Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:05

Парламентте жаңы башкаруучу коалиция түзүүнүн алдында фракциялардын ичинде лидерлер ортосунда таймашуу жана саясий оюндар күчөдү.

Ошол эле кезде, серепчилердин баамында, чачырап кетип, салмагын жоготуп алуудан чочулаган фракциялардагы саясий оюнчулар биримдикти кармап калууга жан үрөшүүдө.

“Ата Журттун” ичиндеги “аталык оюндар”

Бул жолку фракциялардын ичиндеги саясий оюндардын күчөшүн серепчилер коалициялык көпчүлүктү түзүү жана бийлик ресурстарын кайрадан бөлүштүрүү маселеси менен байланыштырышат. Буга “Ата Журт” фракциясынын жетекчисин кайра шайлоо демилгеси мисал боло алат. Президенттик шайлоодон кийин ордуна кайтып келген "Камчыбек Ташиев мыйзамдык эрежелерди бузуу жолу менен шайланды" деген кайрылууга аталган фракциянын он төрт мүчөсү кол койгон болчу.

Бирок Ташиевди ордунда калтыруу боюнча маселеде алар бир пикирге келишкенин “Ата Журт” фракциясынан депутат Нарынбек Молдобаев белгиледи:

- Өткөндө кайра ордуна келгенге макулдук берүүгө фракциянын он бир эле мүчөсү добуш берген. 28 фракция мүчөсүнүн жок эле дегенде үчтөн экиси аны шайлаш керек эле. Мына ошондуктан анын шайланышы легитимсиз болуп калды деген сөздөр болду. Бирок жалпы фракция мүчөлөрү сүйлөшүп, алдыда башкаруучу коалицияны куроо, төраганы жана өкмөт башчысын шайлоо маселеси тургандыгына байланыштуу фракциянын ички биримдигин сактап калуу керек деген чечимге келдик.

“Ата Журт” фракциясынын ичинде ар түрдүү саясий көз караштагы кызыкчылык топтору бар экендиги мурдатан бери эле серепчилердин баамына урунган. Мына ошондуктан ошол кызыкчылык топтордун арасындагы таасир талашуу дымагынан улам Камчыбек Ташиевдин ордуна кайтып келишине макулдук берүүгө тиешелүү добуш жетпей калгандыгы белгилүү болду.

Бул маселени кайрадан кароону талап кылган фракция мүчөлөрүнүн бири Нариман Түлеев маселе ачык бойдон калганын айтты:

- Биз болгону мыйзамдык эрежелердин сакталышын талап кылдык. Камчыбек Кыдыршаевичке “биз сиздин лидер болушуңузга каршы эмеспиз, бирок мыйзамдын чегинде каралган тиешелүү добуш менен шайланышыңыз керек” деген талапты койдук. Бирок бул маселе дагы деле ачык бойдон калды.

Ошол эле учурда “Ата Журт” фракциясы ич ара топтордун кызыкчылыгын эске алуу менен башкаруучу коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн ар бир топтон бирден беш өкүл дайындашты. Муну мунасага келүүнүн бир жолу катары баалагандар да бар.

“Ар-намыстагы” “улак тартыш”

Бирок бул маселеде серепчилер буга чейин эле бир канча кызыкчылык топторуна бөлүнгөн “Ар-намыс” фракциясынын абалы татаал экендигин белгилешти.
Атаандаштык болуш керек. Чечимдер жамааттык негизде кабыл алынышы кажет.

Анткени башкаруучу коалицияга кирүүгө окшогон орчундуу маселелерде кимдер менен, кандайча сүйлөшүү керек деген маселе чыгышы мүмкүн.

Буга ич ара ажырымдын таасири тийиши мүмкүндүгүн “Ар-намыс” фракциясынан депутат Анвар Артыков да жокко чыгарбайт:

- Биз мурда он алты добуш менен Талиеваны жетекчи катары шайлаганбыз. Бирок азыр биздин фракциянын атынан Кулов деле, Талиева деле, андан сырткары эч ким укук бербеген Жапаров деле өз алдынча башкаруучу коалицияга кирүү боюнча билдирүү жасап жатышат. Мындай кылууга бизге азыр эртелик кылат. Анткени биз ич ара келишимге келип, бирдиктүү позиция менен чыгып, бириге алабызбы же жокпу – мына ошол башкы маселе.

"Жолбашчылыкка жол жок"

Өткөн парламенттик шайлоодон кийин башкаруучу коалицияны куроо жана кадрларды жылдыруу маселесин фракция лидерлери өздөрү эле чечип жатканы сынга алынган болчу. Бул жолу мындай өзүм билемдике жол бербей, жамааттык негизде кеңешип чечүүнү фракциялардын калган мүчөлөрү да талап кыла башташты.

“Ата Мекен” фракциясынан депутат Өмүрбек Абдрахманов фракциянын атынан чечим кабыл алууда жеке басарлыкка чек койуу зарылдыгын айтып чыкты:

- Биз президенттик авторитардык башкаруудан кутулдук. Бирок биз андан бир тепкич ылдый түшүп, партиялык авторитардык башкаруу системасына кабылып жатканыбыз туура. Буга да убакыт керек.

Мен да "ушул партиянын, фракциянын ичинде ички демократия болсун" дей коюп, партиядан чыгарылып кала жаздаганымды билесиздер. Биз демократиялык мамлекет курабыз десек, анда партиялардын ичин демократиялаштырышыбыз керек. Атаандаштык болуш керек. Чечимдер жамааттык негизде кабыл алынышы кажет.


Фракциялардын мүчөлөрү муну чечим кабыл алууда өзүм билемдик дешсе, жетекчилери алардын дооматын ички тартипти одоно бузуу катары баалашат. Мунун бардыгын серепчилер партиялык системанын балалык оорусу катары карашып, анын шарттары бара-бара калыптана тургандыгына ишенимин билдиришти.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG