз аягына жетсин десек, баарыбыз ошого көмөк көрсөтөбүз, жанында турабыз дегендей мааниде айтат элем, такыр үйгө отуруп алып, эми билгениңерди жасагыла дегендей оюм жок.

«Азаттык»: Демек, тарыхый жоопкерчиликти мындан ары да мойнуңузга алып жүрөт турбайсызбы. Урматтуу президент айым, убактыңызды бөлүп, бизге маек куруп бергениңизге “Азаттыктын” окурмандары менен угармандарынын атынан ыраазылык жолдойбуз. Ишиңизге ийгилик каалайбыз, ден-соолукта болуңуз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG