Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:48

Украина Каримовдун кайнисин бир жыл абакта калтырды


Акбарали Абдуллаев
Акбарали Абдуллаев

Киев соту Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун кайниси Акбарали Абдуллаевди бир жыл камакта калтырды. Учурда Ташкенттин экстрадиция өтүнүчү каралууда.

Өзбекстан Башкы прокуратурасы 33 жаштагы Абдуллаевди миллиондогон каражаттарды кымырып алган, чет өлкөлүк валютаны жашырган, кылмыш менен табылган акчаны адалдаган, кызматтык будамайлоого барган деп айыптап келет.

Адвокаттары Абдуллаев 2013-жылы ушул эле айыптар менен абакта 2,5 жыл отуруп, мунапыс менен эркиндикке чыкканын айтышып, үй камагына чыгарууну сурашкан.

Акбарали Абдуллаев Каримовдун аялы Татьяна Каримованын жээни. Каримовдун көзү өткөн соң Өзбекстандан чыгып кетип, январда Киевдин аэропортунда кармалган.

1993-жылкы Минск келишимине ылайык, эки өлкө бири-бирине укуктук жардам берүүгө милдеттүү.

XS
SM
MD
LG