Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:44

Түркия президенти мартта Орусияга келет


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган мартта Орусия президенти Владимир Путин менен жолугат. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков 24-февралда ырастагандай, эки тараптуу жолугушуу 9-10-мартта Москвада өтөт.

Мурдараак эки өлкөнүн маалымат каражаттары Түркия Орусиядан С-400 зениттик ракеталык комплексин сатып алуу маселесин сүйлөшүүсү ыктымалдыгын жазышкан.

Ошондой эле мамилелерди өнүктүрүү, Сирия жана Ирактагы согуш, терроризмге каршы күрөшүү маселелери талкууланышы күтүлөт.

Сирия согушунда Орусия менен Түркия карама каршы эки тарапты колдойт. Бирок, 2015-жылдын ноябрында орусиялык учакты Түркия атып түшүрүп, араздашып, кийин жарашкандан бери бул жаатта көз караштары жакындоодо.

Ушул тапта эки өлкө биргелешип Сириядагы ок атышууну токтотуу режимине кепил болууда.

XS
SM
MD
LG