Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:43

Бишкекте поезд коюп кеткен аялдын тек-жайы такталууда


Бишкектеги темир жолдор.
Бишкектеги темир жолдор.

Бишкекте поезд сүзүп, мерт кеткен аялдын тек-жайы такталууда жана кырсыктын себеби иликтенип жатат. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, окуя 25-сентябрда түнкү саат экилерде болгон.

Маалыматка караганда, Лев Толстой жана Некрасов көчөлөрү кесилишкен жердеги рельсте бир аял жана бир эркек спирттик ичимдик ичип отурушкан учурда поезд келип калган. Эскертүүчү белгиге карабай, аял ордунан козголгон эмес. Шериги качып кеткен.

Маркум 40 жаштын тегерегинде. Анын жанындагы киши издөөгө алынды. (SE)

XS
SM
MD
LG