Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:49

Британия: кол салуунун курмандыктары төрткө жетти


Лондондун полициясы 22-мартта Британ парламентинин жанында болгон кол салуудан кеминде төрт адам мерт кеткенин билдирди. Каза болгондордун арасында бычакталган полиция кызматкери, эки жөн-жай тургун жана кол салууга шектелген адам бар. Жыйырмадай адам ар кыл деңгээлдеги жаракат алышты.

Полициянын маалыматы боюнча, шаршемби күнү түштөн кийин белгисиз адам автоунаасы менен Вестминстер көпүрөсүндөгү ондон ашык жөө кишини сүзүп кеткен. Андан соң унаадан чыгып, парламенттин кайтаруудагы аймагына жетип келип, полиция кызматкерине бычак урган. Кол салган адам парламент имаратын көздөй чуркап бараткан кезде полиция ага ок аткан. Бычакталган полицей ооруканада көз жумганын Би-би-си телеканалы кабарлады.

Вестминстер көпүрөсүндө унаанын алдында калган кеминде эки адам жан бергени аныкталды. Көпүрөдөн Темза дарыясына кулап кеткен бир аялды куткаруучулар аман сактап калышты. Бирок анын жарааты оор экени кабарланды. Полиция бул окуяны террордук чабуул деп атады.

АКШнын жана Евробиримдиктин бир катар лидерлери Лондондогу кол салууну айыптап, курман болгондордун жакындарына көңүл айтышты. Ак үйдүн басма сөз катчысы Шон Спайсер президент Дональд Трамп британ премьер-министри Тереза Мэй менен сүйлөшкөнүн айтып, британ полициясынын окуя боюнча тез чара көргөнүн кубаттады.

XS
SM
MD
LG