Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:07

“Центерра Голддун” акциялары кошумча эмиссияга чыгарылат


"Кумтөр" алтыны.
"Кумтөр" алтыны.

"Кумтөр" кенин иштеткен “Центерра Голд” компаниясы америкалык Thompson Creek Metals компаниясынын 92 пайыз акциясын сатып алыш үчүн кошумча эмиссия чыгарат. Бул тууралуу компаниянын расмий сайтында маалымдалды. Маалыматка ылайык, кошумча эмиссия 26 млн 599,5 миң данаа акцияга чыгарылмакчы. Бул акциялар 195,1 миллион долларга бааланып, анын 185,7 миллион доллары Thompson Creek Metals компаниясын сатып алууга жумшалмакчы.

Бул компаниянын акцияларын сатып алуу ушул күздө жыйынтыкталмакчы.

“Центерра Голддун” кошумча эмиссия чыгарышынан анын эң ири акционери болгон “Кыргызалтын” акциялары 32 пайыздан 29 пайызга чейин төмөндөрү болжолдонууда.

Бул маселе боюнча “Азаттык” байланышкан “Кыргызалтындын” өкүлдөрү кыргыз тарап кошумча эмиссия чыгарууга каршы экенин билдирип, учурда бул операция ишке ашса Кыргызстандын акцияларына кандай таасир тийгизери эсептелип жатканын маалымдашты.(BkA)

XS
SM
MD
LG