Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:14

Жогорку Кеңештин түзүлгөнүнө 75 жыл толуп отурса, Кыргызстан парламенттик башкарууга өткөнүнө үч жарым жылдын жүзү болду.

Өткөн аптада Жогорку Кеңештин 75 жылдыгына арналган салтанатта сөз сүйлөгөн президент Алмазбек Атамбаев учурдагы кыргыз парламенти кээде ашкере саясатташып кетерин белгиледи. Анткен менен Кыргызстан парламенттик өлкө экенин белгилеген депутат-эксперттер саясий орчун окуялардын Жогорку Кеңеште жүрүп жатышын жана ит жыгылыш талкууларды мыйзам ченемдүүлүк катары санашат.

Парламентаризмдин келечеги - ЖКнын колунда

Кыргыз парламентинин 75 жылдык мааракесинде сөз сүйлөгөн президент Алмазбек Атамбаев учурдагы Жогорку Кеңештин ишмердигин бир жагынан алкап, экинчи жагынан сындап өттү.

Кыргызстандын эли парламенттик демократиянын өнүгүшүнөн чоң үмүткөр болгон. Бирок бүгүн көп адамдар мындан күмөндөнүп, а түгүл парламенттик өнүгүү жолунан ачык эле көңүлү калгандары да бар.
- Парламент үч жылдын ичинде үч башкаруучу коалиция жана үч өкмөт түздү. Бардык актуалдуу маселелер боюнча парламентте курч талкуулар өтүп жатат. Бирок ошол эле учурда парламентте талкууланган маселелер ашкере саясатташып кетиши элибиздин нааразычылыгын жаратып жатат. Чечимдерди кабыл алууда Жогорку Кеңеш өз укугун жана жоопкерчилигин таразалабаганы, айрыкча өкмөт менен иштешүүдө ушундай көрүнүштөр байкалууда.

Жогорку Кеңеште башка бийлик бутактарынын укуктарын талашуу, популизм жана куру кыйкырыктар болуп жатканын белгилеген президент парламенттик башкаруу системасынан элдин көңүлү калуусу да бар экенин кошумчалады. Бирок ал Кыргызстандын келечеги бир гана парламенттик башкаруу системасы менен деп эсептейт.

- Сиздерди шайлоо менен Кыргызстандын эли парламенттик демократиянын өнүгүшүнөн чоң үмүткөр болгон. Бирок бүгүн көп адамдар мындан күмөндөнүп, а түгүл парламенттик өнүгүү жолунан ачык эле көңүлү калгандары да бар. Албетте, бул ойлондурбай койбойт. Анткени мен өзүм парламенттик өнүгүү жолун колдоп жатам. Ошондуктан парламенттик демократиянын тагдырынын жоопкерчилиги бүгүн Жогорку Кеңештин өзүндө экенин билиши керек.

Саясат таануучу Эмил Жураев президенттин пикирине себеп болгон жагдайлар катары айрым депутаттардын Жогорку Кеңеш трибунасын жеке кызыкчылыкка пайдаланган учурларды мисал келтиргени менен парламент табиятынан саясий талаштардын очогу экенин айтат:

- Эгер Жогорку Кеңеш саясатташпаса, анда башка кайсы орган саясатташмак эле. Экинчи жагынан Атамбаевдин айтып жатканы да туура. Атамбаев өзгөчө өкмөт мүчөлөрүнүн, прокуратуранын жана башка органдар ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңеш өзүнө алып жаткан учурларды айтып кетти окшойт.

Парламент - бардык бийликтин жүзүбү?

Элдин көңүлү калса, жалпы бийликтен калып жатат. Бардык бийликке ишенбөөчүлүк болуп жатат. Баарын бийликтин бир бутагы болгон парламентке оодара салыш чындыкка дал келбейт.
Жогорку Кеңештеги “Республика”факциясынын депутаты Абдыжапар Бегматов парламент ашыкча саясатташып кетти деген пикирге кошулбайт. Ал парламент өзүнүн көзөмөлдөөчү орган катары милдетин гана аткарып жатканын айтууда.

- Жогорку Кеңеш өзү саясий орган. Мүмкүн кайсы бир деңгээлде аткаруу бийлигинин ишине кийлигишкен учурлар бардыр. Анткени Жогорку Кеңештин көзөмөлдөөчү функциясы бар. Өкмөт жакшы иштебей жатканына аралашып иштегенге туура келип жатат. Аларды күнүгө сайгылап, айтып турууга туура келип жатат.

Буга чейин эки ыңкылапты башынан өткөргөн Кыргызстан 2010-жылы парламенттик өлкө экендигин жарыялаган. Саясий илимдердин доктору Аалыбек Акуновдун баамында, бул аралыкта Жогорку Кеңеш гана эмес, бардык бийлик бутактары эл күткөндөй оңолуп кеткен жок. Акунов тескерисинче, парламенттин чечимдери көп учурда аткарылбай калып жатканын айтып, негизи Жогорку Кеңеш аткаруу бийлигин мындан да бекемирек көзөмөлгө алышы керек болчу деп эсептейт.

- Элдин көңүлү калса, жалпы бийликтен калып жатат. Бардык бийликке ишенбөөчүлүк болуп жатат. Баарын бийликтин бир бутагы болгон парламентке оодара салыш чындыкка дал келбейт. Көңүл калуу жалпы эле бийлик коррпуцияланып, эки революциядан бийлик тийиштүү жыйынтык чыгарбагандыгынан улам болуп жатканы көрүнүп турат.

Президент ошондой эле бир катар депутаттар жана эксперттер өлкөнүн келечеги бир гана парламенттик башкарууда деген менен, Кыргызстанда президенттик күчтүү башкарууну жактагандар да бар. Ал эми Кыргызстандын парламенттик өнүгүү жолун тандап алышын кошуна мамлекеттер, ошону менен бирге Орусия сын көз менен карап келатат. 2010-жылы Орусиянын мурдагы президенти Дмитрий Медведев Кыргызстандын парламенттик системага кадам ташташын мамлекет катары кыйроо катары да баалаганы бар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG