Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:13

Мамбеталиев: Күчтүү коалиция түзүлөрүнө ишенбейм


Парламенттеги кайсы фракциялар биригиши ыктымал, өлкөдө саясий кырдаал кандай өнүгөт? “Азаттыктын” суроолоруна саясий серепчи Аскарбек Мамбеталиев жооп берди.

“Азаттык”: Кыргызстанда саясий кырдаал кандай өнүгүшү мүмкүн, кайсы фракциялар биригип коалиция түзүшү ыктымал?

Аскарбек Мамбеталиев: Азыр мурдагы коалицияны түзгөнгө караганда кырдаал бир аз жеңилирек деп ойлойм. “Ар-Намыс”, “Ата Мекен” экөө өкмөт менен араздашып жаткан соң балким КСДП, “Ата-Журт” биригип коалиция түзүшу да мүмкүн.

“Азаттык”: Президент Алмазбек Атамбаев коалиция түзүү мандатын КСДП фракциясына тапшырышы мүмкүнбү?

Аскарбек Мамбеталиев: Коалиция түзүлбөсө болбойт, өлкөдө башаламандык болушу мүмкүн. Ал эми КСДП президенттин партиясы эмеспи, ошондуктан эч ким каршы болбосо ушул фракцияга бериши ыктымал.

“Азаттык”: Жер-жерлерден келип бирине каршы, бирине болушкан маалымат жыйындар өтүп атат. Эгер ушунтип отурса өлкөдө саясий кырдаал өзгөрүп кетиши мүмкүнбү?

Аскарбек Мамбеталиев: Албетте өзгөрүп кетиши мүмкүн. Азыр башаламан, ит талаш болуп атпайбы. Дайыма эле уруш-талаш, араздашуу болуп отурса, ал эми өкмөт күчтүү болбосо эл эки жаат болуп чабышып кеткен учурлар тарыхта бар. Бул кадимки көрүнүш.

Анын үстүнө мамлекеттик бийликке жаңы адамдар келген жок, качантан бери бир эле топтун адамдары жүрөт. Баягы эле көз караштагы, колу коррупцияга аралашып калган адамдар бири-бирин чукумайга кетип жатпайбы. Мунун себеби ошондон. Азыр социалдык деңгээл мурдагыдан өскөн жок, тескерисинче түшүп кетти. Ушундай жакыр өлкөнү ички, тышкы күчтөр деле козутуп жиберүү ыктымалдыгы өтө жогору.

“Азаттык”: Учурда Жогорку Кеңештеги ар бир фракция жаңы коалицияга кирүү үчүн сүйлөшүүгө даяр экенин билдирип атышат. Сайсий кырдаал дагы курчубаш үчүн өз ара кандай мунасага келиши керек?

Аскарбек Мамбеталиев: Соодалашып, кимисинин өкүлдөрүн көбүрөөк кызматка жайгаштырса ошонусу менен кошулуп, жолун таап кетишет. Бирок мен ушак, жалаа жабуунун негизинде кулап аткан коалициянын ордуна жаңы, көпкө иштей турган күчтүү коалиция түзүлөрүнө ишене албайм.

“Азаттык”: Азыр компраматтар согушу эле болуп жатпайбы. Кимде компрамат көбүрөөк болсо ошолор гана коалицияга кирип калышы мүмкүнбү?

Аскарбек Мамбеталиев: Ошондой болуп жатпайбы, мурда деле ошондой болгон. Андан башка күчтөр жок болуп жатат. Кыргызстанга тынчтыкты кармап туруш үчүн кошуна өлкөдөгүдөй күчтүү же диктатордук бийлик керек, же болбосо башында элита керек болчу. Бизде экөө тең болгон жок. Ошондуктан азыр абдан татаал. Өлкөнү башкача көз караштагы, эч нерсе уурдабаган кишилер келип эле оңдоп кетпесе азыркы көзгө көрүнгөн, белгилүү болуп калгандар оңдой албайт.
XS
SM
MD
LG