Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Азербайжан тыңчылыкка шектеп эки жаранын кармады


Бакунун бир көчөсү. Сүрөттөгү адамдардын жаңылыкка тиешеси жок.
Бакунун бир көчөсү. Сүрөттөгү адамдардын жаңылыкка тиешеси жок.

Азербайжанда тыңчылык менен мамлекетке чыккынчылык кылды деген айып менен жергиликтүү эки тургун Эльшан Амири менен Эльчин Бабаев кармалды. Алар 20-февралда кармалганы бүгүн белгилүү болду.

Амири менен Бабаев чет өлкөлүк атайын кызматтар үчүн Азербайжан атайын кызматы, аскерлери жана алардын күч-кубаты, мамлекеттик стратегиялык жайлар тууралуу маалымат чогулткан деп айыпталууда.

Кайсы өлкөнүн пайдасына тыңчылык кылганы расмий кабарда айтылган эмес.

XS
SM
MD
LG