Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:05

Жергиликтүү бийликтердин ыйгарым укуктары боюнча Жогорку Кеңеш менен өкмөт эки ача кетти. Губернатор институтун калыбына келтирүү, акимдердин бийлигин күчөтүү максатындагы өкмөттүн аракетине парламент каршы чыккан эле. Өкмөт ага карабай өз максатын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү активдерге түшүндүрүү иштерин күчөттү.

Өкмөт райондук акимдердин ролун күчөтүү, губернатор институтун кайра калыбына келтирүү боюнча аракетин массага жеткирүүгө батыл киришти. Ага депутаттардын эс алууда жүргөн убагы да ыңгайлуу шарт түзүп берүүдө.

Азыркы кезде вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, мамлекеттик кызмат боюнча агенттиктин башчысы Аалы Карашев баш болгон топтор региондорду кыдырып, өкмөттүн максатын жергиликтүү бийликтерге, элге жеткирүү аракетин жасап жүрөт.

Элеттик карыя

Элеттик карыя

Өкмөттүк аппараттын уюштуруу жана жергиликтүү бийлик боюнча бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Эргешов өкмөттүн аракетинин себептери тууралуу буларды билдирди:

- Азыркы күндө 459 айыл өкмөт жана 31 шаар жөнөкөй эле финансылык планын бекитүү үчүн Бишкекке Финансы министрлигине келишет. Бүгүнкү күндө децентралдаштыруу деп жүргүзүп жаткан реформабыз, тескерисинче, супер борборлошуп калды. Борбордогу министрликтер, агенттиктер ыйгарым укуктардын баарын региондордон алып алган. Каржы маселесин да, кадр маселесин да, саясатын да алып, баары Бишкекте болуп калган. Бул борбордон ажыратуу саясатына каршы келет.

Бирок Жогорку Кеңеш жайкы эс алууга тараар алдында жергиликтүү бийликтерге байланыштуу өкмөттүн демилгелерине терс баасын берип, мыйзам долбоорлорун артка кайтарып жиберген эле.

Асылбек Жээнбеков Баткенге иш сапары маалында

Асылбек Жээнбеков Баткенге иш сапары маалында

КСДП фракциясынын жана Жогорку Кеңештин мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетинин мүчөсү Абдыманап Кутушев өкмөттүн аракетине мындай баасын берди:

- Эми албетте өкмөт аракеттенип жатат. Бирок баары бир бул маселени парламент карайт. Ошондуктан бул маселени парламент алдында түшүндүрүүгө көбүрөөк аракет кылса жакшы болмок. Негедир алар райондордо активдердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Эми ошол эл аркылуу депутаттарга таасир берели деп жатат окшойт. Бирок Конституцияга карама-каршы келген жактарды биз колдой албайбыз.

Абдыманап Кутушев КСДП фракциясы бул маселе боюнча өз позициясын тактай электигин кошумчалады.

Баткен облусунун мурунку губернатору Мамат Айбалаев акыркы мезгилде жергиликтүү бийлик органдары алсыздандырылып, баары борборго чогултулду деп эсептейт. "Бирок бийлик ыйгарым укуктарын бөлүштүрүүдө райондорду эмес, облустарды бекемдөөгө багыт алуу туура болот эле",- дейт Айбалаев:

- Губернаторлукту кайра калыбына келтиребиз деген абдан туура. Мен 74 жаштамын. Өмүр бою район, облус, республикалык деңгээлде депутат болуп, аткаруу бийлигинде иштеп келдим. Мен бүгүн райондорду жоюш керек деп эсептейм. Ага жумшалган каражаттарды башка жактарга жумшаш керек. 40 районго укмуштай көп акча жумшалып жатат. Ал эми облусту күчөтүп, губернаторлукту кайтарып, аларга бүт ыйгарым укуктарды бериш керек.

Мамат Айбалаев облустарды сактоо, губернаторлукту кайра калыбына келтирүү зарылдыгын кошуна мамлекеттерде ал институттардын иштеп турушу менен да байланыштырды.

Талдоочулардын баамында, аким, губернаторлордун ыйгарым укуктарын күчөтүү боюнча аракетти өкмөт мамлекет башчысынын колдоосу менен уюштуруп жатат. Буга президент Атамбаевдин эң жакын кадрлары Тайырбек Сарпашев, Аалы Карашевдин өкмөттүн демилгесин ишке ашырууда негизги ролду ойноп жатышы да далил боло алат.

Саясат талдоочу Марс Сариев өкмөттүн аракети мамлекет башчысы менен макулдашылганын ырастап, бул саясаттын себеби тууралуу буларды билдирди:

- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу күчөп баратат. Өкмөт ушул жактан коркунучту сезип жатат. Себеби жергиликтүү өз алдынча башкаруу күчөгөндөн кийин борборго баш ийбөө, регионализм күчөп кетип жатат. Азыркы бийликке айыл өкмөттөр баш ийбей жатышат. Бул мамлекетке коркунуч туудурат. Ошону сезип өкмөт бийлик вертикалын күчөткүсү келип жатат. Ошон үчүн губернатордун статусун көтөрүп, анан жергиликтүү бийликти колго алалы дешүүдө. Ага парламентте көпчүлүк каршы. Анткени оппозиция бул абалды курал катары пайдаланып жатат.

Сариевдин пикиринде, президент баш болгон бийлик башчыларынын бул саясатты күчөтүү бүтүмүнө келүүсүнө Жети-Өгүз, Жалал-Абаддагы окуялар таасир этти. Бирок өкмөттүн бул аракети анын парламент менен тирешүүсүнө, кырдаалдын курчушуна алып келиши мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG