Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:55

Трамп Мексика чегине дубал куруу оюнан кайтпайт


АКШ президенти Дональд Трамп өлкөсүнүн Мексика менен чегине дубал куруу ниетинен кайта элек. 24-февралда Консервативдүү саясий аракеттер боюнча конференцияда сүйлөп жатып, Трамп муну дагы бир жолу кайталады.

“Чынында аны эң жакын арлыкта баштаганы турабыз. Биз пландаган жолубузда, графиктен да алдыда баратабыз”.

Ошондой эле Трамп иммиграциялык кызмат ушу тапта чет өлкөлүк кылмышкерлерди жана маңзат соодагерлерин издеп таап, өлкөдөн чыгаруу аракетинде экенин билдирди.

Трамп армияны күчтөндүрөрүн, терроризм менен күрөш өз нугунда баратканын белгиледи. Ал ошондой эле “жалган маалымат” таратышат деп журналисттерди да сынга алды.

Мындан тышкары сланц мунайына, табигый газына жана көмүр өндүрүүгө чектөөнү алып салуу боюнча чечкиндүү аракеттерге барышарын айтып, орто катмар үчүн салыкты азайтуу убадасын берди.

XS
SM
MD
LG