Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:31

Парламенттик кризисти каалаган күчтөр барбы?


Кыргыз парламенти
Кыргыз парламенти

"Республика" фракциясынын жетекчиси Жогорку Кеңеш төрагасын алмаштыруу демилгесин көтөрүп чыкты.

Ага удаалаш эле айрым басылмаларда парламенттин ишин сындаган жана анын тарашын талап кылган материалдар жарык көрө баштады. Талдоочулар мындагы окшоштуктар менен удаалаштыктарды салыштыруу менен бул жагдайды өлкөдө парламенттик кризис уюштурууну каалаган күчтөрдүн аракети катары сыпатташууда.

Сулаймановдун сунушунун артында эмне бар?

Жогорку Кеңештин өткөн бейшембидеги жыйналышында “Республика” фракциясынын жетекчиси Алтынбек Сулайманов парламенттин спикери Асылбек Жээнбековду кызматтан кетирүү демилгесин көтөрүп, бирок ага карата кандайдыр бир мыйзамдык негиздерди жүйөө келтирген жок. Болгону ал башкаруучу коалиция жаңыдан куралгандан кийин парламенттин төрагасы жана анын орун басарлары кайрадан шайланыш керек болчу деген маселени козгоду.

Алтынбек Сулайманов Асылбек Жээнбековдун төрагалыгы учурунда төрт депутат камакка алынганын айтып, муну жаман жышаан катары жооруду. Анын айтымында, мына ушул жагдай төрагага ишенбөөчүлүк көргөзүүгө негиз болот экен:

- Менин сунушум - төраганы жана анын орун басарларын кайрадан шайлайлы. Төрага сиз коркпой эле мына ушундай кадамга барышыңыз керек. Жакшы иштеген болсоңуз сизди кайрадан шайлап беришет. Буга чейин төрага болгондордун тарыхында парламенттин төрт депутаты камалган учур болгон эмес. Албетте бул сиздин күнөөңүз эмес. Бирок сиздин жолуңуз жакшы болбой жатат. Ошондуктан биз төраганын маселесин карашыбыз керек. Мурдагы төрага Келдибековду ушинтип кетиргенсиңер. Биз дагы сизге ишенбөөчүлүк көргөзө электе орун барсаларыңыздар менен бирге кетип, анан кайрадан шайланыңыздар.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков анын кызмат орду боюнча маселе мыйзамдын алкагында жана регламенттин негизинде карала турганын эскертти. Ошол эле кезде Жээнбеков төрт депутаттын камалышы спикердин ишмердиги менен эч кандай логикалык байланышы жок экенине токтолду:

- Алтынбек Сулайманов тарабынан маселе көтөрүлүп калды. Жолум барбы, же жолум жокпу аны убакыт көрсөтөт. Анан калган маселе боюнча мыйзамдын алкагында, регламенттин чегинде гана кетебиз. Айтып койо турган жагдай, Кудай сактасын, бардыгыбыз эсен-аманбыз. Мына ошол төрт депутат дагы эсен-аман. Кезинде депутаттарды чак түштө атып кеткен күндөр болгон. Депутаттардын балдарын өлтүрүп кеткен учурлар болгон. Ошон үчүн жакшы тилек менен иш кылалы. Кудай сактасын, бешинчи чакырылыш жакшы эле иштеп жатабыз. Өзүбүз өзүбүздү негизсиз жамандай бербейли.

Алтынбек Сулаймановдун төраганы алмаштыруу боюнча демилгесине удаа эле “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук коргоо борбору баштаган айрым бейөкмөт уюмдар парламенттин ашкере чыгымдары боюнча маалымат жыйынын өткөрдү. Анда изилдөөнүн жүрүшүндө 120 депутаттын ар бирин камсыздоого жылына алты миллион сом жумшала турганы жарыяланган болчу.

Жогорку Кеңештин депутаты Нарынбек Молдобаев муну чындыкка коошпогон сандар деп атап, парламентти каралоонун артында кайсы бир күчтөр бар деп шектенди:

- Кээ бир бейөкмөт уюмдар парламент депутаттары рекетчилик менен алектенип, сырттан келген компанияларды тоноп жатат деген маалымат таратышты. Эгерде ошол чын болсо далилдеп беришсин. Жок андай эмес болсо мына ошону тараткандар жооп беришсе жакшы болмок. Анан биздин парламент АКШнын Конгресси менен Сенатынан көп акча чыгымдайт экен деп чыгышты. Мына ошолордой айлык алсак, ушул жерде басып жүрөт белек. Мына ушуга окшогон билдирүүлөрдүн артында парламентти таратууну көздөгөн күчтөрдүн кулагы көрүнүп турат.

Бийлик талаштын билинбеген сырлары

“Фокус.kg” жана “Баракелде” сайттарында төраганы кызматтан кетирүүнүн артында турат делген башкаруучу коалициянын ичиндеги жана парламенттик оппозициядагы айрым депутаттардын ысымдары аталган. Автор аталган союздаштыктын бир тарабы төраганы ээрден оодаргысы келсе, экинчилери карама-каршылыкты андан ары тереңдетүү менен парламентти таратып, өзүнүн позициясын калыбына келтирүүнү көздөйт деп божомолдогон.

Бирок мына ошол саясий оюнчулардын тизмесине киргизилген депутаттардын бири Өмүрбек Абдрахманов саясий оюндардан оолак экенин айтып, бирок төраганын ишин жүйөөлү негизде сынга алгандардын катарында экенин белгиледи:

- Мен төрагадан парламенттин бюджетин реформалоо боюнча койулган милдеттерди аткарыңыз, андай болбосо сиздин үстүңүздөн да маселе көтөрүлүшү мүмкүн деп бир нече жолу айткамын. Мына ушул маселелер боюнча биз депутаттар төраганын отчетун угууга акыбыз бар. Эгерде анын отчету канааттандырарлык болбосо төраганы кайра шайлоо боюнча маселе чыгышы мүмкүн. Ошон үчүн айрым депутаттар ошондой демилге көтөрүп жатышат.

Анткен менен талдоочулар төраганы жыгып түшүү менен баштала турган саясий оюндун арты өлкөнү саясий кризиске кептеши мүмкүн деп кооптонушат. Саясий серепчи Нургазы Мусаев саясий жараянды башка нукка бурууга кызыкдар күчтөрдүн аракети бар экенин боолголойт:

- Кайсы бир күчтөр парламенттин ичинде саясий оюндарды сабаттуу уюштуруу жана коомдук пикирге таасир этүү аркылуу парламенттик кризисти жасалма түрдө деле уюштурууга болоорун жакшы билишет. Ал үчүн ар кимдин жеке кызыкчылыгына жараша атайын саясий союзду түзүшөт. Ага буга чейинки бийликтен четтетилип калган саясий күчтөрдүн түздөн-түз кызыкчылыгы бар. Төраганы кетиргенден кийин деле ал орун үчүн салгылаш өтө курч мүнөздө өтөт. Анын аягы парламенттик кризиске алып келиши мүмкүн. Ал эми парламенттик кризис өлкөдөгү коомдук-саясий абалдын олку-солкулугун шартташы күтүлөт. Мындай кесепеттердин алдын алыш үчүн парламент туруктуу иштеп, талаш-тартыштар саясий консенсус аркылуу чечилгени туура болмок.

Саясий айдыңда коомдук пикирге таасир этүүнү көздөгөн күчтөрдүн андай аракеттери байкалып жатканы менен бийлик үчүн күрөштөгү ачык “чабуулдар” азырынча баштала элек дешет талдоочулар. Кырдаалга таасир этүүнүн өзгөчөлүктөрүн иштеп чыгуу үчүн айрым саясий күчтөр чет элдик саясий технологдордун кызматынан пайдаланып жатышканы боюнча да маалыматтар тарады.

XS
SM
MD
LG