Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:38

Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртүүгө байланыштуу тирештер саясатчыларды топ-топ кылып ачык бөлдү. Мындай бөлүнүү саясатчылардын саясий көз карашына эмес, кайсы топко кызмат кылганына жараша болууда.

Өлкөдө жеке адамга эмес, мамлекеттик кызыкчылыкка негизделген саясий маданият кантип, качан калыптанат? “Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев жана Социал-демократчылардан депутат Айнуру Алтыбаева катышты.

"Азаттык": Айнуру айым, жакында эле президент Алмазбек Атамбаев жана Социал-демократтардын лидери бүгүнкү Конституцияны өзгөртүүгө “бакиевчилер, акаевчилер” каршы болуп жатканын айтып чыкты. Бакиевчи, акаевчи деп кимди айтса болот? Кимди түшүнөсүз?

Айнуру Алтыбаева: Кыргызстандын 25 жылдык акыркы тарыхы абдан курч окуяларга бай болду. Мурунку эки президентибиз өлкөнү таштап кетишти. Азыр “бакиевчи”, “акаевчи” деп бөлүнгөнү бул эмоция менен айтылып жаткан сөз болсо керек деп ойлойм.

25 жыл ичинде дээрлик бир муун Акаев менен да, Бакиев менен да иштешти. Азыр да иштеп жатышат. Бул учурда күчтүү кадрларды мамлекетти башкаруу системасына даярдалып, тартышты. Алар азыр да иштеп жатышат.

"Азаттык": Демек, өлкө жетекчиси, сиз мүчө болгон фракция жетекчиси айткан сөздөр осол болуп калды деп ойлойсузбу?

Айнуру Алтыбаева: Жок, андай деп эсептебейм. Акаев жана Бакиевдин командасында терс багытта иштеген адамдар болгон. Аларды “акаевчил”, “бакиевчил” адамдар деп айтса болот.

"Азаттык": Каныбек мырза, сизди көпчүлүк учурда акаевчил саясатчы катары сыпаттап, ушул негизде сындар айтылып жүрөт. Буларды кандай кабыл аласыз? Өзүңүздү ыңгайсыз сезбейсизби?

Депутат Артыков Брежневдин учурунда көтөрүлгөн экен, ал эми депутат Абдылдаевди Масалиев кызматка коюптур, ал масалиевчилби?

Каныбек Иманалиев: Бул Социал-демократтар фракциясына эч тиешеси жок. Анын лидери Иса Өмүркуловдун жеке позициясы. Менин аргументтериме контраргументтери түгөнүп калганда, немис окумуштуусу Брехт айткандай, “адамдын идеясына чабуул кое албай калганда, адамдын сөзүнө чабуул башталат”.

Депутат болуп келгенде кыргыз элинин бүтүндүгүн камсыз кылабыз деп ант бергенбиз. Экинчиден, Депутаттын этикасы тууралуу кодексте да парламентти жиктеп бөлгөнгө болбойт деп жазылып турат. Парламентти же депутатты кемсинтүүгө акысы жок. Кимдин акаевчи, кимдин бакиевчи экенин кайсы барометр менен өлчөйт? Маселен, депутат Артыков Брежневдин учурунда көтөрүлгөн экен, ал эми депутат Абдылдаевди Масалиев кызматка коюптур, ал масалиевчилби? Мындай жол менен бөлүнүүгө болбойт.

"Азаттык": Өлкөдө кайсы бир адамга жабыштырылбаган “мамлекетчил” деген жаңы саясий маданиятты калыптандыруу үчүн эмнелер жетишпейт?

Каныбек Иманалиев: Бул татаал суроо. Рузвельт “Саясатчылар кийинки шайлоону ойлойт, мамлекетчилдер кийинки муунду ойлойт” деп айтканы бар экен. Бизде ушунча көп саясатчы бар, бирок мамлекетчилдер абдан аз болуп жатат.

Совет учурунда атайын партиялык мектеп, курстардан өтчү эле. Азыр ар бир саясий партия келечекте мамлекетчилдерди тарбиялоо үчүн ошондой курстарды уюштурушу керек. Мүмкүн аны Башкаруу Академиясынын алкагында жүргүзөт.

Эсеп палатасынын эсеби боюнча эң көп мыйзам бузган айыл өкмөт башчылары экен. Аларды атайын курстардан өткөрүү керек. Бул багытта атайын мамлекеттик программа болмоюн муну жөнгө салуу кыйын болот.

"Азаттык": Айнуру айым, сиз кандай ойдосуз? Чындыгында эле мамлекеттин киришпегени себеп болуудабы?

Айнуру Алтыбаева: Мен баарын салыштыруудан аңдап түшүнүүгө болот деген философтордун биринин сөзүн айткым келет. Мисалы, мурунку чакырылыштагы парламентте айрым депутат мырзалар бири-бири менен мушташса, айрым айымдар айтышкан учурлар көп болгон. Азыр болсо бир шайлоо циклин бүтүрүп, жаңы чакырылыш келди. Алда канча тажрыйбалуу болуп сессиялар программанын, идеологиянын талашынын негизинде болуп жатат. Ошондуктан, парламенттик башкаруу системасында жаңы саясий маданият калыптанып келатат. Бул система бара-бара дагы түздөлүп, өз жолуна түшөт.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG