Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:01

Сотторду тандоо кеңешине талапкерлерди иргеп алууну байкоого алган жарандык коом өкүлдөрү одоно мыйзам бузууларды каттаган.

Буга байланыштуу жакында укук коргоочулар тобу Жогорку Кеңешти Бишкек райондор аралык сотуна берди. Алар сотторду тандоо кеңешинин жаңы курамы саясий кызыкчылык менен түзүлдү деп доомат коюуда. Парламенттеги башкаруучу коалициянын өкүлү, КСДП фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков дооматты четке кагып, Сотторду тандоо кеңеши мыйзам чегинде жүргөн деп билдирди.

Саясий кызыкчылык астында калган мыйзамдуулук

Сотторду тандоо кеңешин түзүүгө байкоо салган укук коргоочулар тобу талапкерлерге коюлган шарттар жана сынак жарыялоонун мөөнөтү так көрсөтүлбөгөнүн аныктаган. Ошондой эле Сотторду тандоо кеңешине талапкерлер жарандык коомдон жана соттор кеңешинен көрсөтүлөт деген мыйзамдын талабы одоно бузулганын каттоого алган. Мунун натыйжасында жарандык коом көрсөткөн талапкерлер ачык добушка салынбай калганы белгилүү болду. Укук коргоочу Калича Умуралиева мында мыйзамга караганда саясий кызыкчылык үстөмдүк кылып кеткенин байкаган:

- Бул жерде Баш мыйзам баш болгон укуктук ченемдер одоно бузулганына күбө болдук. Анткени Сотторду тандоо кеңешине талапкерлерди көрсөтүү жана иргеп алуу укугун жалаң гана фракциялар өзүн ыйгарып алышканы ачыкка чыкты. Мыйзам боюнча мындай болбошу керек эле. Талапкерлер арасында депутаттардын жардамчылары менен алардын партияларынын мүчөлөрү кеңешке өтүп кетти. Жарандык коом сунуштаган коомчулукка принципиалдуулугу менен белгилүү Эрик Ирискулбеков, Кайрат Осмоналиев жана Акылбек Сариев сыяктуулардын талапкерлиги ачык талкууланбастан туруп эле, өтпөй калды.

Баш мыйзамдын талабы бардыгына бирдейби?

Сотторду тандоо кеңеши тууралуу мыйзамга ылайык, ага талапкерлер коомдук уюмдардан жана илим-билим мекемелеринен көрсөтүлөт.

Жогорку Соттун судьялары

Жогорку Соттун судьялары

Парламенттик көпчүлүк менен парламенттик азчылык алардын бардыгын бирдей шартта карап, арасынан иргеп алууга милдеттүү болчу. Бирок иш жүзүндө талапкерлерди парламенттеги фракциялар гана өз алдынча иргеп алган. Мында курамды өзүнө берилген үлүшкө жараша соттор кеңеши, парламенттик көпчүлүк жана парламенттик азчылык түзөт деген жобо сакталбаганы аныкталган. Укук коргоочу Эрик Ирискулбеков талапкерлерди тандап алуу жобосунун одоно бузулган учурларына токтолду:

- Баш мыйзамда сотторду тандоо кеңешин парламенттик көпчүлүк менен парламенттик азчылык курайт деп турат. Бирок иш жүзүндө парламенттеги көпчүлүк менен парламенттик азчылыктын бул маселе боюнча атайын жыйындары болгон жок. Болгону парламенттик көпчүлүк гана жыйынтык чыгарды. Бирок анда каралган талапкерлер фракциялардан фильтирациядан өтүшкөн. Мына ошондуктан фракциялар мурда эле жең ичинен талапкерлерди өздөрү чыгарып, кайра өздөрү бекитип койду. Башка бир дагы талапкерди жыйынга чакырып, аларды талкууга алган жок.

Сотторду тандоо кеңешинин жаңы курамы былтыр жыл аягында куралып бүткөн. Анда парламенттеги башкаруучу көпчүлүк менен азчылыктын тандоосу өз-өзүнчө каралып, талапкерлерди тандоо жүрүп-жүрбөгөнү белгисиз. Болгону парламенттеги фракциялар жыйындарында талапкерлердин тизмесин карап, бекитүүгө жетишкен. Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков сотторду тандап алуу кеңешин түзүүдө мыйзам бузуулар орун алган деген дооматты мындайча четке какты:

Чыныбай Турсунбеков

Чыныбай Турсунбеков

- Башка фракцияларда кандай болгонун билбейм. Бирок бизде бардыгы мыйзам чегинде өттү. Биз жарандык коом көрсөткөн талапкерлерди жобого ылайык, тандап, алардын арасынан гана иргеп алдык. Эми бул боюнча нааразылык болсо, тиешелүү териштирүү болсо, анын жыйынтыгы менен таанышып көрүшсө болот. Бизде бардыгы ачык-айкын болду.

Эске сала кетүүчү жагдай Сотторду тандоо кеңеши мыйзамга ылайык, 24 адамдан турат. Анын сегизин соттор кеңеши көрсөтүп, калган он алты талапкер жарандык коомдон сунушталып, аларды парламенттик көпчүлүк менен парламенттик азчылык бекитүүгө тийиш эле.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG