Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:49

Коомдук байкоочулар Жогорку Кеңеште ишкерчилик менен алектенген парламентарийлердин атын айтып чыгышты.

Баш мыйзамда болсо депутаттын бизнес менен шугулдануусуна тыюу салынган.Эл өкүлдөрү болсо элди жумуш менен камсыз кылып жатабыз деп актанууда.

Ишкер депутаттар аз эмес

Табийгый ресурсттар министрлигинин алдындагы Байкоочу кеңештин төрага орун басары Мелис Сатыбеков бизнес менен шугулданган бир нече депутат бар экендигин айтып чыкты:

- Мыйзамдарды өзүңөр деле карап көрсөңөр болот. Депутаттын статусу жөнүндө, Мамлекеттик кызмат жөнүндө жана Баш мыйзамдарда да каралган. Баш мыйзамдын 72-беренесинде ошондой. Ишкерчилик менен алектенген депутаттар көп эле.

Аталган байкоочу кеңеш “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев кен иштетүүчү компанияларга ээ экендигин жарыялады. Баш мыйзамдын 72-беренеси депутаттын мамлекеттик кызматта иштөөсүнө, ишкерчилик менен алектенүүсүнө жана коммерциялык уюмдардын курамына кирүүсүнө тыюу салат. Ага карабай көптөгөн депутаттардын жеке бизнеси бар экени жашыруун болбой калган. Мындай шартта депутаттар мыйзам долбоорлорун жалпы элдин эмес, өз бизнес кызыкчылыктарына ылайыктап жазып коюу коркунучу бар экендигин эксперттер эскертүүдө.

Эмгегине сыймыктанган ишкер-депутат

Ал ортодо “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев ишкерчилик менен алектенгенине тескерисинче сыймыктанаарын билдирди:

- Бул мыйзам бузуу эмес. Мен депутат болуп төрөлгөн жокмун. Мен кечээ гана депутат болуп шайландым, бир жыл боло элек. Мен эч кимден тартынбайм да, жашырбайм. Мен ишкермин. Канча жыл ишкер болсом, мен ошончо жыл миңдеген адамды иш менен камсыз кылып келдим.

Арапбаев ээлик кылган ишканалар негизинен курулуш тармагына таандык. Ал депутат болуп шайлангандан бери ишканаларды башка жетекчилер башкарып жатканын кошумчалады:

- Менин цемент, көмүр, шагыл чыгарган ишканаларым бар. Мунун баары мыйзамдуу, отчеттору бар. Ал эми мен депутат болуп шайлангандан кийин ошол ишканалардын баарына деректирлерди шайлагам. Укугумду өткөзүп берип, депутаттык милдетимди аткарып жатам.

Ошол эле Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров бизнеси бар парламентарийлер кайсы бир топтун кызыкчылыгын мыйзам аркылуу колдоо мүмкүнчүлүктөрү бар экенин жокко чыгарбайт.

- Мындай коркунучту парламенттин тилинде лоббизм деп койот. Кайсы бир тармактын кызыкчылыгын коргогонго депутаттардын мүмкүчүлүктөрү бар. Бирок мыйзам баарына тең иштейт. Мыйзам деген тигил же бул фирманы колдой албайт. Ал тармактарга же салык киргизип, же аны алып коюу менен ушул сыяктуу гана артыкчылыктарды бере алат.

Парламент да, өкмөт да кур эмес

Кыргызстандагы кен тармагында көп жыл иштеген, атын атагысы келбеген жаран депутаттардын арасында да, аткаруу бийлигинде да алтын иштетүүчү чет элдик компаниялардын кызыкчылыгын түз жана кыйыр түрдө колдоп жаткан жеке адамдар бар экенин айтууда.

- Чоңдордун арасында алтын кендердин кожоюндары жокко эсе. Бирок лицензия алып, иш жасап жатканда бирөөлөр аркылуу кызыкчылктарын түрткөндөр бар, ачык эле айталы. Мисалы азыр Казакстандын компаниялары жана инвесторлору көбөйүп жатат. Аларга ачыктан болбосо да, жашыруун колдоо берип жаткандар бар.

Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Чолпонкул Арабаев мыйзамдардагы тыюулар жөнүндө мындайча түшүндүрмө берди.

- Депутаттар гана эмес, башка да мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик кызматта иштөө менен бирге ишкерчилик менен алектенүүгө мыйзам тыюу салат. Баш мыйзамда жана Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамда да ошондой. Эгерде мамлекеттик кызматка киргенге чейин ишкерчилиги болсо, келишим аркылуу аны башка башкарууга өткөрүп бериши керек.

Ошол эле мыйзамдар мамлекеттик кызматты аркалагандарга окутуучулук жана илимий изилдөө менен алектенүүгө тыюу салбайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG