Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:52

УКМК жаңжалга аралашкан кызматкери боюнча иликтөө жүргүзөт


Улутук коопсуздук боюнча мамлекетик комитеттин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов мекеме өз кызматкери катышкан чыр боюнча кызматтык иликтөө жүргүзөрүн билдирди. Ошондой эле калыс иликтөө жүрүшү үчүн окуяга катышкан кызматкер жумуштан четтетилерин маалымдады.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, жеке ишкер Зарылбек Мааткалыков 24-сентябрдын кечинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери токмоктоп кеткенин айтып чыккан.

Анын билдиришинче, сабагандардын арасында УКМКнын Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнүн башчысы Замирбек Жолболдиев ​да болгон. Ишкердин сабалганын Ош облустук ички иштер башкармалыгынан да тастыкташты. Жабырлануучу бүгүн Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Ноокат милициясына УКМК кызматкери Замирбек Жолболдиев да арыз менен кайрылганы белгилүү болду. Ал өз арызында ишкер трамватикалык тапанча менен коркутканда коргонгонун, бирок ишкерди ким урганын билбей турганын көрсөткөн. Ош облустук милициясынын алдын ала маалыматтары боюнча, ишкер менен УКМК кызматкери мушташа кеткен.

Айрым маалымат каражаттары Замирбек Жолболдиевдин кармалган сүрөттөрүн да жарыялашкан. Бирок Ош милициясы ал кармалбаганын жана азыр кайда экенин белгисиз экенин кошумчалады.

Таяк жедим деген ишкер Мааткалыков кант заводун иштетет. Ал сабагандар автоунаасынан 156 миң сомун да алып кеткенин айтууда. (YI)

XS
SM
MD
LG