Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:16

"Республика" талоончулукту териштирди


"Республика" фракциясынын депутаттары талоончулук маселесин фракция жыйынында карады.

Фракциянын жыйынында талап-тоноочулук боюнча депутаттык комиссиянын мүчөсү Кенжебек Бокоев маалымат берди. Анын айтымында, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Райкан Төлөгөновдун кылмыш ишине катышы далилденип жатат.

- Кыйыр болсо да депутаттардын бул ишке аралашканы боюнча фактылар чыгып жатат. Мисалы, ал өзү деле сурак бергенде эки жерде болдум десе, телефон сүйлөшүүлөрдө 10 талап-тоноочулук болгон жерге катышканы аныкталып жатат.

Эмне үчүн депутат Райкан Төлөгөновго айып коюлбайт деген суроону көтөргөн Кенжебек Бокоев ошол эле кезде башка мамлекеттик жетекчилерге ушул сыяктуу эле көрсөтмөлөр үчүн кылмыш иши козголуп, камакка да алынып жатканын мисалга тартты. Ал Башкы прокуратура бул жерде кош стандарт мамиле кылып жатат деп эсептейт.

- Төрт депутаттын ичинен Райкан Төлөгөновдун имараттарда болгону боюнча көрсөтмө берип жатышат. Ошондой эле анын курал-жарак таратканы жана башка иштер боюнча да көп көрсөтмөлөр бар экенине карабай, эмне үчүн ага айыбы угузулбай жатат?

Жоопсуз суроолор көп

Башкы прокуратуранын өкүлү Орозбек Бердибаев тергөөнүн жыйынтыгы менен депутат Райкан Төлөгөновдун иш-аракетине баа берилет деп убада кылса, ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев буларга токтолду:

- Юсупов көрсөткөн имараттардын көпчүлүгү текшерилип бүтүп калды. Бирок ал жерлерден же Төлөгөновбу, же Текебаевби, же башка депутаттарбы, бир буюм-тайымдарды алып кеткени боюнча фактылар жокко эсе. Юсупов башка да көрсөткөн имараттар текшерилип жатат.

Турганбаевдин айтымында, Райкан Төлөгөновдун эки имаратка барганы боюнча малыматтар болгону менен, талоончулукка катышканы аныктала элек.

- Анын эки имаратка барганы көрсөтүлгөн. Бирок ал жерлерден деле бир нерсени алганы тастыкталган жок.

Зарылбек Рысалиев
Зарылбек Рысалиев
Ал эми “Республика” фракциясынын депутаты Абдыжарап Бекматовдун айтымында, ИИМдин дүйшөмбү күнү кызматтан алынган жетекчиси Зарылбек Рысалиев депутаттык комиссиянын отурумунда бул ишти акырына чыгарууга убада берген. Ал экс-министрдин кызматтан алынышы ушуга байланыштуу эмеспи деген пикирин билдирди.

- Экс-министр “мен артка кайтпайм, бул ишти акырына чыгарам” деген. Негизи парламенттин кадрдык өзгөрүүлөргө киришкенге укугу жок. Бирок башкача ойлор жаралбай койбойт экен. “Ушундан улам кадрдык өзгөрүүлөр жүргүзүлдүбү” деп ойлойт экенсиң.

2010-жылдын 7-апрелиндеги Бакиевдердин үй-мүлкүн талап-тоноо боюнча камакка алынып, өз шериктери менен Бишкектин №1 тергөө абагында отурган Абдулла Юсупов тоноо иштерине “Ата Мекен” фракциясынын айрым депутаттарынын да катыштыгы бар экенин айтып чыккан. Бирок “Ата Мекен” фракциясынын аты аталган депутаттары Абдулла Юсуповдун айткандарын жокко чыгарышкан.

XS
SM
MD
LG