Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:59

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков маалымат жыйынын өткөрүп, 5-чакырылыштагы парламент ишти жаңы шартта, жаңы нукта алып барганын белгиледи.

Ошону менен бирге бул парламент эң үнөмдүү болгонун жана миңден ашуун сапаттуу мыйзамдарды кабыл алганын айтты.

Анткен менен коомчулук арасында бул чакырылыштагы Жогорку Кеңешке берилген баа бир беткей эмес. Тескерисинче, ири, бүйүр кызыткан маселелерде жоопкерчиликтен качты, мамлекеттин кызыкчылыгын коргой турган мыйзамдарга келгенде өз позициясын көрсөтө алган жок деген катуу сындар айтылып келет.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков парламенттин беш жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарды. Бул убакыт аралыгында парламент 374 жыйын өткөрүп, 1140 мыйзам кабыл алган. Парламентке жалпысынан өлкө жарандарынан 64 миңден ашуун кат келген. Басымдуу бөлүгү мыйзамдуулук, укук тартибин камсыз кылуу, социалдык коргоо, саламаттыкты сактоо жана турак жай менен камсыздоо маселелери боюнча кайрылышкан.

Анткен менен коомчулук жана ушул эле чакырылыштагы депутаттар арасында Жогорку Кеңеш Кумтөр, энергетика тарифи сыяктуу талылуу маселелерди өкмөткө жүктөй берип жоопкерчиликтен качты деген пикирлер айтылып келет. “Ата-Журт” фракциясынан депутат Жылдызкан Жолдошева да парламенттин соңку жыйынында ушундай пикирин билдирген эле.

"Үнөмдүү парламент болду"

Төрага Асылбек Жээнбеков бул чакырылыштагы парламент жаңы шартта, жаңы нукта, ачык-айкын иш алып барганын белгиледи.

- Парламент жоопкерчиликтен эч качан качкан жок. Кошуна өлкөлөргө барып көргөн адам Кыргызстан менен алардын айырмасы кандай экенин түшүнөт. Парламенттик демократия оңой жол эмес. Бирок дүйнө жүзү башка жолду ойлоп таба элек. Бул тынч жол менен өнүгүү, ал үчүн бийлик тынч жол менен, таза шайлоо аркылуу алмашып туруш керек. Мунун баарын парламенттик демократия камсыз кылат. Ооба, Кумтөр маселесин айрым саясатчылар өтө эле саясатташтырып атат. Парламент болгондон кийин бул саясий арена. Кандай болгон күндө да Кумтөр маселеси чыкты. Бирок ошонун пайдасын да көрдүк. Мурда ал жабык кен эле, эл анын ичинде эмне болуп жатканын билчү эмес. Азыр анда эмне болуп жатканын баары билет.

2-июнь, 2011-жыл

2-июнь, 2011-жыл

2010-жылы шайланып келген Жогорку Кеңеш бир топ үнөмдөөлөргө, керексиз, кайталанган кызматтарды кыскартууга барарын билдирген. Депутаттарга мамлекеттен бөлүнгөн каражат тууралуу “Азаттык” атайын иликтөө жасап, жыл сайын элден чогулган салыктын эсебинен парламентке 800 миллион сомго жакын каражат бөлүнөрү белгилүү болгон. Бирок спикер Жээнбеков бул парламент эң үнөмчүл болгонун да белгилеп өттү:

- 5-чакырылыш эң үнөмдүү болду. Мурдагы депутаттарга жер берилчү, батир алышчу. Бул жолу бирөөнө да менчик батир берилген эмес, бирөө да менчик жер алган жок. Элдин көзөмөлүндөбүз. Ошондой эле азыркыдай мыйзам кабыл алуу болгон эмес. Бир ай сайтка илинип, комитетке киргизилгенден кийин да мөөнөт бар. Кааласа бир ай, кааласа беш күндө карайт. Үч окууда каралат, бир-эки мыйзам төрт окууда каралды. Айрым мыйзамдарды бир жылдап карап атабыз, бул сапатка түздөн түз таасирин тийгизет. Ошондуктан депутат Каныбек Иманалиев айткандай, мыйзамдар азыркыдай эч качан сапаттуу каралган эмес. Мурда бир окууда болчу, өкмөт алып келсе өткөрүп жиберчү.

Калк көптү күткөн...

Анткен менен бул чакырылышта келген депутаттардын ишине берилген баа да коомчулук арасында бир беткей эмес. Мурдагыларга салыштырмалуу сын пикирлер да көбүрөөк ушул Жогорку Кеңештин дарегине айтылууда. Көпчүлүк коалициянын үч жолу бузулуп, кайра түзүлүшү, беш жыл ичинде өкмөттүн төрт жолу алмашышы, депутаттар, фракциялар ичиндеги ыдырап бөлүнүүлөр буга себеп.

"Демократия жана жарандык коом үчүн" бейөкмөт уюму Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү боюнча мониторинг жүргүзүп, мыкты жана начар иштеген фракциялар менен депутаттарды аныктаган.

7-апрелде каза болгондордун жакындары жаңы шайланган парламентке каршы митинг өткөрүшкөн, 13-октябрь, 2010-жыл

7-апрелде каза болгондордун жакындары жаңы шайланган парламентке каршы митинг өткөрүшкөн, 13-октябрь, 2010-жыл

Уюмдун жетекчиси Динара Ошурахунова бул Жогорку Кеңеш кыйын кырдаалда шайланып келгенин, бирок ошол эле учурда бийлик, ыйгарым укуктары жетиштүү болгон парламенттен эл көп нерсени күткөнүн белгиледи.

- Өкмөттү түзүп, кыйын кадрларды, адистерди тандап алып келүүдө да ушул парламент даяр эмес экенин көрсөттү. Булардын тушунда төрт өкмөт иштеди. Бирөө да жакшы отчет бере алган жок жана аларды эмнеге кетирип жатышканын Жогорку Кеңеш жакшы негиздеп бере алган эмес. Улуттук маселелерди, кызыкчылыкты да коргой албаганы көрүндү. Ошол эле “Кыргызгазды” 1 долларга башка өлкөгө сатып, бизди көз каранды кылып койгонун деле карашыбыз керек.

Кайым айтыштар эл эсинде калды

Ушул айдын башында “Парламенттик демократияны өнүктүрүү: сабактар жана келечек” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө көпчүлүк эл учурдагы парламентке нааразы экенин белгилеген. Ал Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу органы үчүн ылайык келбеген ыкчам-чарбалык иштер, өкмөт жана аткаруу бийлигинин, сот ишине көбүрөөк кийлигишип, саясатташып кеткенин айткан болчу.

5-чакырылыш, 10-ноябрь, 2010-жыл

5-чакырылыш, 10-ноябрь, 2010-жыл

Экинчиден, бул парламент элдин эсинде кылмыш иши козголгон депутаттардын саны жагынан, талаш-тартыштары, эл өкүлдөр арасындагы кайым айтышуулары менен эсте калды дешет. Мурдагы депутат Улукбек Ормонов:

- Сессия учурунда бири-биринин мурдун жарган мушташтары менен жана эң көп кылмыш иши козголгон Жогорку Кеңеш катары эсте калат деп ойлойм. Кыргызстандын тарыхында мынчалык көп депутатка иш козголгон эмес. Экинчиден, бул өзүнүн чыгарган токтомдорун, мыйзамдарын көзөмөлдөбөгөн Жогорку Кеңеш катары эсте калат. Мисалы, Келдибековду жумуштан алганда катуу талап коюлуп, мамлекеттик номерлерди берүүнү катуу көзөмөлгө алабыз, кыскартабыз, өкмөт, президентке да талап койобуз дегенге чейин барышкан. Ал токтомдун аткарылышын эч ким көзөмөлгө алган жок. Азыр өкмөттө, президенттик аппаратта каалаган номерде жүрөт. Үчүнчүдөн, үч фракция жетекчиси Президенттик администрация башчысы Данияр Нарымбаев менен бирге Баш мыйзамды өзгөртүүнү сунуштап, баарыбызды таң калтырды.

Беш жыл ичинде Жогорку Кеңеште 15ке жакын депутатка кылмыш иши козголду. Алардын айрымдары соттолуп, кээ бири өлкөдөн чыгып кетишти. Айрымдары кол тийбестигине таянып, жоопко тартылган жок.

Канткен менен мурдагы чакырылыштарга салыштырмалуу азыркы Жогорку Кеңештин ачык-айкын иштегени жарандык коомдун арасында кубаттоого алынууда.

Ошону менен катар бул парламент келечектеги шайлоо, тизме түзүүдө, партияларды тандоодо чоң тажрыйба болуп берери айтылууда. Ушуну менен Жогорку Кеңеш күзгө чейин эс алууга тарады.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG