Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:08

“Батукаев ишин” караган Жогорку Кеңеш бир катар министрлерди кызматтан алуу боюнча токтом кабыл алды.

“Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулушу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусун парламент эки күн карады.

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Болот Шер жетектеген депутаттык комиссиянын корутундусунда жана алар даярдаган токтом долбоорунда “Батукаевди бошотуу ишин бийлик жетекчилери алдын-ала сүйлөшүп алып жасашкан” деп баса белгиленген. Бирок ал пункт тастыкталбаганына байланыштуу добуш берүү учурунда токтомдон алынып калды. Мындан тышкары, комиссия өз корутундусунда баш прокурор Аида Салянованын да жоопкерчилигин президент карап көрсүн деген сунуш менен чыккан. Кызуу талаш-тартыштан соң бул сунуш да токтомго кирбей калды.

Басмайылы бошогон аткаминерлер

Анткен менен Жогорку Кеңеште кабыл алынган токтомдо премьер-министр 10 күндүн ичинде коопсуздук жана күч түзүмдөрү боюнча вице-премьер-министр Шамил Атахановду, ички иштер министри Абдылда Суранчиевди жана саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеваны кызматтан бошотуу сунушун президентке жөнөтүшү керек деп айтылат.

Кыргызстандын аброюн, кыргыз элинин намысын тебелетти. Ким ошол башында турган адам? Биз мына ошол кишини айтып чыгышыбыз керек болчу. Бирок анте албадык.

Ошондой эле жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиевди, Ички иштер министринин орун басары Фуркат Үсөновду, Гематология институтунун илимий борборунун жетекчи орун басары Макимбетовду, Жаза аткаруу кызматынын башчысынын кеңешчиси Калыбек Качкыналиевди, ушул эле кызматтын өкүлү Асановду, Нарындагы Батукаев бошоп кеткен тергөө абагынын жетекчиси Касымалиевди жана анын кызматкери Абылгазиевди кызматтан алуу сунушталган.

Башкы прокуратурага болсо баш прокурордун орун басары Людмила Усманованы кызматтан бошотуу боюнча президентке сунуш киргизүү, ошондой эле атайын прокурорлор Акматалиев менен Жуматаевдин кызмат жоопкерчиликтерин карап көрүү милдети жүктөлдү.
Ошондой эле башкы прокуратурага жогоруда аты аталган кызмат адамдарынын ишине укуктук баа берүү жана жасалган иштер боюнча эки ай аралыгында маалымат берүү тапшырылды.

Жыйында “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жылдыз Жолдошева Жогорку Кеңеш эки күн аталган маселени талкуулап, бирок эң башкы суроого жооп алынбаганын айтып чыкты. Ал бул иштердин артында ким турат деген суроо жетим калды дейт:

- Кыргызстандын аброюн, кыргыз элинин намысын тебелетти. Ким ошол башында турган адам? Ким ошол буйрутма берген киши? Ким бул кызыкчылыкты көздөгөн? Биз мына ошол кишини айтып чыгышыбыз керек болчу. Бирок анте албадык.

Эл өкүлдөрү Батукаевди бошотууда кимдер канча акча алган деген суроого да жооп издеп, аны ала алышкан жок. Депутаттык комиссия ал сөздөр далилденбей калганын кошумчалады.

Кылмыш топтору бизди жеңди, бизди тебелеп-тепседи. Анан ушундай коалициянын кереги барбы?

Деген менен добуш берүүгө чейин талкуу учурунда айрым бир кайчы пикирлерди эске албаганда, көпчүлүк депутаттар убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусун колдоп чыгышты. Башкача айтканда, кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда боштондукка чыгып кетиши кокусунан болгон окуя эмес, ага тиешелүү кызмат адамдары кол кабыш кылган деген пикирде болушту.

Кызматтык алешемдиктерге жол берген өкмөт мүчөлөрүнүн аракети үчүн жоопкерчиликти оболу парламенттеги башкаруучу коалиция өзүнө алыш керек дегендер да болду.

Социал-демократтар фракциясынын депутаты Исмаил Исаков “Ата Мекен” партиясына кайрылып, башкаруучу коалициядан чыгып кетели деп сунуштады.

- Өмүрбек Чиркешович, мен сизге экинчи жолу кайрылам. Сиздердин жана биздин биринчи урааныбыз кылмыш топтору менен күрөшүү болчу. Аны аткара алган жокпуз. Кылмыш топтору бизди жеңди, бизди тебелеп-тепседи. Анан ушундай коалициянын кереги барбы? Биз түзгөнбүз да булардын баарын добуш берип. Жаңы өкмөттү, жаңы прокурорду, жаңы сотту шайлагандан кийин тапшырма берсек, акырына чыгат.

Исаковго жооп кайтарган “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев эгерде Жогорку Кеңеш комиссиянын корутундусунда сунушталган чечимдер боюнча тыянак чыгара албаса, анда чыны менен тарап кетиши керек деп билдирди.

- Эгер бүгүн коалиция түз жана так баа бере албаса, ошол күнөөлүүлөрдүн иш козгогонуна иш козгоп, кызматтан кетиргенин кызматтан кетире албаса, анда биз тарап кетишибиз керек. Бирок мен ойлойм, азырынча андайга эрте. Анткени биз саясий баа бере алабыз деп ишенем.

Ошол эле кезде “Ата Мекендин” лидери Батукаев иши боюнча үн катпаганы үчүн өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевди да сындап, ал баарына жоопкер болчу деди.

Мыйзам бузулган эмеспи?


Мендеги материалдардан эч кандай кылмыштын курамын көргөн жокмун деп мурда да айткам. Азыркы депутаттык комиссиянын материалдары боюнча да эч нерсени көрө албадым
Бирок айтылган дооматтарга, депутаттык комиссияда келтирилген далилдерге өкмөт мүчөлөрү жана кине коюлуп жаткандар макул эмес. Алар Батукаевди бошотуу ишинде бир дагы мыйзам бузулган эмес деген ойду карманышууда.

Мыйзамдуулукка көзөмөл жүргүзгөн баш прокурор Аида Салянова да мыйзам бузуу боюнча кандайдыр бир далилдерди көрбөй турганын айтты:

- Мендеги болгон материалдар боюнча эч кандай кылмыштын курамын көргөн жокмун деп мурда да айткам. Азыркы депутаттык комиссиянын материалдары боюнча да эч нерсени көрө албадым. Башка бир материалдар болсо бергиле, эгер ошондой материалдар бар болсо, анда кеп башка.

Криминалдык чөйрөнүн лөгү делген Азиз Батукаев быйыл 9-апрелде абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткен. Бошотуу тууралуу сот чечимине Гематология борборунун ал ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу бүтүмү негиз болгон. Бирок ушул эле борбордун Нарынга барып, Батукаевден анализ алып келген дарыгери анын аталган ооруга чалдыкпаганын билдирүүдө.

9-апрелде Нарындан түз эле “Манас” аба майданына келген Батукаевди Challenger-300 үлгүсүндөгү учак Чеченстандын борбору Грозныйды көздөй алып кеткен. Бул үчүн аталган учак үч саат мурун келип, аба майданга тиешелүү акыны төлөп уруксат алган.

Азиз Батукаевдин улуту чечен, ал 1966-жылы Чүйдүн Токмок шаарында төрөлгөн. Укук коргоо органдарынын маалыматында, 1990-жылдары Кыргызстандагы бирден-бир кылмыштуу топту жетектеп, талап-тоноочулук, буйрутма өлтүрүүлөр, маңзат соодасы менен алектенип, Чүй өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүн көзөмөлдөп турган.

Батукаев акыркы ирет 2005-жылы октябрда Жогорку Кеңеш депутаты Тынычбек Акматбаев баштаган бир канча мамлекеттик кызматкер түрмөнү текшерип барганда өлтүрүп, 16 жыл 8 айга соттолгон. Ал абактан чыгып кеткенге чейин Нарындагы абакта отурган болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG