Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:29

КСДП “Ата-Журт” менен ийиндешип калды


Бешинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйыны, Алдыда А.Атамбаев жана И.Исаков (КСДП фракциясы), 10-ноябрь.

Бешинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйыны, Алдыда А.Атамбаев жана И.Исаков (КСДП фракциясы), 10-ноябрь.

Кыргызстан социал-демократиялык фракциясы коалиция түзүү боюнча акыркы аракеттерин жасап, анын негизги варианты аныкталып калганы байкалууда.

Жума күнү социал-демократтардын лидери Алмазбек Атамбаев “Ата Мекен”, “Ата-Журт” жана “Республика” фракцияларынын лидерлери менен коалиция боюнча сүйлөшүүлөр өткөрдү. Келечектеги коалициянын курамы так айтылбаган менен анын негизги варианты аныкталып калгандай.

15 жумушчу күн качан бүтөт?

КСДПнын эсеби боюнча, коалиция түзүү боюнча аларга Конституция берген мөөнөт 3-декабрда соңуна чыгат. Баш мыйзамдын 84-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык, коалиция куроого кайсы бир фракцияга 15 жумушчу күн берилет. Президент Роза Отунбаева КСДП фракциясына коалиция куроо мандатын 11-ноябрда тапшырган. Бирок эрежеге ылайык эсеп 12-ноябрдан башталган. Ортодо 16-ноябрда Курман айт белгиленген. 12-ноябрдан тарта жумушчу күндөрдү эсептегенде 15 жумушчу күн 3-декабрга келүүдө.
Данияр Нарынбаев

Өлкөдөгү белгилүү юристтердин бири Данияр Нарынбаев да мындай эсепти тастыктады:

- Мындай эсеп туура. Мен дагы ошентип эсептеп көрсөм, меники дагы экиси, же үчү чыгып жатат.

Коалиция түзүүгө дагы бир жума бардыгына байланыштуубу, КСДП дүйшөмбү күнгө парламенттин жыйынын чакыруу демилгесинен баш тартып, жыйынды 1-декабрда өткөрүүнү белгиледи.

КСДПнын өкүлү Фарид Ниязов 26-ноябрга карай коалициянын конфигурациясы так аныктала электигин билдирди:

- Толук конфигурация калыптана элек. Азыр ачык айта албайбыз. Кыязы дем алыш күндөрү фракцияларда талкуулар болот.

КСДП "Ата-Журттун" колун кармады

Бирок расмий эмес маалыматтарга караганда, социал-демократтар “Ата-Журт” жана “Республиканы” катыштыруу менен коалиция түзүүнү чечип алышты.

КСДП өкмөт боюнча “Республика” менен буга чейин эле сүйлөшүп алган болсо, “Ата-Журтка” конкреттүү сунуштарды 26-ноябрда берүүнү убада кылды.

“Ата-Журт”фракциясынын мүчөсү Мыктыбек Абдылдаев конкреттүү сунуштар убада кылынганын тастыктады:

- Бизге конкреттүү сунуштарды беребиз дешти. Эгерде бизге бүгүн (26-ноябрь) кечке чейин берсе, биз эртең фракцияны чогултуп жатабыз, ошол фракцияда өзүбүздүн депутаттар менен кеңешебиз.

Мыктыбек Абдылдаев убакыт өтө аздап баратканын, бирок “Ата-Журт” КСДП - “Республиканын” курамындагы коалициядан баш тартпасын да белгиледи.

КСДП “Ата-Журт” менен коалицияга баруунун алдында бул партиянын идеологиялык душмандары эсептелген “Мекен шейиттери” жана “Айкөл Ала-Тоо” уюмдары менен сүйлөшүп, алардын макулдугун алган. Муну “Мекен шейиттеринин” төрагасы Осунбек Жамансариев “Азаттыкка” тастыктады. Ошол эле мезгилде бул уюмдар “Ата Мекен” менен коалицияга барууга далаалат жасоону унутпоого КСДПны чакырышкан.

"Ата Мекен" жана "Ар-Намыс" оппозицияда

Бирок түзүлүп жаткан кырдаал “Ата Мекендин” коалицияга кирбей калуусунан кабар берет. Анын үстүнө Өмүрбек Текебаев баштаган “атамекенчилер” жума күнү Казакстанга ЕККУнун конференциясына жөнөп кетишти. Ошондуктан ишемби күнү коалиция боюнча кызуу талкуу “Ата-Журт”, “Республика” жана КСДП фракцияларында жүрөт.

Айрым маалыматтарга караганда, КСДП менен “Ата-Журттун” ичинде Жогорку Кеңештин төрагасы боюнча бир аз талаш-тартыш бар. КСДП бул орунга Марат Султановду ылайык көрсө, “Ата-Журт” фракция лидери Акматбек Келдибековду кудалап жатат. Бирок убакыт кыстап калганда Алмазбек Атамбаев “Ата-Журттун” позициясына көнүүгө аргасыз болушу мүмкүн.

Ошентип, КСДП - “Республика” - “Ата-Журт” коалициясы түзүлүү алдында турат. Эгерде мындай коалиция түзүлсө, анда “эски достор” Өмүрбек Текебаев жана Феликс Кулов белин бекем бууп, оппозициянын ролун аткарууга өтүшөт.

А булар жеңил-желпи оппозиция болбошу көпчүлүккө даана.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG