Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:03

Мамбетов: Легендарлуу парламентти алтын тараткан


Легендарлуу парламенттин депутаты, тоо кенчи окумуштуу Шергазы Мамбетов.

Легендарлуу парламенттин депутаты, тоо кенчи окумуштуу Шергазы Мамбетов.

"Легендарлуу парламент” деген ат менен таанылган Кыргыз ССР Жогорку Советинин он экинчи чакырылышынын таркатылганына быйыл күздө жыйырма жыл болот.

"Азаттык" ушул тарыхый учурду утурлап Кыргызстандын эгемен өнүгүүсүнүн башатында турган парламенттин тарых-таржымалы, өткөөл доордун оош-кыйыштары тууралуу маек, баяндарды сунуштап турмакчы. Бул ирет чуулгандуу "алтын комиссиясынын" төрагасы, легендарлуу парламенттин депутаты, тоо кенчи окумуштуу Шергазы Мамбетов “Азаттыкка” маек курду.

Айлакер Акаевди коркуткан “алтын комиссиясы”

“Азаттык”: Шергазы мырза, легендарлуу парламент өзү негизи өткөөл мезгилдин парламенти болду го. Анын тарашына эмне себеп болгон?

Мамбетов: Аскар Акаев алтын маселесин ишке ашырбоо аракетин көрдү. Комиссиянын курамында Турдакун Усубалиев, Кубанычбек Идинов, Рамазан Дырылдаев, Бейше Молдогазиев, Анатолий Ежов, Жамал Ташибекова, Бекмамат Осмонов жана башкалар баштаган тогуз депутат бар болчу. Алтын комиссиясы тогуз ай иштеп, геологиялык чалгындоодон баштап, продукциянын кайда кетип жатканына чейин ар тармагын изилдеп, справка даярдаган.

Анан ал кездеги парламент төрагасы Медеткан Шеримкуловго “Ишти жазып бүттүк, президент, премьер, сиз болуп чогуу угасыңарбы? Кандай кыласыңар?” деп кайрылдым. А киши президентке чуркап барып келди да “үчөөбүз чогуу укканы калдык” деди. Бул бейшемби күн болчу. Жума күнү а киши (Шеримкулов - ред.) кайра айтып калды “президент даярдалган маалыматтарды ар бирибизге бергиле деп атат” деп. Макул деп, жолдомосун кошо тиркеп, ар бирине кийирип бердим. Дүйшөмбү күнү эле президент “эл мага ишеним көрсөтөбү же жокпу?” деп референдум жарыялап салды.

Менин оюмча, коркуп кетти. Анан мен Шеримкуловго кирип “укпайт экенсиңер, эми биз ишти сессияга чыгаралы” дедим. Сессияда катуу талкуу жүрдү. Акаев өзүнүн амалкөйлүгү менен Турсунбек Чынгышевди (ошол кездеги өкмөт башчы – ред.) салып берди да, өзү аман чыгып кетпедиби. Болбосо, кийин да көп анализ кылдым, өкмөттү башкарып аткан президент болчу. Президент жооп бериш керек эле. Аны чакырып алуу толук мүмкүн болчу.

“Азаттык”: Ал жерде корко турган эмне бар эле?

Мамбетов: Эң негизгиси, СССР кезинде Макмалдан чыккан алтын Рязанда, Новосибирскиде аффинаждалган экен. Анан булар бийликке келери менен Борис Бирштейндин учагы менен Швейцарияга ташып, мыйзамсыз иш жасаган. Болгондо да мамлекеттик күзөттүн башчысы, генерал (аты эсимде жок) баш болуп, Бирштейндин жеке машинасында ташыган экен. Ошол кезде 1600 килограмм алтын Швейцарияга кетип атат.

“Азаттык”: Мунун бардыгы сиздердин документтерде тастыкталганбы?

Мамбетов: Тастыкталды да. Экинчиси, чет элдик коммерсант Борис Бирштейнди өзүнүн жанына иш бөлмө берип, министрдин деңгээлинде отургузуп алган. Мыйзамсыз үч-төрт ишти жасаган. Дагы 14 тонна алтын Орусияга өтүп кеткен.

Жеке бийликтин башталышы, куулуктун зыяны

“Азаттык”: Андай болгондо бүгүнкүгө чейин ырбап, аягына чыкпай келаткан алтын чатагында легендарлуу парламенттин да жоопкерчилиги бар деп айтса болобу?

Мамбетов: Болот. Себеби аягына жеткире алган жокпуз. Дагы бир нерсени айтайын. Турсунбек Чыңгышев премьерликтен түшкөндөн кийин ордуна Апас Жумагулов болду. Ал Кумтөр келишимине кол коёрдун алдында беш депутатты - мени, Усубалиевди, Идиновду, Дырылдаевди, Молдобаевди чакырыптыр. Ага чейин Чыңгышевдин келишимин токтотуп койгонбуз да. Биз жаңы сунушталган келишимдин мурдагыдан эмне айырмасы бар деп сурадык. Өзгөрүү жок экен. Кайра сурадым: “алтынды бөлөсүңөрбү же кирешени бөлөсүңөрбү?”. “Кирешени” деди. Анан өкмөттүн жыйынында чыгып “Силер киришени бөлүп, ката кетирип атасыңар. Ушул келишим менен азыркы эле 5 миллион элдин эмес, укум-тукумга жооп бересиңер” деп айттым. Жумагулов азыр да тирүү жүрөт, ак да, көк да деген жок, адатынча үлүрөйүп тим болду да, келишимге кол коюп берди.

“Азаттык”: Комиссиянын мүчөлөрү Акаев менен бетме-бет жолугушту беле? Маселени көзүнө айтып, ынандырганга аракет кылдыңар беле?

Мамбетов: Андай болгон эмес. Болгону Жумагулов кол коюп койгондон кийин “Свободные горы” гезитине кандай ката кетип атат, эмне үчүн алтынды бөлбөй атабыз, маселени түшүндүрүп жаздык. Эч реакция болгон жок. Ал кезде бийлик бир кишиде болуп, баары эле ошол кишинин оозун карап калган.

“Азаттык”: Төраганын позициясы кандай болду эле?

Мамбетов: Мен кийин ошону жактырбай жүрөм, Медеткан Шеримкулович абдан сабаттуу, маданияттуу, жакшы саясатчы. Орустар айткандай, өтө куулуктун да зыяны тиет экен. Мен илим, өнөр жай, өндүрүш, энергетика тармагын тейлеп жүрдүм, президиумдун мүчөсү элем, сиз укугуңуздан пайдаланып, чукул жыйын чакырып, момундай каршылык көрсөтүп аткан Сааданбеков өңдүү жетекчилерди чыгарыңыз, 350дөн 300 депутат калса деле иштей беребиз деп айтсам, “коё тур, коё тур” деп атып өзүн өзү алдады. Болбосо Шеримкулов Акаевге караганда саясий тажрыйбасы, даражасы, жүрүм-туруму жагынан бийик киши эле да.

“Ошондо айтпаганыма өкүнөм”

“Азаттык”: Өзүңүз айткандай, ал кезде күчтүү, талаш-тартышка татыктуу адамдар болгон экен. Конструктивдүү оппозиция легендарлуу парламентте калыптанган деп айтса болобу?

Мамбетов: Болот. Себеби, 350 депутаттын 114ү фракция түзгөнбүз. Ошол фракциянын 7 теңтөрагасы бар болчу. Чоң маселелер болгондо дароо чогула калчубуз. Иш жүзүндө Акаевди алып келгендер деле ошолор болгон.

Президенттикке Жумгалбек Аманбаев, Апас Жумагулов, Апсамат Масалиев үчөө тең өтпөй калганда мен Айтматовдун иниси, жети теңтөраганын бири Ильгиз Төрөкуловичке: “Молдоке, элди бага турган үчөө өтпөй калды, оор маселе болуп атат. Өзү иштебесе да, аты иштеп берер, мен Чыңгыз Төрөкуловичти көрсөтөйүн депутат катары” деп айттым. Көрсө ал киши “мен 65ке келип калдым, экономиканы түшүнбөйм, анын үстүнө Горбачев менен макулдашып алдым, Люксембургга кеңешчи болуп кетип атам” деп мурда эле айтыптыр. “Андан көрө жаштардан, жанагы Союздун депутаты болуп тың сүйлөп жүргөн Акаевди көрсөтпөйсүңөрбү деди, анан биз Акаевди таптык, эртең он бирде келе турган болду” деди Ильгиз Төрөкулович. Анан дуулдап калган эл Акаевди болбой эле өткөрүп кетпедиби.
“Азаттык”: Сиз Акаевдин талапкердигин каалаган эмес белеңиз? Каршы добуш бердиңизби?

Мамбетов: Жок. Калыс калдым. Акаевдин мүмкүнчүлүгүн билчүмүн да. Мен политехникалык институтта проректор болуп жүргөндө, ал киши кафедра башчысы эле. Ошондо чыгып айтпаганыма азыр өкүнөм. Эл дуулдап атканда эчен-эчен айтайын деп, чогуу иштеген неме көралбастык кылып атат дейби деп, өзүмдү өзүм басып отурдум.

“Азаттык”: Фракция деген түзүм, түшүнүк ошол кезде кайдан келди? Мурда жок эле да?

Мамбетов: Жок болчу. Бул дагы ошол учурдун табылгасы болду. Ал фракция бийликке каршы ачык чыккан жок, болгону учуру келгенде өзгөчө пикир айтуу идеясы менен уюшулган.

“Азаттык”: Эгер парламент мөөнөтүнөн мурда тарабаганда андан аркы тагдыры кандай болот эле? Балким, парламенттик башкаруу орноп калат беле?

Мамбетов: Парламенттик башкаруу духу бар эле. Эгерде ошол учурда кылмыш иши ачылып, жетекчилер жооп берсе, мындай кылбаш керек экенин билсе, кийинки маселелер болбойт эле. Эгерде ошондо Акаевди чакырып алганда көп нерсе аман калат эле, түз болот эле көп иш. Парламентти таратып ийгенден кийин тиги күчтөнүп, каалаганын жасай баштады да.

“Азаттык”: 1993-жылкы Конституцияга кайтыш керек дегенди азыркыга чейин Бегиш Ааматов баш болуп айтып келатышат. Ал ошол кезде Акаевдин күчү менен кабыл алынып калганбы же парламенттин да каалоосу болдубу?

Мамбетов: Акаевдин каалоосу менен кабыл алынган. Бегиш биздин коллегабыз болчу, бирок туура эмес айтып атат. Ал жакшы Конституция эмес. Үч бийликтин үстүнө президент чыгып алган. Жоопкерчилик жок. Бизде кол койгон киши жооп бериш керек деген илгерки психология калган. Ошол кезде мамлекеттин башында турган Акаев жооп бериш керек эле.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG