Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:09

Антарктида мөңгүсүндөгү жарака ыкчам чоңоюуда


2002-жылы бөлүнгөн Ларсен В мөңгүсү
2002-жылы бөлүнгөн Ларсен В мөңгүсү

Антарктидадагы Ларсен С мөңгүсүндөгү жарака ыкчам чоңоюуда. Декабрь айында жарака 16 чакырым узундукта болсо, ушул күндөрү 80 чакырымга жетти. Дагы 20 чакырымдан кийин эбегейсиз айсберг бөлүнүп чыгарын окумуштуулар эскертет.

Британ институтунун адистери 5000 чарчы чакырым, же салыштырганда Москва шаарынан эки эсе чоң айсберг кертиле турган болсо Антарктиданын ландшафты түп тамырынан өзгөрөт дешет.

Глобалдык жылуулуктан улам эриген мөңгүдөн кертилген муздар чөгүп, дүйнөлүк океандын деңгээлин көтөрүшү күтүлөт.

2002-жылы Ларсен В мөңгүсү талкаланган. Натыйжада аянты 3 миң чарчы чакырымдан ашуун, 220 метр калыңдыктагы айсберг бөлүнгөн.

XS
SM
MD
LG