Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:03

Кыргызстанда жарандык активисттер шайлоого бараткан партияларды депутаттарга берилген жеңилдик-артыкчылыктан баш тартууга макулдугун билдирген декларацияга кол коюуга чакырып жатышат.

Азырынча мындай документке бир гана партия кол койду, калгандары болсо оозеки убада менен гана чектелип турушат.

Быйыл жазында Кыргызстанда “Жогорку Кеңештин депутаттарынын жеңилдиктерин жана артыкчылыктарын жоюу үчүн” деп аталган жарандык кыймыл түзүлгөн.

Депутаттардын артыкчылык-жеңилдиктерин жоюу тууралуу демилге көтөрүп жаткан жарандык кыймыл Жогорку Кеңешке келчү партияларга так мөөнөт чектеп берди. Кыймылдын лидери, журналист Азамат Тынаевдин пикиринде, жаңы шайланган парламент бир айдын ичинде жеңилдиктерди жоюу тууралуу атайын мыйзам кабыл алып же азыркы мыйзамдарга өзгөртүү киргизиши керек. Декларацияда депутаттык кол тийбестикти ажыратуудан баштап, кызмат унаадан баш тартуу деген өңдүү бир топ талап бар:

-Унааларды тейлөө абдан чоң чыгым алып келет. Анткени ошол унаалардын баасынан сырткары, ар бир айдоочуга айлык акы төлөнүп берилет, күнүгө май куюлат. Бул жерде салык төлөөчүлөрдүн акчасы кетип жатпайбы. Эгер башка региондон шайланып келген депутат болсо, жашаганга жери жок болсо анда анын батиринин ижара акысы төлөнүп берилиши керек, бирок бул жерде баа көбүртүлбөй-жабыртылбай, реалдуу болушу керек. Биз депутаттардын кол тийбестиги болушу керек деп айтып жатабыз. Бирок прокуратура кайсы бир депутатка анын саясий ишмердигине байланышпаган жагдай боюнча айып койсо, азыркыдай болуп комиссия түзүп, доо арыз жазып, добушка койбой эле чечилсин деп жатабыз.

Бул декларацияга азырынча “Республика – Ата-Журт” партиясы гана кол койду. “Замандаш”, “Мекен ынтымагы”, “Ата-Мекен” жана “Кыргызстан” партиялары мындай демилгени колдой турганын билдирип, кол коюу тууралуу убада беришти.

Ушул тушта үгүт өнөктүгү кызып, талапкерлер укмуштай убадаларды берип жаткандыктан “депутаттарды жыргалчылыктан ажыратпагыла” деп ачык айтып, каршы чыккан бир дагы партияны же талапкерди таппайсың. “Кыргызстан” партиясынан шайлоого аттанган Коомдук телерадио корпорациясынын мурунку башчысы Кубат Оторбаевдин ырасташынча, аталган партиянын программасында депутаттарга кеткен чыгымдарды азайтуу керектиги көрсөтүлгөн:

-Айрыкча кол тийбестиктен баш тартууну көтөрүп жатабыз. Негизи эле чиновниктер, жетекчилердин баары элге иштесе деп жатабыз.

Академик Жамин Акималиев Жогорку Кеңештин эки чакырылышында депутат болгон. "Легендарлуу парламентте" иштеген. Анын айтуусунда, депутаттардын артыкчылык-жеңилдиктерин жоюу тууралуу демилге буга чейин деле көтөрүлүп келген, бирок жетиштүү колдоо тапкан эмес:

-Бир нече депутаттар ушуну алып таштайлычы, жаманатты болбойлучу, эмнеден коркобуз, элдин кыжырына тийиштин эмне кереги бар, деп демилге көтөрүп, анан добушка сала келгенде эле колдоо таппай калчу. Айрым демагог депутаттар, укукту билем деген депутаттар, башка бардык өлкөлөрдө деле ушундай, иммунитет деген болушу керек, деп чыгышчу. Анын баары шылтоо. Бул элдин мүдөөсүнө туура келет. Кептин баары ошол шартка бардык партиялар көнөбү дегенде жатат.

Ушул тушта Жогорку Кеңеш мемиреп, музейден да тынч болуп турат. Азыркы чакырылыштагы 120 депутаттан 90у кайра депутат болууну эңсеп, үгүт иштеринде жүргөндүктөн парламенттин мыйзам чыгаруу милдети такыр аткарылбай калды. Мындан улам коомчулукта депутаттар өз милдеттерин аткарбагандан кийин өздөрү жана алардын жардамчы-кеңешчилери айлык акы алууга моралдык укугу барбы деген да суроо жаралды.

Биз парламентти атайын бир сыйра кыдырып чыктык. Эки-үч гана депутаттан жардамчылары иштеп жатканына, калгандарынын иш бөлмөлөрү жабык турганына күбө болдук.

Буга чейин талапкер депутаттар үгүт маалында кызматтык унаасын айдабасын деген буйрук чыккан экен. Бирок алардын айрымдары региондорго кызматтык унаасын айдап барышканына күбө болгондор бар. Биз депутаттардын гаражына баш бакканыбызда унаалардын баары токтоп турат деп айтышты. Бирок ачкыч башкы инженерде, ал өзү жок деген шылтоо менен токтоп турат деген унааларды көрсөтүүдөн баш тартышты.

Эсептөөлөргө ылайык, Жогорку Кеңешке жылына 800 миллион сом бөлүнөт. “Депутаттардын артыкчылыктарын жана жеңилдиктерин жоюу үчүн” деген жарандык кыймыл депутаттардын чыгымдарын азайтып, бир жаңсыл кылгандан кийин өкмөт менен президентке кеткен каражатты азайтууга киришкени жатат. Маселен, президент жана анын аппаратына Жогорку Кеңешке сарпталган акчадан алда канча көп каражат жумшалат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG