Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

КСДП эки фракцияны коалициядан чыгууга чакырды


КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов “Ата Мекен” менен “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларын көпчүлүк коалициядан чыгууну сунуштады.

Өмүркулов мындай сунушту бүгүн парламент жыйынында айтты.

- “Ата Мекен” принципке туруп референдум өткөрүүгө каршы болуп келет. Кечээ комитетте төраганы шайлоо боюнча маселе жаралды. Эгер биримдикте иштей албасак анда “Ата Мекен” менен “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларын коалициядан чыгып кетүүнү сунуштайм.

Өмүркулов эки фракцияга коалициядан чыгууну сунуштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:06 0:00

Өмүркуловго жооп кайтарып, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев коалициядан чыкпай тургандыгын билдирди. Анын айтуусунда, “Ата Мекен” коалициялык келишимдерди так аткаруу менен көпчүлүк коалициядан чыкпайт.

Текебаев өз сөзүндө коалициялык көпчүлүк эмдигиче төрага шайлай албай келатканын, өкмөт парламент менен эсептешпей калганын баса белгиледи. Ал мындан сырткары КСДП фракциясын анын лидерлери эмес, президенттин кеңешчиси Икрам Илмиянов башкарып калганын кошумчалады.

Төрөбаев: коалиция де-факто жок

Бүгүн парламентте конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин төрагасына талапкер көрсөтүү боюнча талаш жаралды. Анда “Ата Мекен” фракциясы менен “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларынын лидерлери КСДП тараптан көрсөтүлгөн талапкерге каршылык көрсөтүп, өз ара кеңешип алууну сунушташкан.

Бабанов: коалицияны сактап калалы

Бабанов: Эркиңер жетсе коалициядан чыгып кеткиле
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00

XS
SM
MD
LG