Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:59

Москва жаңы “Маалыматтык-коопсуздук” доктринасын кабыл алды


Анда орус өкмөтүнө “Орусиянын интернет бөлүгүндө улуттук башкаруу системасын” иштеп чыгуу сунушталды. Президент Владимир Путиндин 6-декабрда кол коюусу менен жаңы доктрина күчүнө кирип, 2000-жылы кабыл алынган эски доктрина күчүн жоготту.

17 барактан турган жаңы доктринада Орусия бийлиги улуттук кызыкчылык жана коопсуздукка келген коркунучтарды жана аларга каршы туруунун жолдору аныкталган. Анда террордук уюмдардын үгүтүнө каршы туруу, компьютерлерди кибертыңчылык жана киберкылмышкерлерден сактоо зарылдыгы белгиленген.

Доктринада дүйнөнүн түрдүү региондорун, анын ичинде Орусияны дестабилдештирүү максатында чет өлкөлүк чалгын кызматтарынын “маалыматтык-психологиялык таасир этүү” аракети да коркунуч катары аталган.

Орус өкмөтүнүн Орусия аймагында интернетти башкаруу аракети интернетти мазмуну жана колдоочуларды көзөмөлгө алууга алып келет деген чочулоолорду жаратары белгиленүүдө. Жаңы доктрина кабыл алынардан мурдараак батыш өлкөлөрү Орусияны маалыматтык согуш жана кибер чабуул боюнча айыптаган. (AiT)

XS
SM
MD
LG