Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:52

Депутаттардын жүрүм-туруму, сүйлөгөн сөздөрү тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чопонбаев ой бөлүштү.

“Азаттык”: Жаңы парламенттин иштеп жатканына бир топ болуп калды. Сиз анын ишине, депутаттардын жүрүм-турумуна көз салып турсаңыз керек. Азыр депутаттардын дарегине сүйлөгөн сөздөрү, билдирүүлөрү боюнча бир топ дооматтар айтыла баштады. Сиз аларга кандай мүнөздөмө бересиз? Дегеле парламентке кимдер келди?

Мукар Чолпонбаев: Мен бүгүнкү парламентке келген депутаттарга анча ыраазы болгон жокмун. Биринчиден, париялык тизме деп койгондон кийин эле, ошол партиянын жетекчисине көз каранды болуп, анын айтканын аткарып, эмне десе ошону жасагандар келет экен. Эгерде ар бир депутат шайлоочулардын элегинен өткөн болсо мындай депутаттар келбейт эле.

“Азаттык”: Депутаттык этика деген бар эмеспи. Ушуга ылайык, депутаттар министрлер болобу, же дагы башка өкмөт мүчөлөрүн кагып-силккенге, алардын жеке керт башына асылууга укугу барбы?

Мукар Чолпонбаев: Депутаттар эле эмес, министрликтерде, мамлекеттик кызматта тургандан кийин ар бир адамдын өзүнүн этикасы болуш керек. Мамлекеттик кызматта турган адам кичипейил, сүйлөгөн сөздөрүнүн баары орундуу болуп, ойлонуп сүйлөшү керек да. Өзгөчө өзү теңдүү адамдарды кагып-силкпей. Анткени кандай айтсак да мамлекеттик кызматта жүргөн адамдар, элдин ичинен төбөсү көрүнүп калган адамдар болот да. Мына ошолор элдин көзүнчө бири-бирин кагып-силкүү, ошол кагып-силкүүдөн жабыр тарткан башка адамга эмес, ошондой аракетке барган депутаттын өзүнүн аброюна шек келтирип, анын деңгээлинин кандай экенин көрсөтүп турат.

“Азаттык”: Эми атын айтпай эле коёлу, парламенттин бая күнкү жыйынында “бөрү баласы ит болбойт”, деп айткан депутаттар болду. Мындай сөздөр эмнеге алып келиши, арты эмне менен бүтүшү мүмкүн?

Мукар Чолпонбаев: Кимиси кандай деп, депутаттардын атын атай берген туура болбос. Ар кимиси эми дагы ойлонуп көрүшөр. Себеби депутаттардын көпчүлүгү жаңы келген депутаттар. Эч качан мындай мамлекеттик кызматта иштеп көргөн эмес, адамдар менен иштеп жетекчи да болушкан эмес. Ушуга байланыштуу алар бийлик деген ушу экен, илгери бирөө айткандай “мен жетекчи болсом, сен акмаксың, сен жетекчи болсоң, мен акмакмын”, дегендей мааниде иштегиси келген адамдар болуп жатат. Алардын өздөрүн мындай алып жүрүүсү жакшылыкка алып келбейт.

“Азаттык”: Парламенттеги орой, одоно көрүнүштөрдөн арылуу үчүн кандай чаралар керек?

Мукар Чолпонбаев: Мындай нерселер анча-мынчадан болуп келген. Бирок мынчалык чоң деңгээлде кыргыз парламентинин тарыхында болгон эмес. Ошол кезде этика деген атайын комиссиялар түзүлүп, ал комиссиялар мындай учурлардын баарын карап, тарбияга салганга аракеттерди жасачу эле. Айтып атпаймынбы, мурда депутаттар иргелип, мурда-кийин мындай кызматтарды көргөн, мамлекеттик кызматта иштеп тажрыйбасы бар адамдар келишет эле.

“Азаттык”: Парламенттин Этика комитетинде депутаттарды сылыктыкка үйрөтүү боюнча чаралар каралганбы?

Мукар Чолпонбаев: Эми бул маселени өздөрүнүн регламентинде, Этика жөнүндө жобосунда карашы керек. Бирок мындай чаралар болгону менен аларга моралдык эле анча-мынча таасир кылгандан сырткары, депутаттык ыйгарым укуктарынан ажыратуу, же болбосо элге салуу деген маселелер жок да. Азыр болгон бир гана мүмкүнчүлүк ошол партияга, анан фракциянын жетекчисине ошол депутаттын жүрүм-туруму тууралуу билдирүү жасап, эгерде өтө эле ашып кете турган болсо депутаттыктан чыгаруу маселесин койсо жакшы болор эле.

“Азаттык”: Сиз спикер болуп турганда депутаттардын чектен чыккан учурлары болду беле?

Мукар Чолпонбаев: Мен спикер болуп турганда депутаттардын бири-бирине, аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнө, министрлерге мынчалык орой мамиле жасаганын көргөн эмесмин.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG