Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:15

Конституциялык палата Жогорку Кеңеште фракциядан тышкары депутаттык топтордун болушу Баш мыйзамга каршы келет деп тапты.

Учурда парламентте кеминде үч депутаттык топ бар жана бир катар эл өкүлдөрү өздөрүн эркин депутат санап, фракциядан чыгып кеткен. Алардын иш-аракеттери кандай болот?

“Чечим туура, бирок топ бойдон калабыз”

Конституциялык сот 24-сентябрда парламенттеги фракциялардан бөлүнүп чыгып, депутаттык топ түзүү Баш мыйзамга каршы деген чечим чыгарды. Бирок ага эки судья өзгөчө пикирин билдирген. Ошол эле кезде Конституциялык соттун чечиминде фракциянын ичинде депутаттык топ түзсө болору айтылат. Жогорку Кеңешке шайланып келип, бирок фракциясынын саясаты менен макул эмес эркин депутаттардан турган “Демократ” тобунун мүчөсү Равшан Жээнбеков сот чечимин кубаттайт. Жээнбеков Жогорку Кеңешке “Ата Мекен” фракциясы аркылуу шайланган.

- Азыркы Конституциялык палата айткан позицияны, атап айтканда, фракциялардын ичинде топторду түзүүгө уруксат берели деп, биз мурда эле айтканбыз. Анткени бир фракциянын канатында ар кандай көз караштагы эки-үч топтун болушу абдан жакшы деген элек. Конституциялык сот ошол биз айткан аргументти далил катары чыгарышты. Конституциялык палатанын “фракция ичинде топторго бөлүнсө болот, бирок фракциядан бөлүнүп топ түзүү мыйзамсыз” дегени, менимче демократиялуу чечим болду.

Бирок ага карабай Жээнбеков алардын депутаттык тобу мындан кийин да өз алдынча иштей берерин бышыктады.

- Эми биз кандай кылабыз, айта албайм. Бирок факт түрүндө биз топ катары кала беребиз. Азыркы учурда жалпысынан төрт-беш депутат пикирлеш болуп калдык. Алар социал-демократтардан Исаков жана Тербишалиев, башка фракциялардан Бөдөш Мамырова, Өмүрбек Абдрахманов жана мен. Биз кандайдыр бир деңгээлде топ катары кала беребиз.

Ыдыраган “Республика” жана “Ата-Журт”

Жогорку Кеңештеги фракциялар ичинен өзгөчө “Республика” жана “Ата-Журт” чоң бөлүнүүгө учураган. “Республика” фракциясына мүчө депутаттар “Өнүгүү” жана “Ынтымак” деп аталган топторго бириккен болсо, айрымдары өз партияларын түзүп кеткен. Ал эми “Ата-Журт” фракциясынын үч депутаты да өздөрүнчө депутаттык топ түзгөнүн жарыялашкан. Жогорку Кеңешке “Республика” фракциясы аркылуу шайланып келип, бирок учурда “Бир бол” аттуу партия түзүп алган Алтынбек Сулайманов фракциянын мүчөсү же мүчөсү эмес экенин айта алган жок.

- Конституциялык палата депутаттар фракциянын гана ичинде топ боло алат деп чыгарып койбодубу. Демек, ошондой болот да. Бирок биздин саясатыбыз “Республиканыкынан” айырмаланат. Келечекте да биз саясатыбызды жаңы партия менен башкача жүргүзөбүз.

Фракциядан чыкса мандатын бериш керек

Ал эми “Республика” фракциясынын депутаты, вице-спикер Чолпон Султанбекова фракция менен шайланып келип, бирок өзүнчө бөлүнүп кеткен депутаттардын моралдык жана этикалык жоопкерчилигин козгоду. Этикалык-моралдык жоопкерчилик демекчи, эгер депутат фракциянын саясаты менен макул эмес болсо, анда биротоло мандатын таштап кетиши керек деген да пикирлер бар. Бирок Баш мыйзам фракцияга кирбеген эркин депутаттардын парламентте болушуна уруксат берет. Ал эми “Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү, депутаттык топ түзүп кеткен Нарынбек Молдобаев алардын ишмердиги буга чейин эле Конституцияга каршы келбегенин айтты:

- Мен, Хаджимурат Коркмазов, Роман Шин фракциянын ичиндеги топпуз. Биз башка фракциялардын депутаттары менен топ түзгөн эмеспиз.

“Ата-Журт” фракциясынын төрагасы Жылдызкан Жолдошева Конституциялык соттун чечиминен кийин фракциядан бөлүнүп кеткен депутаттарды кайра кошулууга чакырды.

- Биздин фракциядан бөлүнүп кеткен жети депутат бар. Биз аларга азыр кайра фракцияга чакырып, кат жөнөттүк. Мен фракция лидери катары “келгиле, Конституциялык палатанын чечимине ылайык, фракциянын ичинде активдүү иштегиле” деп айтып жатам.

Көч бара-бара түзөлөбү?

Деген менен Жогорку Кеңеш буга чейин парламентте депутаттык топтордун болушун мыйзамдаштырган болчу. Ал гана эмес “Республика” фракциясынын мурдагы депутаты, азыркы Чүй облусунун губернатору Канатбек Исаевдин “Ынтымак” депутаттык тобу өз фракциясы оппозицияда экендигине карабастан, коалициялык көпчүлүктү түзүүгө аралашкан жана алар менен келишимге кол койгон. Буга учурунда парламенттик коалицияны түзгөн “Ар-намыс”, “Ата Мекен” жана Социал-демократтар фракциялары кызыкдар болгону айтылган эле. Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков аны тарыхтын бир бүктөмү катары сыпаттады:

- Конституциялык палата өзүнүн чечимин чыгарды. Биз бул чечимге баш ийебиз. Топтордун буга чейинки ишмердиги өткөн этап десек болот. Турмушта талаш-тартыш учурлар дайыма болуп келген. Андан кийинки кадамдарыбызды, жашообузду Конституциянын чечимине түздөйбүз.

Эксперттердин пикиринде, Конституциялык палатанын чечими учурдагы депутаттык топторго анчейин таасир эте албайт. Ал келерки шайланып келе турган парламент депутаттарынын кулагына күмүш сырга болмокчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG