29-октябрда Кыргызстандын айрым жерлерине жаан жаап, тоо этектерине кар түшөт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй жана Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз +9...+14,
Баткен, Ош жана Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0...+5, күндүз +11...+16,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндуз +4...+9,
Нарын облусунда -8...-13, күндүз +4...+9,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -13...-18, күндуз -5...-10 градус болот.
Бишкек шаарында күндүз жаан жаашы мүмкүн. Түнкүсүн -1…-3, күндүз +11…+13 градус жылыйт.